Добавить статью
4:28, 20 февраля 2012 21905

К.Ташиевдин маегинин тегерегиндеги уу-дуу сөздөр жөнүндө

Биринчи качкын президентибиз А.Акаев 1996-жылы 17-августта «Свободные горы» гезитине берген маегинде «менин тегим казактын султандарынын биринен тараган» деп мактанып, аны менен жөн калбастан анысын Орусиянын борбордук газеталарына берген бир маегинде кайталаган. Укум-тукумдарды, уруу жиктерди сүрүштүрүп, санжыра десе боорлорунан жата калганга көнгөндөрүбүз Акаевдин түпкү тектеринен бери сүрүштүрүп чыгышып, ал султандын тукуму эмей эле жакын карындаштарынын бирине көз кыса коюп, элинен, жеринен куулган щүдүңгүт казактын урпагы кылып чыгарышкан. Ошондон тартып ал казак аткан конгон. Тун кызы казак жигитке турмушка чыгып, анысы рейдерлик жол менен башкалардын бизнестерин тартып ала баштаганда эркин гезиттер «казак Акаев, казактардын экспансиясы» жөнүндө эмнелерди гана жазышпады. Алардын баарын жыйнап чыгарса, «Манастын» Жусуп Мамайдын вариантындагыдай эле килейген том болмок. Бирок Акаев бир чети, эмне дебейли чындап эле демократияга ынтаасы бар жан болгондуктан, экинчи жагынан өзү оозунан жаңылгандыктан андай сөздөргө көңүл да бурчу эмес.

Экинчи качкын президент шайланар менен ошол эле санжыранаамечилер «бул Жалал-Абаддык эмес, Баткендик кыпчак» деп чыгышты. Анан биротоло дунган атка кондурушту. Анан корейге, же цыганга айланарында ал да качып кетти. А. Атамбаев президент болуп шайланаарда ал кишинин теги аябай чиеленишип кеткен экен, Огуз хандан берки атка минерлердин шыйбылчак, бейбелчектерине чейин жаңылбай чыгаргандар да төртүнчү ажонун чыныгы теги кай жакка барып такалаарын так аныктай албай коюшту. («Атамбаев кытай, тейит, уйгур... дагы ким?» «Асман пресс», 11.08.11 ж.). Бизде деле ушундай экен деп жүрсөк азыр Россиянын айрым басылмалары В. Путин жөнүндө «кытайча жүрөт, кытайча ойлонуп иштейт, буддисттерди жакшы көрөт, ал чын эле кытай эмес болбоду бекен?» («Русская душа, китайский ум и чекистское сердце., «Совершенно секретно», №2, февраль 2012) деп шекшинишүүдө. Анын үстүнө Кытайдын Лунцзюй (пров. Аньхой) деген жеринде В. Путинге куюп койгондой окшош Ло Юаньпин деген адам да бар экен. Моралдык жактан алганда жогорудагыларда адеп ахлактык нормаларга ылайык келбей турган жактары болгон менен мындай көрүнүштөр демократиялуу өлкөлөр үчүн адаттагы, көндүм нерселерден болуп саналат. Эл өзүн башкарып жаткандардын, публикалык адамдардын ким экендиктерин, кандай жакшы жана жаман сапаттары бардыгын, атүгүл тек жааттарына чейин билиши керек. Маселен, Ф.Рузвельттин теги голландиялык, Дж.Кеннедилердики, Р. Рейгандыкы, Б.Клинтондуку ирландиялык, Д.Эйзенхауэр менен Ж.Буштардын немис экендигин, У.Черчилль ичкичтиги жагынан да атагы чыкса, Ж. Кеннеди кудайдан жөө качкан катынпоз болгондугун, Л.Толстой менен А.Фет немистерден, Ф.Достоевский литвалыктардан, Ю.Лермонтов шведдерден, И.Бунин, Аксаковдор, Н.Бердяев, Н.Карамзин, Д.Менделеев ж.б. түрк элдеринен чыккандыгын биз эмне санжырачылардан угуптурбузбу? Аларды ж.б. толуп аткан тектер тууралуу икаяларды (мас. Н.Саркозини италиялык, Л.Брежневди поляк, Н.Хрущевди еврей дешкендери) изилдөөлөрдөн, күндөлүк басма сөздөрдөн окуп билип жатабыз. Орусиялык бир изилдөөчү В.И.Лениндин 44чү атасына чейин сүрүштүрүп, генеологиялык тамырларын түзүп (Штейн М.Г.Ульяновы и Ленины. Семейные тайны. М. 2004) немис кылып чыгарды. Ал эми А.С.Пушкиндин теги жөнүндө жазылгандарды айтпай эле коелу. Алардын баарын жыйнаса борбор калаадагы тарых музейинин имаратына да сыйбайт.

