Добавить статью
6:11, 7 марта 2012 19578

Жакшы ойду ойло, жакшы сөздү сүйлө, жакшы ишти жаса

Бул сөздөрдү Кыргыз Республикасынын символикаларына карата айткым келип турат. Анткени символикалар жөнүндө “бул жаман сөз, бул жаман түс” деп эле келе жатабыз. Бирөөгө кара түс, экинчи бир адамга күлгүн түс жагат дегендей.

Бала кезден бизге “а” тыбышын үйрөткөндө “а” каллиграфиясын көрсөтүп, ушул “а” тамгасы деп үйрөтүп, ошондон улам баарыбыз аны “а” каллиграфиясын “а” деп окуп калганбыз да. Эгерде “ш” каллиграфиясын “а” деп үйрөтүп койсо, анда “ш” ны “а” деп окуй бермекпиз. Муну айтып жаткан себебим, кээде баарын майда-чүйдөсүнө чейин чечмелеп айтмайынча, түшүнбөстүктөр пайда болууда.

Мына ошондон улам башка проблема түгөнүп калгансып, кайра-кайра эле элдин башын айландырып, Гимди, Тууну, Гербди алмаштырабыз дегендер чыгат да, Ар бир Президент алмашканда эле ошол проблеманы көтөрүлүп калат.

Эгерде Президенттер өлкөсүн таштай качса, аны символикалардан көрбөш керек. Мына “кызыл туу канды билдирет, ошондуктан улам-улам революция болуп жатат” дегендер да болду эле. Роза Отунбаева президенттикти революциясыз эле өткөрүп берди го, ал адамдын өзүнөн.

Бүтүндү бузган, элди алаксытып, алдыга жылууга кедерги болуп, Кыргызстанды өнүктүрбөй жаткандар иштеп жаткандай түр көрсөтүп, башка проблемаларды көрбөй улам-улам ушул символикаларга асылып жатышат деп айтаар элем. Кыргыз Республикасынын Туусу жөнүндө Президент А. Атамбаев “алтындан түндүгү бар кызыл желегибиз бар” деп айтпадыбы. Бир нерсенин жаман жагын айтып элдин көңүлүн иренжите бербей ушинтип, жакшы жагын да көрө билсек. Кыргыз эли түш көрсө да жакшылыкка жоруган. Ооруп жатса да кыргыз “кандай?” деп сурагандарга “жакшы” деп жооп берет. Ал жөн жерден эмес. Бул элдин улуулугу, даанышмандыгы, келечекти көрө билген көсөмдүгү...

Гимн жөнүндө болсо, анын айрым сөздөрү маселен, “бейкут” деген жаман сөз айтып жүрүшөт. “Бейкут” деген сөздөгү “бей” деген префикс дайыма эле “эмес” дегенди билдире бербейт. Маселен, “бейпил” деген сөз “пил эмес” дегенди түшүндүрбөйт да. Ошол сыяктуу “бейкут” деген сөз да жакшы мааниге өтүп кеткендиктен, Ч. Айтматов, Т.Сыдыкбеков, Ж. Садыков баш болгон биздин акын-жазуучуларыбыз өз чыгармаларында пайдаланган.

Ошентсе да “бейкут” деген сөзгө асыла бергендер көп болгондуктан, өз убагында Илимдер академиясындагы кол жазмалардан изилдегенбиз. Анда Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияда иштечүмүн. “Бейкут” деген сөз араб, фарс тилдеринен эле эмес, башка тилдерден дагы киргенин жана жакшы маанини дагы туюндурарын аныктаганбыз.

Ошондо Гимндин автору Ж. Садыков (анда көзү тирүү эле) менен телефон аркылуу сүйлөшүп, “агай, кийин дагы талаш-тартыш туудурбагыдай кылып, ошол саптарды алмаштырып койбосузбу” деп да сунуштаганбыз. Автор биздин сунушубузду туура көрүп, авторлошу Ш. Кулуев менен макулдашып, “Бейкуттукту берет кыргыз жерине” деген сапты, “Тынчтык нурун чачат кыргыз жерине” деген саптар менен алмаштырып берген. Анан Тил комиссиясынын жыйынында биз аны талкууга алып чыктык. Жыйынга ошол мезгилдеги мамлекеттик катчы дагы катышкан.

Мурда ошол эле сөздөргө доо коюп жаткандар, баягы саптарды дагы кабыл албай, “жок, Гимндин текстин бүтүндөй кайрадан жазып чыгуу керек” дешти.

Мындай кылса да, тигиндей кылса да жакпаганынан Тил комиссиясы бул темага кийин кайрылбай калды.

Көрсө, маселе текстте деле эмес экен. Маселе, кайсы бир адамдардын Гимдин текстине автор болгусу келгендигинде экен...

Ошондуктан, бардык нерсенин жакшы жагын көрүүгө, кыргыздыкы эле болсо жаман, же туура эмес дей бербей, жакшы деп айтып, жакшы деп кабыл алууга үйрөнсөк.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

12-03-2015
Элибизде патриот уул-кыздарыбыз көп болсун!
33892

04-09-2013
Ничке-Сайдын окуучулары заманбап мектептен билим алууга акысызбы?
40534

21-12-2012
Кыргыз интеллигенциясынын азыркы абалы
29297

19-04-2012
Мамлекеттик тилдин душмандары кимдер?
23558

02-04-2012
Кыргыз тили мамлекеттик тил деңгээлине эмне үчүн жетпей жатат?
17907

22-02-2012
Маселени туура коюу керек!
14093

08-02-2012
Мамлекеттүүлүктү сактоо үчүн эң ириде эмне керек?
13185

26-12-2011
Кыргыз тилин өнүктүрүүгө салымын кошуучу “Тамга-КИТ” боюнча
18659

25-11-2011
Салттуу билим жөнүндө эмне билесиң?
16611

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×