Добавить статью
4:42, 8 июня 2012 94759

«Мен» ЖЧКсынын директорунун башкы прокурорго кайрылуусу

Мен Жалал-Абад облусунун тургуну, эне катары кырдаалдын курмандыгы катары абалымды айтып кат менен кайрылып жатам. Сизге кайрылгандыгымдын себеби, «Мен» жоопкерчилиги чектелген коому, Сузак райондук социалдык фондунун жаңы административдик имаратын курууга тендерден утуп, 2009-жылдын 25-авгусунда «Келишимдин» негизинде, курулушка киришкен. Жаңы имаратты куруунун суммасы 10 млн 322миң 418 сомду түзгөн.

2010-жылдын август айында, биздин мурдагы жетекчибиз Ботобаев Максат Сузак райондук социалдык фондунун өз убагында акчаны бизге которбогондугунан, ооруп калып каза болуп калды. Ага чейин аткарылган жумуштун суммасы актынын негизинде 6 млн 263 миң 585 сомду түзгөн, бизге которулган акчанын суммасы — 7 млн 146 миң 209 сом.

Жетекчибиз М.Ботобаев каза болгондон кийин Ботобаевдин ордуна келген. Буга чейин башкы инженерибиз К.Токтосунов менен 2010–жылдын 20-августунда подряд келишим түзүлүп, Сузак райондук соцфондунун жетекчиси З.Рыскуловтун Кыргыз Республикасынын социалдык фондунун органынын аппарат башчысы У.Асановтун «биз мамлекеттик мекемебиз, акча жетиштүү, өлкөдөгү 2010-жылдагы май-июнь окуяларына байланыштуу акча каржаттарды сиздерге которуу, бир аз кармалып жатат. Бизге ишенгиле, акча турат биздин эсепте. Баары бир беребиз да, азырынча Сиздер курулуш материалдарын өзүңүздөрдүн жаныңыздардан, карызга болсо да алып, иштетип, курулушту тездетели, имараттын чатырын жаап бергенден кийин, акчаңарды которттуруп беребиз» деген оозеки сөздөрүнө ишенип, экинчи жагынан 2010-жылдагы коогалаңдагы кырдаалга карата түшүнүүчүлүк менен мамиле кылып ишти токтотпойлу деп чечип, акча каражатын издеп адегенде «ОКСУС» кредиттик компаниядан, сиңдим С.Эшмуратовованын үйүн, БТА банкына иним Б.Эшмуратовдун үйүн, «Компаньен» кредиттик мекемеден менин, ишканада кадр бөлүмүндө иштеген Г.Тургунбаеванын, бухгалтер Р.Төрөшев мүлкүбүздү «Күрөөгө» коюп кредит алып, кыймылдуу-кыймылсыз мүлктөрдүн документтерин, автамашинамды техпаспортун коюп 15-20%га акча алып, курулуш материалдарын карызга алып, курулушту баштаганбыз.

Андан тышкары 2011-жылдын 7-апрелинде №2,59 сандуу «Кепилдик катын» жазып берген Сузак районунун соцфондунун ошо учурдагы жетекчиси З.Рыскулов, «аткарылган жумуштун актысынан кийин, 10 күндүн ичинде акчаны которуп беремин деп, иш жүзүндө аткарган жок.

З.Рыскулов, 2011-жылдын 17-майында №7 сандуу буйругу менен имаратты кабыл алууга, жумушчу топ түзүп, ага райондун аймагындагы 7 тармактын өкүлдөрү-адистери катышып, «Канааттандыраарлык» деген бааларын беришип, имарат кабыл алынган. Кабыл алуу учурунда эч кандай сын пикирлер айтылган эмес.

Бирок, биздин акчаларыбызды белгисиз себептен өз убагында бербестен, 10 млн 427 миң 99 сомду түзүп, которулганы 9 млн 461 миң 209 сом болуп, айырмасы 965 миң 890 сомго карыз болушкандыгы жөнүндө, акыркы актыны тактоо 2012-жылдын 20-январындагы эки тараптын бухалтердик эсебине ылайык, акты бар.

Мындан тышкары сметадан сырткары «наряд-заказдын» негизинде жаңы имараттын евро ремонтун жасап 500 миң 989 сомдук жумуш аткарылган. Эски имаратын ремонттоп, кароолкана да салып бергенбиз. Анда 175 миң 284 сомдук жумуш аткарылган жана, бардыгы сметадан сырткары, 676 миң 273 сомдук жумуш аткарылган.