Бул өңүттөн алганда «Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин «Де Факто» газетасына берген маегинде өкмөт башчысы Ө.Бабановду аябай сындап, «...өкмөт башчылыкка таза кандуу, кыргыз улуту, кыргыз мамлекети үчүн чындап күйгөн адамды алып келиш керек. Биз татарлардын, еврейлердин, орустардын ж.б. улуттардын артынан жүрүп келдик. Бабанов келгени эми күрддөрдүн артынан жүрө баштадык» дегенин мурда таптакыр Кыргызстандын тарыхында болбогон прецедент катарында көрсөтүүгө аракеттенип, өкмөт үйүнүн эшигин сагалаган элпек балдардан жана кыздардан тартып дүжүр чалдарга чейин экиленип жатышкандыктары деги биздин менталитетибизге, обьективдүү жагдайга ылайык келеби? Андай эле калыс сүйлөп, ынтымакты, биримдикти гана ойлогон, ыраматылык Чыкебиз айткандай, сверхинтернационалисттерден болушса, анда Акаев - казак, Бакиев – дунган, Атамбаев – тейит уйгур деп жазылып, айтылып жатканда кайда жүрүштү эле? Жосунсуз экилене торсойгон токочтору көп, колунда чоң бийлиги бар «эрке балага» жагынуу үчүн жан далбас кылгандын да чеги болушу керек да. Биздин оюбузча, биздин буга чейин калыптанган саясий маданиятыбызга ылайык, «Ата Журт» партиясынын лидеринин жогорудагы сөздөрүндө чуу салып, док урунуп, долулангыдай деле эч нерсе жок. Буга чейин миң жолу айтылгандар, жазылгандар, кыргыз аман турса канчалык экиленип, саксынбайлык, дагы деле айтыла, жазыла бере тургандар. Же Бирштейндин бизди алдап, чөнтөктөрү толгон соң Кузнецов менен Танаевдин, Максимдин табакташтары Гуревич, Ширшов, Елисеев сыяктуу ж.б. качып кетишкендиктери жалганбы?

Башкаларына макул болбосок да биз Ташиевдин «...кыргыз улуту, кыргыз мамлекети үчүн чындап күйгөн адамды алып келиш керек» дегендерине толугу менен кошулабыз. Кыргызча эч нерсе билбей, айылдарга барганда губернаторлорду, акимдерди котормочу катарында пайдаланган Танаев премьер болгондон колтугубуз толуп кеттиби же чурмуйган Чудинов «чудо» жаратып бердиби? Же өз улутунун жок дегенде рухун көтөргөнгө жарабагандар башка элдерге кызмат кылып кыйратышабы? Биздин гипортрофияга учураган түшүнүк менен алганда У. Черчилль да, генерал де Голль да, Ли Куан Ю да, Махатма Ганди да, Ататүрк да ашынган улутчулдардан болушкан. Азыр улутчулдардан эмес, улутсуздардан корко турган заман.

К. Ташиевдин маеги боюнча МУККнын атайын лингвистикалык комиссия түзүп, улуттук мамлекеттик тил комиссиясынын функциясын талашкандыктары жөн эле уят, нонсенс. Буйруктардан тартып отчетторуна чейин орусча жазган мекемеден кыргыз лингвистикасы же лексикасы боюнча бир адис табылаар бекен? Бул тарыхта болбогон жапайы жорук. Жагынуучулуктун да чеги болуш керек. Качантан бери МУКК бирөөлөрдүн бедел абройлорун коргоо үчүн прокуратура менен соттон мурда жүгүрө баштаган? Ал мекеменин милдети эки саясатчынын кыжылдактарына арбитр болууда эмес, улуттук коопсуздукту камсыз кылууда экендигин билишпейби?

Минтип К.Ташиевдин маегиндеги биз үчүн көндүм болуп калган сөздөрдү рентгенге салып текшертишип, балдардан тартып чалдарга, жазмакерлерге чейин Бабанов үчүн күйүп, бышып, балбалакташып жатышкандыктарынын бир эле себеби бар. Ал – Бабановдун гонорарды жакшы төлөгөн жоомарт демөөрчү экендигинде эле. Болбосо ал үчүн балдар менен чалдар түгүл мышык деле куйругун кыймылдатып коймок эмес.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

24-05-2011
Энергетика министрлигиндегилер тарифтерди жогорулатканы жатышат...
8414

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×