Добавить статью
10:28, 28 февраля 2012 94506

 Автотоктоочу жайдын же парковканын кызматкери кимдин чөнтөгүн толтурат?

Бишкек шаарынын айдоочулары жол кыймылын жөнгө салуучу айрым белгилердин көрүнө жерге орнотулбагандыктарына нааразы.

Менин кошунам жакында Аламедин базарынын жанына машинасын токтотуп, токтото электе эле парковка үчүн акы төлөө деп акы алышкан.. Анддан да таң калычтуусу МАИ кызматкери келип тыюу салынган жерге токтодуңуз деп 317 сомго айып төлөөнү талап кылган.

Бул жерде жалпы пайдалануудагы (базар жанында, соода борборлору, банк ж.б.) аймакка парковка үчүн акча алуунун мыйзамдуулугу жөнүндө маселе туулат. Парковкадан түшкөн пайда шаардын бюджетине эмес,конкреттүү бир адамдын чөнтөгүнө агылып жаткандай туюлат. Көпчүлүк айдоочулардын парковкада иштеген контролерлор менен кайым-айтышып урушушушуп, конролерлор суукта-ысыкта көчөдө тургандыгын наалуу менен айтышып, төлөп коюуларын өтүнүшөт, же берген квитанциялары да жок.

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигин, жалпы пайдалануудагы ижарага алынган жерлерди, коомдук транспорт аялдамаларын кошкондо рынок баасында жеке жана юридикалык жактар ала алышат. Бул норма Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 77-беренесинин 8-пунктуна,ошондой эле “КР жол кыймылы жөнүндө” мыйзамдын 12-беренесине карама-каршы келет, анда калктуу пункттарды жалпы пайдалануудагы жерлерди автомобиль транспорту үчүн акы төлөөнүүчү авто токтоочу жайлар жана парковка үчүн уюштурууну жана курулуштар жүргүзүүгө тыюу салынат.

Мыйзамдардын бири бирине карама-каршы келүүсү менен натыйжада бул чөйрөдөгү кызмат көрсөтүүдөн шаардык бюджетке түшүүчү каражаттардын ачык эместигин тастыктап турат.

Эл көп баруучу жерлер, чынында базарлардагы парковкага тыюу(токтоого болбой турган) салынуучу белгилер абдан эле талаш-тартыштуу, абдан эле проблемалуу болуп саналат.Бул жерден айта кетүүчү нерсе бардык базарлар шаар четинде болсо, айдоочулар кыймылында тыгындар пайда болбойт эле. Бул жааттан алганда, Россиянын тажрыйбасыалгылыктуу, Мамлекеттик дума мыйзамсыз парковкаларды уюштургандык үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө мыйзам долбоор кабыл алынуу алдында турат .Мисалы, учурдагы жылдын 1-июлунан баштап Москвада жана Санкт-Петербургда парковкалоо эрежесин бузгандык үчүн айып 3000 рублга чейин ( машинаны эвакуациялоо акылуу) болот. Ошондой эле мыйзамсыз парковкаларды уюштургандык үчүн 120 000 рублга чейин айыпка тартылат. Эгер мыйзамсыз парковканы уюштурган адам, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланса 500 000 рублга чейин айыпка тартылат.

Ал эми бизде болсо, көмүскө бизнес үчүн шарттар түзүлүп, мыйзамсыз автотоктоочу жайлар жана парковканы уюштурган кызмат адамдары, ижарага алган жеке жактар тараптан мыйзамды бузууларга жол берилет эч кандай жоопкерчиликке тартылбайт. Андыктан Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык базарлардагы парковка жана токтоочу жай Дирекциясына парковка жана токтоочу жайларды уюштурууда баш аламандыктарды жөнгө салуу үчүн контролдук күчөтүлсө, шаар бюджетин толуктаган булак катары кызмат кылып канчалаган каражаттар бюджетке түшмөк эле...

Роза БЕКТУРОВА,

журналист

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

17-09-2014
Инвесторлор менен жергиликтүү калк ортосундагы чыр-чатактардын күңгөйү менен тескейи (уландысы)
42423

16-09-2014
Инвесторлор менен жергиликтүү калк ортосундагы чыр-чатактардын күңгөйү менен тескейи
43451

28-04-2014
Кино өнөрүнүн классигинин тасмалары жөнүндө ракурс
44521

20-11-2013

Ооба, булар Кудайдын эрке балдары

Ооба, булар, ооба, булар, эркелер...

42680

13-06-2012
Баңгилик-өмүрдү алат
30282

08-06-2012
Баңгилик абдан коркунучтуу илдет
28090

21-05-2012
Дүйнөдө баарынан сулуу - ЭНЕ
44031

15-02-2012
Укугуңду билесиңби?
33135

01-02-2012
Кыз ала качуу — адам укугун бузуу
54092

29-06-2011
Чакан насыялоо - жакырчылыктан чыгарууга өбөлгө
54480

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×