Добавить статью
8:24, 8 мая 2012 36763

А.Атамбаевге кайрылуу

Кайрылуу

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

2010-жылы ноябрь айында, мамлекетибизде кыйын кырдаал болуп турганда Ош шаарынын батыш кичи районунун Ишкаван айылынын суулуу тегиз жерин шаарда батирде жана жатаканада жашаган араң күн көргөн кыргыздар айласыздан жер басып алууга мажбур болгонбуз.

Сиз ошол убакта өкмөт башчысы катары өзүңүз келип элдин талабын угуп, «сиздерге жер таап беребиз» деп Кең-Сай конушунан жер бөлүп бергенсиз жанаошондой эле өкмөт бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет дегендиктен биз Сиздин чечимиңизди күтүп мыйзам жолунда жер алганбыз. Өкмөттүн жардамы менен суу чыгарылып, жол курулуп, бүтүп калганда саясий оюнбу? же Жапалак айылынын көралбастыгыбы айтор мыйзамдуу алган жерлерибизди талашып керек болсо жол салган жана суу каналып жасап жаткан техникалардын жасап жаткан жумушун токтотуп жатышат. Бул боюнча биз Ош шаарынын мэрине жана Ош областынын губернаторуна кайрылып чечип беришин бир нече жолу өтүнсөк? Ал маселени ч,чүүгө белсенбей күн өткөрүү менен алектенип жатышат. Сиздин 2011-жылы 2-мартында №82 чыгарылган токтомуңуздун аткарылышын биздин жергиликтүү аткаминерлер толуік аткарбай жатат. Эгерде Сиз кыргызстандын башчысы катары өз убагында чечип бербесениз элдин толкундоочу күчөп кетиши мүмкүн. Ошондуктан ушул маселени 11-майга чейин чечип берүүңүздү талап кылабыз. Эгер чечилбесе биз жогоруда жазылып көрсөтүлгөн суулуу тегиз жерлерди басып алууга мажбурбуз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×