Добавить статью
3:40, 21 мая 2012 44032

Дүйнөдө баарынан сулуу - ЭНЕ

Бул дүйнөнүн баары байлык, бирок баарынан баалуусу – Аял

Улуу Мухаммед Пайгамбар

Дүйнөдө баарынан ким сулуу десе мен айтаар элем энелик мээримин төгүп, баласын эмизип отурган Энелер эң сулуу деп. Президентибиз «Энелер күнү тууралуу» Жарлыкка кол койду. Эми мамлекетибизде бул күн май айынын үчүнчү дем алыш күнү белгиленип турмакчы. Бул күн энелердин коомдогу ордун, статусун бир кыйла жогорулатып, энелерге көңүл буруп, урмат-ызаат көрсөтүүгө арналган күн болуп калмакчы.

«Коомдо аялдарга болгон сый-урматысыз биздин мамлекет үчүн алдыга жылуу оор болот. Акыркы болгон окуяларга, саясий кырдаалдарга байланыштуу айымдарга көңүл бурулбай калды»,- деп белгиледи КР президенти. Энелерибиз азыркы учурда турмуштун оор түйшүгүн энелер тартууда. Россия ,коңшу Казакстан өлкөлөрүнө барып иштөгө мажбур, айрым энелерибиз болсо пикетчи аялдарга айланышты. Мамлекетте туруктуулуктун жана өнүгүүнүн негизги шарттарынын бири үй-бүлө институту болуп саналат. Акыркы жылдардагы өлкөдөгү жалпы миграция агымы ата-эне менен балдардын ортосундагы мамилелердин талаптагыдай болбой жаткандыгы менен үй-бүлө ролу абдан эле төмөндөөдө.

Улууну урматтоо, аялзатын баарынан мурда ЭНЕЛЕРДИ сыйлоо, салттарыбыз менен тыгыз байланышкан үй-бүлө муундарынын тарыхый жолун улап, маданиятты жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды сактап келген жана сактап уланттаарында шек жок. Кыргызстандын үй-бүлөлөрүндө тынчтыктын жана ынтымактын шарапаты менен мамлекет өнүгүп, адамдардын жашоо жыргалчылыгы жогорулай берет деген ишеним артабыз.

Аял—Эне, тогуз ай омурткасы сыздап баланы төрөгөн, тарбиялаган жана чексиз мээримин төккөн Энеге, үй-бүлөнүн түбөлүк кутуна, Ыйык энеге таазим кылуу менен улуу кыргыз элинин тарых барактарынын маалыматтарына кайрылсак жаштарыбыз билип алса ашыкча болос.

УМАЙ-ЭНЕ Байыркы кыргыздар табияттын төрт стихиясына: Асманга, Жерге, Отко, Сууга сыйынышкан. Асман эркектин башталышы деп эсептелип, зор Буканын, а Жер болсо— аялдын образын билдирет.

Умай - мифтик зат. Ал көптөгөн элдердин фольклорунда, уламыштарында, санжырасында кеңири чагылдырылган. Ошентип Азияда бир нече миңдеген жылдар бою рухтун Кудайы — Умай айтылып келет. Энелердин энеси улуу Умай-Эне мааниси жагынан Көк Теңирден кийинки экинчи Кудай болуп саналган. Ал кош бойлуу аялзатынын, тукум улоочулуктун, коломтонун, түшүмдүн колдоочусу болуу менен Тенгринин зайыбы деп эсептелген. Кээде Умайды адамзаттын Тоораттагы баштапкы энеси Ева менен бир катар карап жүрүшөт.Умай — байыркы ирандык Анахитенин, вавилондук Иштардын, грек Кибеланын, сириялык Дерекитенин сиңдиси.

Байыркы сүрөтчүУлуу Кудай Умайдын сөлөкөтүн атактуу кудыргый ташына түшүрүптүр, бирок таш жоголуп, графикалык сөлөкөткө сакталып кала берген экен. Саян-Алтай тоолорунун байыркы көчмөндөрү Умайга, жоокерлердин колдоочусу катары Оттун Кудайына - От-Энеге сыйынышкан.Умай деген ат 6-7-кылымдардагы рун жазууларда эскерилет. Байыркы түрк тилинде «умай» — баланын тону, эненин жатыны. Тибетче «ума»—эне. Моңголчо «курсак» деген маанини билдирет. Волга боюндагы татарларда да «ума»—«курсак» деген маанини берет. Мына ушул түшүнүктүн баары аялзатынын тукум улоочу касиети менен байланышкан. Кыргыз тилинде «умай» жомоктогу асманда уялаган сыйкырлуу кушту билгизет. Ал перстердин дүйнөлүк даракта байырлаган кушту билгизген хума деген сөзүнөн ооп кирген. Умай Кудай түшүнүгү качандыр бир кезде байыркы жалпы адамзаттык жүйөө менен - бардык жандууну жаратуучу тукум улоочулуктун, түшүмдүүлүктүн символу болгон асманда обологон куш менен байланышкан болуу керек.

