Добавить статью
7:49, 8 июня 2012 28091

Баңгилик абдан коркунучтуу илдет

Кырызстан баңги трафиктин негизги маршруттарынын биринде жайгашкан. Азыркы учурда түштүгүнөн Афганистан –Тажикстан-Хорог –Ош-Бишкек- КМШ –Чыгыш Европа маршруту боюнча баңги заттарды мыйзамсыз ташып-жеткирүүлөр жүргүзүлүп келет.

Баңги заттар Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу биздин өлкөдө арзан жана жетиштүү санда экендигин төмөндөгү мисалдардан көрүүгө болот, алсак Ошто абдан арзан, Бишкекете героиндин бир дозасы андан кымбатыраак.

Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык наркология борборунда 2012-жылдын 1–июнуна карата абалы боюнча баңгиликке көз каранды 10 миң 705 адам расмий түрдө катталган. Ал эми катталбагандары канча экени, албетте белгисиз.

Баңги затты колдонгон адамдар жашоодо ар дайым өзүн алсыз сезет. Ошол себептен эскинин баарын эстен чыгарууну, эстен танып жападан жалгыз жол катары эсептегендиктен баңги затты түрүн чегип же сайынып, допингди күчөтүү менен өзүн алаксыта баштайт. Күн өткөн сайын баңги зат көлөмүн (дозасын) көбөйтүп, дозадан ашырып олтуруп өзүн өлүмгө дуушар кылат.

Көпчүлүк баңги зат колдонгон адамдар бул дүйнөдө лаззаттын ичинде жашоону,бийик-бийик кыялданууларга, башкача айтканда напси каалаган жыргалчылыктын баарына жетүүнү максат кылышат. Тилекке каршы, укмуштуудай жыргалдай сезилгени менен акыр-аягында жандүйнө азабы жанды кыйнап, адамды караңгы туңгуюкка кептейт. Анын натыйжасында үрөй учурган айыкпас оор илдеттерге чалдыгат. Бүгүнкү күндө андай аты жаман илдетке чалдыккандар саны көбөйгөндөн көбөйүп жатат. Бул кырдаал адамзаттын трагедиясы десек ашыкча болбос.

Республиканын аймагы боюнча транзит аркылуу өткөн опий менен героиндин көлөмүнүн өсүшү республиканынын жарандарынын арасында ийне сайынуу жолу менен баңги заттарын колдонуу көрсөткүчүнүн жогорулоосуна алып келүүдө. Кыргыз Республикасында баңгизаттар көйгөйүнүн өсүп кетүүсүнүн төмөнкүдөй тарыхы бар.

Өлкөнүн аймагында баңги-заттарга карата кырдаал үч жолу татаалданууга туш болгон: 19-кылымдын акыркы чейрегинде, 1916-жылдан 1974-жылдардын аралыгында жана 1993-жылдан азыркы кезге чейин. Бул үч учур өлкөнүн тарыхынын ар кайсы баскычтарына - Орусия империясынын, андан кийин Кыргызстан СССРдин бир бөлүгү болуп турган мезгилге жана эгемендиктин учуруна туура келет.

Чындыгында Борбордук Азияда баңгизаттар илгертен бери эле өстүрүлүп, пайдаланып келген. СССР убагында апийимди өнөр жайлык максаттарда өндүрүлүп чыгарган Борбордук Азия сапаттын бийик үлгүсү катары эсептелинип турган. Дагы бир белгилеп кетчү нерсе, ошол убакта эле өндүрүлгөн апийимдердин кыйла бөлүгү уурдалып, жок болуп, мыйзамсыз жүгүртүүгө кетип турган.

