Добавить статью
5:54, 24 февраля 2012 33583

Билим берүү тармагындагы коррупция боюнча кайрылуу

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Ө.Т. Бабановго

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри К.Ж.Садыковго

Урматтуу Өмүрбек Токтогулович!

Урматтуу Канат Жалилович!

Кыргыз Өкмөтүнүн жаңы курамы өлкөдөгү коррупцияны ооздуктоо багытында алдыга чоң максаттарды коюп иштеп жатат.

Азыр билим берүү тармагындагы коррупция боюнча көп айтылууда. Бирок ошол коррупцияны ким токтотот? Ким ошол боюнча чечкиндүү иш аракеттерди жасай алат?

Албетте колу таза, артында таза иштери менен элге, журтка үлгү болгон жетекчилер гана системаны оңдойт.

Эгер жогорку окуу жайларды тейлеген министрдин орун басары өзү коррупционер, билим берүү системасында ошол коррупциялык схеманы түзгөн, өзү белчесинен коррупцияга баткан адам болсо, элди тазалыкка чакыра алабы?

Бүгүн билим берүү жана илим министринин орун басары М.О. Орозбеков жана анын коррупциялык ишмердүүлүгү тууралуу учурунда ал ОшМУнун ректору болуп иштеп турганда 2010-жылдын 28-майында “Эркин Тоо” газетасында “ОшМУнун ректору Орозбеков жөнүндө одалар”, “Кыргыз Туусу” газетасынын 2007-жылда 7-10-сентябрындагы санында “Орозбековдун ОшМУдагы оюндары”, “Эл сөзү” газетасында 2010-жылдын 2-июлундагы санында “ОшМУну ойсураткан Орозбеков”, “Эл маселеси” газетасында 2010-жылдын 8-июнунда “Студенттер койгон талап эмне үчүн аткарылбай келет”, “Агым” газетасынын 2010-жылдын 26-февралдагы санында “Өпкө аман калса экен”, “Алиби” газетасынын 2010-жылдын 5-ноябрдагы санында “ОшМУ оңдоого муктаж”, “Кыргыз Руху” газетасында ушул эле жылдын 6-ноябрындагы санында “Болсоң - ректор бол” аттуу жана башка ондогон сын макалалар басылган.

Бул материалдарда М. Орозбековдун коррупциялык жеп-ичкендери, тойбогон ач көздүгү, жамаатка бүлгүн салган интригандыгы ачык жазылган. Бирок азырга чейин бул материалдарга бийлик тарабынан баа берилген жок. Тескерисинче, жегич, коррупционер ректор М. Орозбеков министрге орун басар болуп кеткендигине Оштун эли таң калып, эси ооп жүрөт. Бийликте М. Орозбеков сыяктуу коррупционерлер отурганда эч качан Кыргызстаныбыз өнүкпөйт.

2008-жыл, 28-мартта КРдин эсеп палатасында Ош шаары, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусттары боюнча аймактык бөлүмү ОшМУну текшерүүнүн жыйынтыгын Ош шаардык прокуратурасына жиберген (“Жаңы Заман” №9, 19.11.2007.).

Урматтуу Өмүрбек Токтогулович!

Урматтуу Канат Жалилович!

М.О. Орозбеков сыяктуу шылуундарга чекит коюлбаса, элдин бийликке ишеними жоголо берет. Эмне үчүн жогорку окуу жайларда коррупция жогору? Анткени анын башында элдин ырыскысын жеп-ичкен М. Орозбеков сыяктуу коррупционер отурат. Эгер силер аны кызматтан кетирбесеңер, эл эртең өзү кетирет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×