Добавить статью
10:37, 22 февраля 2012 14095

Маселени туура коюу керек!

Эгерде кыргыз Кыргызстандын Ат-Башысынан, же Баткендин Лейлегинен, же Жалал-Абаддын Казарманынан, Чаткалынан, же Оштун Алайынан жана башка эч жакка көчүп кетпесе, Орусияга же Америкага барбаса, малын багып, жерин айдап өз айылында эле жашаса, ага англис тилин же орус тилин билүүнүн эмне кереги бар? Кайсы бир чиновник кыргыз тилин билбейт экен, ошону түшүнөйүн деп ал англис тилин же орус тилин үйрөнүшү керекпи?!. Зарыл болгон адам өзү кайдан болсо таап үйрөнөт.

Дүйнөлүк тилди билүү кимге керек? Ал Кыргызстанды башкарам деген чиновникке керек. Ошол дүйнөлүк тилди дагы, кыргыз тилин дагы билип, элди канатына калкалап, жыргал жашоого алып чыгышы керек!

Маселени туура коюу керек! «Элге тил үйрөтөлү, алар маселен, Орусияга барып кыйналып калып жатат» дебестен, «кыргыздар кыйынчылыктан, иштин жоктугунан тентип кетип жатат, миграцияны токтотолу, Кыргызстанда кыргыздардын жыргал жашоосун куралы» деш керек. «Жакшы ойду ойло, жакшы сөздү сүйлө, жакшы ишти жаса» демекчи, эң ириде туура ой жүгүртүү зарыл...

Мына 1 миллионго жакын кыргыз Орусияга кетти. Алар кайрылып келмек беле?!. Алардын балдарына ким кыргыз тилин үйрөтмөк эле? Аларга кыргыз тили зарылбы? Албетте, жок. «Кайсы жердин нанын жесең ошол жердин ырын ырда» дейт.

Биздин ишенген кожолорубуз азырынча папке талаш менен, улуттук наркыбызды унутуп отуруп, кантип тилибизден кол жууп калганыбызды өзүбүз байкабай да калышыбыз мүмкүн. Азыртан кыргыз тилинин жоголушун күтүп аткан маңкурттар кабатырланбай турса да болот. Анткени мезгил деген өз өкүмүн жүргүзө берет. Кыргыздар акылына келип алсын деп күтпөйт. Бирок баарын таразалап турган Кудай деген бар. Аны унутпоо керек.

Эмнеге орус тилин, же англис тилин билиш керек деген талкууну токтотуп, кыргыздарга кыргызча түшүндүрүп, кыргызча иш алып баруу мезгил талабы. Мезгилдин талабын сезүү зарыл.

Ал эми кыргыз баласы ата-бабасы кылымдап жашап келген абасы, суусу таза, табигаты кооз Ата журтунда жыргап-куунап жашашы керек.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

12-03-2015
Элибизде патриот уул-кыздарыбыз көп болсун!
33896

04-09-2013
Ничке-Сайдын окуучулары заманбап мектептен билим алууга акысызбы?
40540

21-12-2012
Кыргыз интеллигенциясынын азыркы абалы
29299

19-04-2012
Мамлекеттик тилдин душмандары кимдер?
23560

02-04-2012
Кыргыз тили мамлекеттик тил деңгээлине эмне үчүн жетпей жатат?
17912

07-03-2012
Жакшы ойду ойло, жакшы сөздү сүйлө, жакшы ишти жаса
19579

08-02-2012
Мамлекеттүүлүктү сактоо үчүн эң ириде эмне керек?
13186

26-12-2011
Кыргыз тилин өнүктүрүүгө салымын кошуучу “Тамга-КИТ” боюнча
18662

25-11-2011
Салттуу билим жөнүндө эмне билесиң?
16613

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×