Добавить статью
12:09, 17 февраля 2012 19102

Чек арада үзүлгөн өмүр…

Жакында Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын Түштүк башкармалыгынын офицери, Баткен облусундагы «Самаркандек» чек ара заставасынын начальнигинин күжүрмөн даярдык боюнча орун басары, лейтенант Канат Дүйшөналиевди Нарын шаарында жашап жаткан ата-энеси, бир туугандары, коомчулуктун өкүлдөрү, чек ара аскер бөлүктөрүнүн командирлери, жоокерлери акыркы сапарга узатышты. 23 жаштагы он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек жапжаш жигит тынчтык мезгилде Ата-Мекенине берген офицердик антын бекем кармайм деп жер кучактап жатып калды.

Ооба, деги эле адам баласы үчүн жакындарынан, тагыраак айтканда, кайсыл гана ата-эне болбосун балдарынан айрылуудан ашкан оор трагедия болбосо керек. Трагедия демекчи, жыйырма үч жашка жаңыдан чыгып, үй-бүлө курганга үлгүрө элек уулу болгондо да тынчтык мезгилде башка жерден келген душман эмес, өзүбүздүн Кыргызстандын жараны колдуу болуп жатканы Канаттын эле ата-энеси жана бир туугандары эмес, менимче баарыбыздын трагедиябыз десем ашыкча болбойт деп ойлойм.

Канаттын атасынын бир тууган агасы, облустук газетанын редактору Таалай Дүйшөналиев Канатты акыркы сапарага узатууга келген КРнын чек ара аскер отрядынын кол башчысынын орун басары Наркул Байдулетовго уулунун тынчтык мезгилде окко учканын чек ара аскерлеринде буга чейин иш талаптагыдай уюштурулбагандыгынан болуп, башкы себеп болгонун жашырган жок.

Эмне үчүн?, - деди аза уукан Т.Дүйшөналиев, чек арачылар чек ара тартиптерин бузуп жаткандарга ок чыгарбастан тескерисинче чек ара тартибин бузуп жаткан, колунда байлыгы бар кайдагы бирөө эле өзүнө көз каранды адамдарды топтоп алып ,чек арачыларды шылдыңдап, заставанын командиринин колунан куралын жулуп алып, аларга ок аткан? Эмне үчүн жанагынча адамдар чогулуп, чек арачыларды тегеректеп алганда болгону беш-алты жоокер калган? Эмнеге заставадан кошумча күчтөр барган эмес? Эмне үчүн электрондук сайттарда жана теле каналдарда биздин уулубуздун колунан куралын жулуп алып атып салган деп туура эмес маалыматтар кетип жатат? Биздин балабыз куралын жулдурбай жаткыла десе жатпай офицердик наамын, мекенине берген антын сактап калгандыгы үчүн окко учушу керек? Деги эле Армияда чек арабызда тартип качан онолот? Тынчтык мезгилде балдарыбыз аскерден аман соо кайтып келишеби? Мына ушундай суроолордун айрымдарына КРнын чек ара аскер отрядынын кол башчысынын орун басары так жооп бере алган жок.

Мындан сырткары Канат Дүйшөналиевдин ата-энеси, бир туугандары бул окуя боюнча тергөө амалдары калыстык менен так жүргүзүлүп, уулун аткан канкор мыйзам чегинде тиешелүү жазасын алуусун да талап кылышты.

Канат Өмүрбекович Дүйшөналиев, Нарын шаарындагы орто мектепти аяктагандан кийин, Бишкектеги жогорку аскердик окуу жайына тапшырып, аны 2010-жылы ийгиликтүү аяктап, лейтенант наамына ээ болгон. Окуу жайда окуп жүргөндөгү жетишкендиктери жана ийгиликтери үчүн алдыңкы бүтүрүүчүлөрдүн катарында болуп, 2010-жылы белгиленген Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу жеңиштин 65 жылдыгына арналган Москва шаарында өткөрүлгөн аскердик парадга катышып, РФнын Коргоо министрлигинин атайын медалына татыган.

Канат аскердик жогорку окуу жайын аяктагандан кийин 2011-жылдын сентябрь айына чейин Караколдогу чек ара отрядында кызматын өтөгөн. Ал өткөн жылдын сентябрь айынан баштап өмүрүн акыркы күндөрүнө чейин жогоруда биз атап өткөн Баткен чек ара отрядында кызмат өтөп келген.

Канат Дүйшөналиевди акыркы сапарга узатууга ата-энелеринин, бир туугандарынын койгон талабынан кийин гана КРнын чек ара аскер отрядынын кол башчысы Закир Тиленов өзү атайын келип, чек арачы офицердин ата-энесине, туугандарына көңүл айтып, Канаттка ок аткан күнөөкөр өз жазасын алаарына убада кылып, Канатты мамлекеттик сыйлыкка көрсөтөөрүн билдирген.

Сыйлык эмне дешет, туугандары миң сыйлыкка караганда уулубуз колубузда , мандайбызда аман-эсен турганы биз үчүн баа жеткис сыйлык болмок.

«Көкөй кести» муңдуу күүсү Канат туулуп-өскөн үйдө аны акыркы сапарга узатканга чейин келгендердин муун-жүүнүн жашытып турду. Тайманбас чек арачы уулубузга арналган атайын митинг өткөрүлүп, анда Канаттын курман болушу келечекте чек ара аскер бөлүктөрүндөгү тартиптин чындалышына башат болуусун, анын өлүмү, Кыргызстандагы чек арачы жоокерлерибиздин арасында эң акыркысы болуусу айтылды. Ылайым эле ошондой болуп, чек ара аскерлерибизде, куралдуу күчтөрүбүздө балдарыбыз аман-эсен ата-энелерине кайтып келип турушсун.

Айрылган ботосунан,

Каймалдай эне боздоп,

Зыркырап бүт тамыры,

Атасы уулун жоктоп,

Ишенип, ишене албай,

Айлана аны коштоп.

Чырактай жап-жаш өмүр,

Капыстан калды токтоп,

Азадан,кайгы муңдан,

Кара жер турду онтоп….

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

24-02-2016
Ыйман ызааттын деградациясы
29627

07-08-2012
Нарын губернатору жарым жылдын отчетун берди
16664

18-07-2012
Айтылуу Соң-Көл камкордукка муктаж
21412

06-06-2012
Малдан жуккан оорулардан корк
20076

09-02-2012

Нарында билим берүүнүн сапаты жакшырат

20765

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×