Добавить статью
10:40, 4 июня 2012 94068

«Чёрный квадрат» радикалдык экстремизмдин сыры эмнеде?

Муфтиятка бийлик төңкөрүшүн кимдер даярдап жатат же «Чёрный квадрат» радикалдык экстремизмдин сыры эмнеде?

Президент А. Атамбаевге

Жогорку Кеңештин төрагасы А. Жээнбековго

Жогорку Кеңештин депутпттарына

Акыйкатчы Т. Акуновго

премьер министр Ө.Бабановго

Башкы прокурору А.Саляновага

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Ш.Атахановго

ички иштер министр З.Рысалиевге

1-билдирүү:«Кара чакмактын» кара ниетин таш капты

Биз 27-майда алдын алып маалымдагандай, 29-май-2-июнь күндөрү Кыргызстандагы «чёрный квадрат» радикалисттери соңку экстремисттик чабуулун катуу жасап, жер-жерлердеги Муфтияттын уламаларын УКК, ИИМдин 10-бөлүм кызматкерлери менен коркутуп, Бишкекке жыйноо аракеттерин жасап көрдү (бул боюнча уламалардан наразылыктар түшүп, кимдер тараптан экстремисттик аракеттер болгону такталып жатат). Кудай сактады, алар 31-май күнгө болжогон Уламалар Кеңешинин «төңкөрүш» жыйыны кворум жогунан болбой калды. Буга катуу каарданган, арданган радикалдар, жыйынын кайтадан 2-июнга жарыялап, уламаларга президенттик Аппарат, облустук администрация атынан да чабармандарды жөнөтүп, күнү-түнү кысым көрсөтүп көрдү. Бул «сталиндик» саясат күндөрү уламалар телефондорун өчүрүп, ар тарапка бекинип, араң күн өткөрүштү.

2-билдирүү: «Чёрный квадрат» саясый элитасы 2-июнда жыйын өткөрдү.

Жыйынга, негизинен, 40 чакты Муфтияттын реформасына, Азирети Муфтий Чубак ажы Жалиловго каршы карөзгөй аракеттери менен таанылган, ажылыкка, бийликке жеке өз кызыкчылык максаттары бар төмөнкүдөй негизги «группировкалык» тараптар келишти:

1-группировка лидерлери - бул былтыркы реформа учурундагы ажылык боюнча 400дөн-800гө чейинки квоталарды сурап, Муфтийден «отказ» алган, эзелтен коррупциялык схемалар менен кызматташып калган, реформага кашы провокацияларды, пресс-конференцияларды уюштурган, уюштуруп жаткан, антикоррупциялык реформада Муфтияттагы ээлеген жооптуу кызматтарынан кол жууган экс-уламалар, экс-наибдер, экс-казылар: У.Сарыбаев, У.Гуахунов, Ш.Маматов, Ю.Балтабаев («Адеп-Башаты» фондунун мүчөсү), Д.Абы уулу (Адеп Башаты» фондунун мүчөсү), экс-муфтий Руслан Жумагуловдор болду. «Чёрный квадрат» ичине кирген бул диний радикалдык группировканын максаты - Уламалар Кеңеши аркылуу бийликти төңкөрүп колго алуу, эски 4-5 миллион АКШ долларын кымтып келген коррупциялашкан ажылык системаны кайра тикелеп, эски бийликти орнотуу болгон.

