Добавить статью
6:23, 12 июня 2012 17080

Духу күчтүү кыргыз элин, кыргыз журтун эч ким бөлө албайт

“Манас” эпосу кылымдан кылымга кыргыз элинин оозеки адабиятында жашап, улам жаңыланып, улам жаңы идеялар кошулуп, ар бир манасчынын чыгармачылык дараметине жараша өзгөрүп, толукталып отурган. Башынан эле “койчу, апыртпай” деген сөздөр болсо керек. Ошондон уламбы:

“Жарымы төгүн, жарымы чын,

Жанынан келген киши жок,

Көбү төгүн көбү чын,

Көрүп келген киши жок”, – деп башталат эпос.

Бул саптардан улам манасчы фактылардын тактыгына жооп берүүдөн баш тарткандай сезилет. Чындыгында ошондой да. Андан бери сан кылымдар өтсө, ал окуялар ооздон-оозго өтүп жатса, сөзсүз түрдө фактылар өзгөрүп кетиши мүмкүн. Манас жашаган доордогу реалий нерселер кийин мифке айланып калышы толук ыктымал.

Маселен, социализм мезгилин эле алалы. Кумшекердин килограммы 80 тыйын болчу, картөшкө 7 тыйын болчу десе, азыркы балдар ишенеби? Албетте жок. Мындай айырмачылыктар абдан көп. Ошол сыяктуу “Манас” эпосундагы айтылгандарга кийинкилер дагы толук ишенбей калышы ыктымал нерсе.

Эпосто дагы:

“Кулаалы таптап куш кылдым,

Курама курап журт кылдым”, – деп айтылат.

Бул саптарды азыркы учурда айрымдар “ар элдин башын бириктирип, кыргыз деген эл жасагандай” кабыл алып, талдап жана сөз кылып жатышат. Алсак, “Вечерний Бишкек” гезити “Край, сотканный из разных лоскутков” деген темада кыргыз элинин намысына тиер кеп козгогон (http://members.vb.kg/2012/01/23/poliet/1.html). Чыгарма деген кээде ойдон чыгарыларын, ага фактылар кошуларын, образдар жалпыланарын чыгармачыл адамдар мыкты түшүнөт. Ошондуктан, “Манаста” ушинтип жазылып калдыбы, демек, куралган эл турбайбы, деп кабыл алуу бери эле болгондо түшүнбөстүк...

Ысмайыл Кадыровдун “Кыргыздын Гиннес китебинде” “Тарыхтагы алгачкы күчтүү кыргыз мамлекети болгон Кыргыз кагандыгы Энесай дарыясынын боюнда Миң-Суу өрөөнүндө 6-кылымда түзүлүп, 13-кылымдын башына чейин өкүм сүргөн. Аны үстөмдүк кылуучу кыргыз урууларынан чыккан сулалелер бийлеген. Бартольд “9-10-кылым – Улуу Кыргыз мамлекетинин доору” деп атаган. Бул учурда Кыргыз каганаты чыгышы Байкөлдөн (Байкал) батышы Теңир-Тоого чейинки кеңири чөлкөмдө өз бийлигин жүргүзүп (Түштүк Сибирь, Монголия, Байкал, Эртыш, Кашкар, Ысык-Көл, Талас ж.б. кыргыздарга баш ийген), кыргыз журтуна оомат келген, “Могулстандын жапайы арстандары” аталган. 904-ж. кыргыздар Кытайдан так талашкан. Ошол учурда өз жазуусу болгон. Байыркы ханзу тарыхынын маалыматы боюнча Энесай кыргыздары түрк тилинде сүйлөгөн тайпалардын ичинде эң алгачкы туруктуу календарга ээ болгон”, – деп берилет.

Ал эми кыргыз элинин чабылып-чачылган учурлары ошол китепте:

“Кайың барбы кыргыз балта чаппаган?

Кабак барбы кыргыз кыргын таппаган?

Кыр-жон барбы кыргыз сөөгү жатпаган?” – деген каңырык түтөтөр сөздөр чыккан.

Кыргыздын ооматы кеткен кез “Манаста”:

“Бири кетти Кырымга,

Бири кетти Урумга,

Бири кетти Каңгайга,

Бири кетти Алтайга,

Бири кетти Эренге,

Бири кетти Тереңге...”, – деп сүрөттөлгөн”, – деп берилет.

Демек, эпостогу “Курама курап журт кылдым” деген сапта Манастын тарап кеткен кыргыздарды бириктиргендиги, баш коштургандыгы жөнүндө кеп болорун эске алуу керек.

Ал эми дээринен духу күчтүү кыргыз элин эч ким бөлүп кете албайт деген оптимисттик дух менен жаштарды тарбиялоо – келечектин иши.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

14-12-2012
Мамлекеттик тилге өткөндөн коркпойлу
15401

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×