Ал эми бүгүнкү күндө бизде мыйзамсыз баңгизаттардын рыногунун кеңейтилиши ачуу чындык. Мыйзамсыз баңги заттарды жүгүртүү менен байланышкан кылмыштар азыркы учурда үй бүлөлүк кландык өнөрчүлүккө айланууда. Мындай билдирүүнү жакынкы арада эле ИИМ (ГУБНОН) баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү боюнча Башкы башкармалыктын начальниги Адилбек Ботобаев билдирген. Ал ГУБНОН каттоосунда баңгитоптордун көптөгөн мүчөлөрү турушат. Активдүү баңгитопторун кармагандан кийин деле, алардын үй-бүлө мүчөлөрү ,балдары өзүлөрүнүн ата- энелеринин тажрыйбасын улантышат. Мындай бизнес менен шугулданган адамдар адамзат үчүн канчалык зыян алып келе тургандыгын анча түшүнө беришпейт, алардын түшүнүгүндө менин балдарым баңги затка жолобойт, ал эми башкалар эмне болсо ошо болсун деген кыязда, соода-сатыгын улантмак тургай, эстафетаны балдарына өткөрүп берүү сыяктуу кадимки көрүнүш, албетте өтө кейиштүү. Мындай өлүмгө кириптер кылган баңги затын саткандарга мамлекет тарабынан катуу чаралар көрүлсө деп да ойлоп кетесиң. Мисалы, жакында Иран бийлиги 21-майда баңги затын саткан жана аткезчилик жол менен ташыгандыгы үчүн соттолгон 14 адамды дарга асуу тууралуу жарыялагандыгын Agence France-Presse маалымат булагы билдирген.Өлүм жазасына тартылгандар жана алардын кылмышы тууралуу кеңири маалымат берилген эмес. Жазаларды аткаруу кызматы болгону өлүм жазасына тартылгандардын аты-жөнүнүн баш тамгаларын гана атаган. Ирандын кылмыш мыйзамы сотторго бир нече айыптоолор боюнча өлүм жазасын колдонууга укук берет. Мындай жазаны көпчүлүк учурда адам өлтүргөндөргө, зордуктоого, жаш балдарды жыныстык катнаш жасоого мажбурлоого, ошондой эле шпиондор менен динин өзгөрткөндөргө каршы колдонот.

Адам башына эсептегенде өлүм жазасына тартууда Иран Кытай, АКШ жана Сауд Аравиясынын катарында дүйнөдө лидер мамлекеттердин катарына кошулат.Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, 2011-жылы эле Ислам республикасында 360 адам өлүм жазасына тартылган. Алардын көпчүлүгү баңги затын жайылтууга күнөөлүү деп айыпталышкан.

Мамлекет тарабынан өлкөгө баңгизаттарды алып кирүүнү кыскартуу, алардын таратылышына күрөштү жандандыруу, баңгизатты керектөөнү алдын алуу жана аларга болгон суроо-талапты төмөндөтүү менен, баңгиликке каршы аракеттерди уюштуруу колго алынган.

“Өлкөдөгү баңги заттардын жолун бөгөө зарылдыгы" деген темада кызуу талкуулар, пикир-сунуштар, тегерек үстөлдөр байма-бай өткөрүлгөнү менен эч кандай деле жыйынтык чыгып кеткен жок.

Кыргыз Республикасында баңгизат саясаты жөнүндөгү улуттук докладында айтылгандай, баңгизаттарды мыйзамсыз таркатуунун үч белгиси бар: биринчиси, өстүрүү жана өндүрүп чыгаруу, экинчиси, ташып жеткирүү жана чекене соода жүргүзүү, үчүнчүсү, керектөө жана баңгизатка көз карандылык. Ал эми булардын бардыгы ВИЧ-СПИДдин таралышынын, адамдарды бейажал өлүмгө дуушар кылуунун бирден-бир булагы болуп эсептелет.

Баңги заттарын колдонуучулардын негизги катмары эркинен ажыратылып түрмөдө отурган жарандар арасында, тактабыраак айтканда ийне сайынуу жолу менен баңги затын колдонуучулардын 80 пайызынын 70 пайызы камакта отурган баңги заттарын колдонуучулар болуп саналат. Мисалы бир камерадагы төрт адамдын экөөсү баңги затын колдонуучу болсо, үчүнчүсү наркобарон болушат. Түрмөдөгү дежурныйда болсо чийки опий, марихуана ж.б. сатышат.

Пенитенциардык системадагы шарттар тийиштүү түрмөдөгүлөрдүн реалдуу турмушун изилдөөгө мүмкүнчүлүк бербейт, камактардагы жабыктыгы жана маалыматтын конфиденциалдуулугун сактоодогу камактагылардын ишенимсиздиги менен түшүндүрүлөт. Себеби бул абалды түрмө кызматкерлери арасында анонимдүү суроо-жооп анкета жыйынтыктарына кайрылсак, баңги заттар бардык колонияларда жетиштүү экендиги аныкталган. Түрмөдөгүлөрдүн 80 пайызы шприцтер менен ийнелерди биргелешип колдонушат . Бул жагдайдан алып караганда түзөтүү мекемелериндеги ВИЧ-инфекция,гепатит, сифилис, кургак учук жана башка инфекциялардын тез жайылуусун шарттап турат.