2-группировка лидерлери - бул Кыргызстандагы салттуу исламдын башкы элдик уюму болгон Муфтияттагы саясий башкы аткаруу бийликти, Муфтийликти алууга «эки көзү төрт» болгон, реформага чейин ажылык штабды тескеп келишкен, исламга жамынып, исламдык шариатты бурмалап-бузуп, мусулмандарды коомдоштуруучу «пантюркизм» агымын жайылтуучу «Адеп Башаты» фонд эл аралык кыймылынын («сакалсыз садда, модный-молдо») элитасы: Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиянын директору Абдилатиф Жумабаев («Адеп Башаты» фондунун экс-директору), Ислам Кыргыз университетинин ректору Абдишүкүр Нарматов, Азирети Муфтийдин наиби Замир Ракиев, Ош облусунун Казысы Ниязалы Арипов, Нарын облусунун Казысы - Мамабетасан Ибраевдер. «Чёрный квадраттын» башында турган бул эл аралык диний, саясый радикализмдин негизги максаты - өздөрү мүчө болуп кирип алган Уламалар Кеңеши аркылуу Муфтият бийлигин төңкөрүп, Муфтийлик жогорку бийликти алуу, ажылыкта кымтылып келген 4-5 миллион АКШ долларына ээ болуу менен, ал каражат күчү менен салттуу Муфтият системасынын ордуна «пантюркизм» саясатындагы жаңы «параллель» ислам системасын түзүү болуп саналат (ошондуктан булардын жыйынына кудайдан корккон, салттуу исламга берилген, шариатына бекем амал кылган, таза такыба аалымдар, уламалар: «башымды кесип алсаң ал, бирок салттуу ислам диниме каршы барбайм!» деп келбей коюшту). «Чёрный квадраттын» башында турган бул эл аралык диний, саясый радикализмдин башкы чоң максаты - Уламалар Кеңешин аркылуу Муфтият бийлигин, салттуу системасын алуу менен бирге жөөттөрдүн масондук «орден» саясый экспансиялык ыкмасында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик системасын колго алуу болуп саналат. Алар бул багытта бийликтин айрым саясый элитасын пайдаланып, Ош шаарында «Адилет Кыргызстан« саясый партиясын түзүштү.

(PS: кимдер «Адеп Башаты» фонду тууралуу билүүгө кызыкса, Вестник КРСУ илимий журналынын №3 санына 2008-жылы жарыяланган дин саясаты илимдеринин доктору Кадыр Маликов менен тарых илимдеринин кандидаты Эсен Усубалиевдин: «Идеологические аспекти развития мусульманской общины Кыргызстана» деген тарыхый илимий иликтөө маалыматы менен таанышса болот. «Адеп Башаты» фондунун артында Туркияда Саид Нурси (1876-1960) негиздеген «Нуржу» («Бадиуззаман») кыймылы, ал кыймыл башында Туркиядан куулуп, АКШда жүргөн 11 миллиард долларлык байлык-бизнеси бар Фетхуллах Гулен турат. Бул тууралуу 2008-жылы республикалык эксперттик комиссия даярдаган «Краткая справка по некоторым религиозным организациям в КР» деген актыларды ачык жазылган. Ф.Гулендин Кыргызстандагы бизнесмендери каржылоосу менен «Адеп Башаты» фонду «кайрымдуулук акциялары» менен карапайым калкты алып, ал каражаттарга кыргыз саясый бийлик элитасын «жалгандан» спонсор кылып жазып, «чёрный квдрат» жашыруун тизмесин узартып келүүдө. Ал тизмеге Акүй, Көкүй элитасынан айрымдар илингени белгилүү. Былтыр алар Ошто 93 ноопаз союп, этин таркаткан. Бергенине ырахмат, бирок кеп эттин кайдан келгенинде жана кара тизмеге катталып, мактанып, «капканга» түшкөн чиновниктерде. Алардын «бекер кепин болсо, өлмөк бар» болгону кызык болууда. Быйыл февралда «Адеп Башаты» фондунун (көмүскөдөгү чыныгы) директору Марс Ибраев АКШга барып, Фетхуллах Гуленге отчет берип, жаңы тапшырма алып кайткан. Азыркы «чёрный квадрат» чабуулдарынын максаты, Акүй колдоп жаткан Муфтиятка каршы саясый экстремизмдин радикалдык сыры ушунда жатат)