Жыйынтыгында, Сузак райондук соцфонд «Мен» ЖЧКсына 1 млн 642 миң 163 сом карыз болуп, акты түзүлгөн.

Жогорудагы келишимдин 5.2.1 пунктунда, эгер, «Заказчик», «Подрадчикке» өз убагында, төлөмдү төлөй албаса, же кечиктирсе 10% туум тендердеги суммадан төлөп бериш керектигине милдеттүү» деп жазылган.

Бүгүнкү күнгө соцфон бизге, аткарылган жумуш үчүн смета боюнча, 861 миң 209 сом, сметадан сырткары 676 миң 273 сом, баардыгы 1 млн 5 37 482 сом карыз жана 10 32241 сом туум же жалпы 2569723 сом.

Биз КРнын Социалдык фондунун төрагасы М.Абулгазиевге бир нече жолу кат түрүндө кайрылдык жана өзүбүз, бир нече жолу анын кабыл алуусунда болдук, эч кандай жыйынттык чыккан жок жана ар кандай шылтоолор менен имараттын айланасын асфальттоо ж.б кемчиликтерди жасап бергиле деп келишет.

Биз, алардын көрсөткөн кемчиликтерин жасайлы десек, Сузак райондук социалдык фондунун эски имараты жаңы имараттын алдында тургандыктан, ушул эски имаратты бузуп, биздин жасай турган жерибизге, шартты түзүп бербегендиктен, ошондой эле биздин карыздарыбыздын проценттери өсүп кеткендиктен, айласыз, Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотуна, 2011-жылдын 7-ноябрында «Доо арыз» менен кайрылып, 2011-жылдын Сузак райондук соцфондунан биздин пайдага 2584723 сомду өндүрүүгө, арызыбыз канааттандыраарлык болуп чечилгенде, алар, облустук сотко даттанышкандыктан, 2012-жылдын 26-январында райондор аралык соттун чечимин өз күчүндө калтырды.

Сузак райондук социалдык фонду, «Көзөмөл иретинде» Кыргыз Ресепубликасынын Жогорку сотуна даттанышкандыктан, 2012-жылдын 20-апрели каралып, кайрадан кароого жиберүү үчүн, «Токтом» кабыл алды.

Азыркы учурда мен мамлекеттин мекемесин куруп карызга батып, үйүмө тынч отура албай жатам. Элге 2,5 млн сом карызмын. Аркамдан ар кандай коркутуулар, кысым жасоолор болуп жатат. Ал эми биз курган имартта ээлери 1 жылдан бери иштеп жатат.

Биз КРнын Социалдык фондунун аппарат жетекчиси Асанов Улан Жалаловичтин кабыл алуусунда, карызыбызды качан бересиңер, берүүңүздөрдү суранабыз деп, бир несе жолу болгонубузда, У.Ж Асанов: «Силерге, башка райондордун соцфондусунун имаратын ремонттого тендерсиз уруксат алып беремин, ошонун эсебинен, өзүңөр карызыңарды жаап алгыла» - деп айткан.

Бул аппарат башчы У.Асановдун мындай сунушуна караганда, Сузак райондук социалдык фондунун имаратына бөлүнгөн акчаны, өз кызыкчлыктрына пайдаланып жиберишкенби деген күмөн ой туулат.

Биздин, «Мен» ЖЧКсынын акбалы, азыркы учурда, өтө оор биз жеке адамдардан, компаниялардан алган карыз, акчаларыбыздын айынан, мен 2-3-млн карызга батып, өз үйүмө кире албай, көчөдө ачык басып жүрө албай, күнү-түнү катуу ой-санаа басып, кан басымым саат сайын көтөрүлүп, мурдум канап, дайыма дары алып жүрө турган, көчөдөгүлөргө көрүнбөй качып калган, жанымды койгонго жай таппаган оор абалда турамын.

Сизден КРнын Социалдык фондунун жетекчилерине тийиштүү чара колдонуп, биздин фирмага тиешелүү каражатты кайрып алууга көмөк көрсөтүүңүздү өтүнөбүз.

Терең урматтоо жана акыркы үмүт менен Хасиет Эшмуратова

Түп нускасы почта менен генералдык прокуратурага жөнөтүлгөн.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×