Баңги колдонуучулардын экинчи тобун секс кызматын көрсөткөн аялзаты түзөт, ошону менен бирге алар көбүрөөк тартылууга дуушар болушат.Баңги затты колдонгон аялзаты секс-кызматы чөйрөсүнө ыкчам тартыла берет. Борбор калаада, чакан шаарларда (мисалы, Кара-Балта, Сокулук) ошондой эле шаарларды бириктирген автотрассаларда негизинен баңги затын колдонгон аялзаты иштейт.

Үчүнчү тобу болсо криминалдык кылмыш чөйрөдөгү адамдар тартылышат. Кылмышкерлер ар кандай кылмыштуулукка баруу учурларында баңги заттарын пайдаланышат, натыйжада адам өлтүрүү, адам ден соолугуна коркунуч келтирүү,аеосуз адам өмүрүн кыюуларга чейин барышат. Адам өлтүрүү алар үчүн чымын өлтүргөн менен барабар катары болот.

Төртүнчү тобу болсо бизнесмен, бай адамдардын жогорку кызмат абалын ээлеген адамдардын эрке балдары баңгиликке тартылышат. Негизинен алар бекерпоздуктан, ата-энесинин байлыгына таянышып, баңгизаттарды колдонушат. Булардын ата-энелери дарылоо аракетин жасашып, дарылоо мекемелерине кайрылышат.Канчалаган аракеттер кылганы менен кайра эле баңги заттарды колдонуусун улантып, ата-энесин убайымга салышат, эл алдында балдары үчүн жер кароого аргасыз кылышат.

Бешинчи тобу жаштардын түнкү клубдарында, бий аянттарындагы жаштарга синтетикалык баңги заттар ,психоактивдүү заттарды, марихуана, героин жана башка ушу сыяктуу баңги заттарын колдонушат. Алардын аңдап билүү аң сезими абдан чектелүү жана жеңил ойлуу келишет.

Жыйынтыктап айтканда, коомдогу бул бул терс көрүнүштү жоюу, же башкача айтканда алдын алуу проблемасын кандайча натыйжалуу чечүү керек деген маселе жаралат. Ал үчүн коомубуз жалпы комплекстүү иш чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүүсү зарыл.Жаштардын аң сезимине бул илдеттин акыр түбү кайгылуу трагедияга айланаары, кылмыштуулукка түртөөрү, ата энесине болгон терс мамилелер калыптанаары тууралуу тарбиялоо жаатындагы ачык-айкын материалдар жазылууга тийиш. Албетте, аларды жалпыга маалымат каражаттары, коомдук теле берүү, радио берүүлөр аркылуу бул аталган илдеттен алыс болуу жагдайында курч макалалар, теле роликтер аркылуу жаштарды аң сезимин кайра тарбиялоо жаатындагы жеткиликтүү материалдар жазылуусу абзел деп ойлоймун. Жаштар арасында коомубуздагы арты өкүнүчтүү кайгы менен аяктаган бул илдет тууралуу маалыматтык компанияны күчөтүү мезгилдин актуалдуу маселеси деп эсептейт элем.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

17-09-2014
Инвесторлор менен жергиликтүү калк ортосундагы чыр-чатактардын күңгөйү менен тескейи (уландысы)
42423

16-09-2014
Инвесторлор менен жергиликтүү калк ортосундагы чыр-чатактардын күңгөйү менен тескейи
43451

28-04-2014
Кино өнөрүнүн классигинин тасмалары жөнүндө ракурс
44521

20-11-2013

Ооба, булар Кудайдын эрке балдары

Ооба, булар, ооба, булар, эркелер...

42680

13-06-2012
Баңгилик-өмүрдү алат
30283

21-05-2012
Дүйнөдө баарынан сулуу - ЭНЕ
44031

28-02-2012
 Автотоктоочу жайдын же парковканын кызматкери кимдин чөнтөгүн толтурат?
94506

15-02-2012
Укугуңду билесиңби?
33135

01-02-2012
Кыз ала качуу — адам укугун бузуу
54092

29-06-2011
Чакан насыялоо - жакырчылыктан чыгарууга өбөлгө
54480

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×