3) адашкан «өч алуучу» соцгруппировка - бул мурда Муфтиятта кызматтарда иштеген, учурда ишсиз жүргөн, кызмат сурап, ажылык квота, акчалай жардам боюнча арыздарына Азирети Муфтийден «отказ» алып, ага катуу нааразы болгон, өчөшкөн экс-кызматкерлер, экс-ажы башчылар, айрым «жардамга» муктаж чалдар. Алар жогорку эки группировканын «курчагына», «куралына» айланып, «кара пиар» жасоочу «жамандоочулук» жалданма жашоого көнүп, элге ушак айтууга, жалганды жайылтууга, пресс конференция берүүгө («ОБОН» белимчи аялдары сыяктуу) адистешкен топ. Бул соцгруппа башчылары ишсиз калган Асан Саипов менен быйыл Чүйлүк дунган туугандарга 200 квота убада кыла коюп, Муфтийден сурап, «отказ» алып, ага өчүгүп жүргөн (мурда Таласта жылкы урдап камалган) кара-сакал Назаралиев Токтобай болуп саналат.

3-билдирүү: Жыйналыштын төркеңеши жана алардын шыкагы.

Бул «Чёрный квадрат» фонундагы экстремисттик бул жыйынга: «Адеп Башаты» фондунун мүчөсү болгон үч улама, УККда уулу иштеген бир улама, алданган ардагер бир улама келип, алардын каз катарын «аттан оонап түшүп, ээрден түшкүсү келе элек» алты экс-уламалар толуктамыш болду. Бирок, кворум жок! «Чёрный квадрат» схемасы боюнча үч күндөн берки жыйынга уламаларды кубалаган УКК ишинен натыйжа жок! Арсар калган жыйындын төркеңешине: Презденттик Аппарат жетекчисинин орун басары Шухрат Сабиров, Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссия директору Абдилатиф Жумабаев, Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиянын башкы адиси, «Адеп Башаты» фондунун активдүү мүчөсү Юсуп Балтабаев, «Адеп Башаты» фондунун саясый элита лидерлери: Абдишүкүр Нарматов, Замир Ракиевдер «өз киндиктерин кесип» жайгашты. Алар бул жыйын чынында «Адеп Башаты» фонду уюштурган саясый-радикалдык чогулушу экени көрүнүп турса да, билмексен болуп, келгендерге байкатпоо үчүн Муфтийдин наиби Саясат Асановду кечирээк болсо да өз катарларына чакырымыш болушту. Жыйында «Шаршендин» ырындай кайра-кайра жыл бою элге айтылган ушактар, жалаалар, фитналар даярдалган «сценарий» боюнча бир тараптуу жаңырды. Жыйын соңунда, «заказ» берген радикалдардын көңүлүн соороткон болуп, Шухрат Сабиров: «Эмки жыйында Муфтий уламаларын топтобосо, 35 уламаны Президент А.Атамбаев топтойт, анын атына кайрылуу сунуш бергиле!» деген радикалдык экстремизмге үмүт-шыкак болуучу «жыландай» жылма чакырыгын жылдырды. Ал эми Абдилатиф Жумабаев болсо:«биз мамлекеттин жетекчилери дин шариатка кийлигишпейбиз, бирок биз диндик системага киришебиз!» деп, өз укугуна укук кошту. Ал «лөлүдөн баатыр чыкса, өз чатырын өрттөйт!» болуп, ислам «аалымы» болуп туруп, кудай үйү Муфтиятка чок таштап, салттуу ислам укугун тепсеп, өз Амири «Чубак ажы Жалиловго» кол көтөргөнүн билбей калды. Ал Азирети Муфтий Чубак ажы Жалиловдун: «ажылыктан каражат уурдоо, байлык топтоо арам» деген шариаттык фатвасын көзгө илбей, мага 500 квота бер, «Адеп Башатына» да квота бер!» деп кысым көрсөткөнүн, Оштук эски коррупциялашкан «ажыбарондорду” кайра ажылыктагы арамдыкка үндөп, антикоррупциялык реформага каршы компрамат маалымат-арыздарды топтоп, экстремисттик, экспансиялык мааниси бар чоң күнөөлүү саясатты жүргүзүп жатканын өзү да сезбеди. «Чылпак ал десе көздү ойгон» чабал адистик ушул эмеспи?