Кыргыздарда Умай-Эне - Кудай Эне. Кыргыздар аны байыртадан бери ыйык тутат. Кыргыздар Умай Энеге тээ б.д. 6-кылымында эле балбал таштан эстелик койгон: балпайып мээрими ашкан, жылдыздуу, пейли кенен, элечекчен байбиче. Кыргыз эли эрки күчтүү, мүнөзү катуу, иш билги жана акылман аялзатын Умай Энеге теңешкен. Улуу Нооруз майрамында Умай Энени оозанып, ыр менен бата тилешкен. Касиеттүү деп эсептешкен мазарларды Умай Эненин мазары дешип, катуу ооруганда, Кудайдан бала тилегенде, Умайдын аты менен сыйынышкан.

Балдарын алыскы сапарга узаткан ата-эне: «Умай Энеге тапшырдым»

деп, бүбү-бакшылар, эмчи - домчулар наристелер сыркоологондо: «Эмчилер өткөн, эми бизге калган, домчулар өткөн, дому бизге калган. Менин колум эмес, Умай энемдин колу, менин дарым эмес, Умай Эненин дарысы» деп дарымдашып-эмдешкен. Ата-энелер эрте жазда келген жаз жарчысы карлыгачтарды балдарына таш менен ургузбай, кайра уя салгыла дешкен, байыркы тшүнүк боюнча карлыгачтар Умай Эненин жакшылыкка жиберген кабарчысы деп эсептелет.

Наристелердин жана үй бүлөнүн очогунун колдоочусу катары Умай Энени ыйык тутуу Саян-алтайлык шаманчылыкты карманган элдердин жана Борбор Азиядагы мусулман элдердин аң-сезимине терең кирген.

Байыркы ырым-жырым боюнча бала бойго бүткөн күндөн тартып курсактагы наристе менен анын энеси Умай Эненин көзөмөлүндө болот имиш. Мисалы, улгайган, тажрыйбалуу аялдар, эмчи-домчулар курсактагы баланын абалын тууралап жатып: «Бул менин колум эмес, Умай Эненин колу, сени Умай Энең колдосун» дешет.

Жаңы төрөгөн баланы колго алганда, бешикке салганда да дал ушул сөздөр айтылат. Умай Эненин касиетин жана колдоочулугун кыргыздар наристе жарык дүйнөгө келген учур менен да байланыштырат. Баланын төрөлөр маалы келгенде Умай Эне аны куйрукка таптап, энесинин курсагынан кубалап чыгарат экен. Наристенин куйругундагы, аркасындагы көгүш тактардын болгондугун алар Умай Эненин колунун тагы деп түшүнүшөт. Ушундай аңыз айтылат элде. Бул аңыз улуу «Манас» эпосунда таасын чагылдырылган: Манас төрөлөрдө энеси Чыйырды тогуз күнү толготуп, төрөй албай кыйналат, ошондо Умай Эне келип, баланы энесинин курсагынан жарыкка чыгууга шарттайт.

Умай Эне — периште,

Кирип келди эшиктен,

«Айтканымды ук деди,

Кана, сыртка чык» деди.

Куйругуна домдоду,

Кудай ишин оңдоду.

«Чыккын!» деди чакырып,

Энесинин ичинен,

Бала түштү бакырып...

Аңыз боюнча эненин ичиндеги түйүлдүк эркек бала же кыз болмогу Умай Энеден экен. Умай Энеси баланы калтырып сыртка чыгарда: «Умай Энеңе тапшырдым» деп андан кабатыр болбойт. Жыл жакшы болуп, эгинден мол түшүм алынганда, же малдын башы көбөйгөндө: «Умай Эненин эмчегинен сүт акты» дешкен тоолук кыргыздар.Байыркы түрктөр Умай Энени үч мүйүздүү баш кийим жана кенен мантия кийгизип сүрөттөшкөн. Алар таштагы ою-чийүүлөрдү, издерди «Жерге түшүп келаткандагы Умай Эненин изи» дешкен экен.

Макаланы жыйынтыктоо менен Урматтуу Энелерди, ай жамалдуу, көркөм жаш айым Энелерди, болочок эне болуучу кыздарды эгемендик алган тарыхыбызда алгачкы жолу майрамдалып жаткан Энелер күнү менен куттуктайм. Сиздерге аманчылык, кажыбас-кайрат, жүзүңөрдөн жылмаюу кетпесин, ар дайым Сиздерди сулуулук, аруулук коштосун. Балдарыңар Сиздерди ар дайым кубантып, силер сыймыктанган уул-кыздардан болсун деп изги тилек каалагым келет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

17-09-2014
Инвесторлор менен жергиликтүү калк ортосундагы чыр-чатактардын күңгөйү менен тескейи (уландысы)
42426

16-09-2014
Инвесторлор менен жергиликтүү калк ортосундагы чыр-чатактардын күңгөйү менен тескейи
43456

28-04-2014
Кино өнөрүнүн классигинин тасмалары жөнүндө ракурс
44523

20-11-2013

Ооба, булар Кудайдын эрке балдары

Ооба, булар, ооба, булар, эркелер...

42682

13-06-2012
Баңгилик-өмүрдү алат
30286

08-06-2012
Баңгилик абдан коркунучтуу илдет
28091

28-02-2012
 Автотоктоочу жайдын же парковканын кызматкери кимдин чөнтөгүн толтурат?
94506

15-02-2012
Укугуңду билесиңби?
33136

01-02-2012
Кыз ала качуу — адам укугун бузуу
54092

29-06-2011
Чакан насыялоо - жакырчылыктан чыгарууга өбөлгө
54481

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×