4-билдирүү: Кыргызстандын «жаназасы» окулабы, окулса аны ким окушу мүмкүн?

Салттуу дин, таза ишеним (ыйман) коом тазалыгына, эл ынтымагына, өлкөгө өмүрүнө кепили болоорун Жараткан Аллах-Таала Ыйык Кураанда билдирсе, тарыхый турмуш чындыгы да тастыктады. Адамзат тарыхындагы 124 миңден ашуун пайгамбар да өз коомдорунда дин бузулуп, рух кыйрап, өлкөлөр өлүп баратканда таза салттуу диний ишеним, ахлак маданият менен элин бузулуудан, өлкөсүн «өлүмдөн» сактап калган.

Кыргызстандын азыркы кыйчалышкан тагдыры ошондой оор кырдаалда турат. Кыргызстанды диний секталар биттей каптап, «сатанизмдер» коомдук аң-сезимди талкалап жатат. Мамлекеттик дин комиссия иммунитеттик маданияты бар салттуу дин ислам реформасын колдоп, шайтандык секталарды, зыяндуу агымдарды өз реформалык иштери аркылуу жою ордуна, кайра элге, өлкөгө тескери иштерди жасап олтурат. Өлкөдөгү саясый экстремизмге, диний радикализмге келишпес мамиле кылуучу Президенттик Аппарат болсо, тескерисинче эл аралык радикализмге ачык кызмат кылып, УКК ж.б. күч органдары менен алардын экстремисттик «заказдарын» аткарып олтурат. Бул эмне деген жорук?!

Ал эми мамлекеттик чиновник Шухрат Сабировдун оюна койсо, президент А.Атамбаевди убактылуу Азирети Муфтий шайлай коюп, Уламалар Кеңешин топтоп, Муфтиятка төнкөрүш уюштуруп, салттуу динди садакка чаап, «сакалсыз садда молдолордун»: «лаа иллаха иллалох-, деп,- бийге түшсө болот!», «лаа иллаха иллалох-, деп-, ажылыктын уурдалган арам акчасын жесе болот!», «лаа иллаха иллалох-, деп коюп-, пара алса, берсе болот!», «лаа иллаха иллалох,- деп коюп-, пиво ичсе, тамеки тарса болот» - деген салттуу таза шариатты бурмалоочу, коомду, элди бузуучу, өлкөнү «өлтүрүүчү» «параллель-пантюркизм» ислам агымынын бийликке келип, кара чумадай жайылуусуна түрткү болгону турат.

Эгерде чындап эле, Шухрат Сабиров айткандай болуп, А.Атамбаев «Адеп Башаты» үчүн салттуу динди садакка чаап, Уламалар Кеңешин зордоп чакырса, салттуу дин бийликтен кетсе, өлкөдө салттуу таза дин ишеним, шариат бузулуп, аны кесепетинен өлкө «өлүмү» күтүлөт. Анда Кыргызстандын «жаназасын» эл аралык уюмдарга сиңирген эмгегине карата Абдилатиф Жумабаев окуш керекпи же элге даават айтып, өзү амал кылбаган «булбул» молдо Абдишүкүр Нарматов окуйбу? Бул маселени Шухрат Сабиров Президент А.Атамбаевдин атынан тез чече салып, элге азыртан ачыктап коюусу керек. Антпесе Ф.Гуленден келген «жаназа-пул» талашка түшүп, ынак достуктар бузулуп калуусу мүмкүн!

Муфтияттын уставдык укугун жана анткоррупциялык реформасын коргоо боюнча юрист эксперттер жана дин ишмерлер жамааты атынан жетекчиси Бакыт Нурдинов, укук коргоочу адвокаты Акин Токталиев. 4-июнь 2012-жыл.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×