Добавить статью
3:12, 13 июня 2012 30284

Баңгилик-өмүрдү алат

2000-жылдан 2010-жыл аралыгында иньекциялык баңги затты колдонуучулар саны БКФК (Баңги заттарды контролдоонун федералдык кызматынын) көрсөткөн деталдуу статистикасы 13 млн. адамды түзөт. БКФК маалыматтары боюнча Россияда 6 млн . баңгиликке берилгендер, 1,8 млн. адам баңгилик менен ооругандар,350 миң адам наркологиялык диспансерде каттоодо турушат. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө баңги зат колдонуучулар саны геометриялык прогрессия менен өсүүдө, себеби бир баңги колдонуучу өзүнүн чөйрөсүнө 5 адамды тартат. Ошондуктан бүгүнкү күндө Россияда баңги затка көз каранды 6,5 млн. адамдан ашат. Эң өкүнүчтүүсү баңги затка тартылуучулардын жашы 11 -13 жашты түзөт, бул куракта бул адатка көнүү абдан тез жүрөт. Ар жыл сайын баңги заттардын жүгүртүү эбегейсиз өсүүдө, алсак 2011-жылы баңги заттарды жүгүртүү 200 тоннаны түзгөн. Ал эми Кыргыз Республикасында мындай кеңири маалыматтар жок, болсо да эмнегедир ачыкка чыгарышпайт жана маалымат алгысы келген адамга тийиштүү органдар( республикалык наркотикалык борбор) ар кандай себептерди шылтоолоп беришпейт.Бүгүнкү күндө биздин республикада реалдуу канча адам каттоого алынгандыгы жөнүндө так маалымат жок.

Бириккен Улуттар Уюму адамзат үчүн олуттуу үч коркунучту - жалпы кыйратуу куралы жана жашоо чөйрөнү бузуучу техногендик өзгөртүү натыйжасы менен катар жер жүзүндө социалдык эң катаал оору баңгиликтин жайылтылышын белгилеген. Андыктан прогрессивдүү адамзат бул көйгөйдү жеңүү жана чечүү жаатында жол издеп келгени менен, баңги зат менен шугулдангандар эң аялуу өлкөлөргө ташуу кызыкчылыгы бар, жана эң кымбат делген ар бир адамдадагы балдарга сокку береүүдө. Адамзат бул коркунучтуу илдет менен күрөшүүнүн саясий, медициналык,укуктук ыкмаларын табууну аракетенишүүдө . Бирок бир дагы өлкө бул коркунучтуу илдет алдында өздөрүн толук коопсуздукта сезе алышпайт . Бул баңгиликке берилүү же азгырылуу байкоосуз бир көз ирмемде кирет, ага кантип киргениңди сезбей да каласың, ал куракка, социалдык чекке да карабайт. Ал кедейин же байын, эркек, аял же баланы тандабайт.Ал эч кимди аябайт.Баңги заттарын колдонуу эмнегедир жаштар арасында көбүрөөк колдонулгандыгы байкалат. Анын негизги себептеринин бири бекерпоздуктан , (27%), андан кийин болсо кызыгуучулук жана жаңы сезимдерге кабыл болуу (17%), психологиялык проблемалар (16%), андан тышкары социалдык жана экономикалык проблемалар болуп саналат.

Негизинен жаштар героин, кокаин, барбитураттар, метадон, амфетаминдер, экстази , ошондой эле түнкү клубдарда колдонулуучу пайдаланууда галлюцинацияны чакыруучу анестетиктерди,бензодиазепин психоактивдүү заттарды пайдаланышат.

Баңги затка берилүү себептерине келе турган болсок бекерпоздук, жаштар арасындагы жалпы алып барылуучу иштердин солгундугу, батыш маданиятынын таасири, коомдогу баалуулуктардын каатчылыгы, үй бүлө мамилелеринин начарлоосу, жүргөн чөйрө, туруктуу эмес экономикалык кырдаал, турмуш деңгээлинин начарлоосу ж.б. кошууга болот.

Жаштардын бул эң коркунучтуу делген баңгилик торуна илинишип, акыр аягына чейин аны менен күрөшүүгө эрки жетпей, натыйжада өлүмгө кириптер болушат. Жакындарын кайгыга, азап тартууга аргасыз кылышат. Эң эле биринчи ата –энелер азап чегет. Балдарын кайсы эле ата-эне жаман жолго түшүүсүн кааласын. Балдары үчүн нечендеген азап-тозок, кайгыга батып, ата –энесинин жүрөгүн оорутуп, оорукчан кылышат.

Ошондой бир турмуштук бир ачуу бир тагдыр тууралуу кыскача баяндап берсем.

“ Аида эң жакшы үй –бүлөдө тарбияланган кыз , ата –энеси интеллигенттүү адамдар. Бош убактысын адабий китептерди окуп, спорт менен машыгып, борбордогу престиждүү окуу жайларда билим алчу.Жогорку окуу жайында активдүү, мыкты окуган студенттердин бири эле. Абдан сүйкүмдүү , маңдайы жарык татынакай кыз эле. Анан ал күндөрдүн бир күнүндө ал өзүнөн бир топ жаш жигит менен таанышып, анан экөөнүн мамилелери сүйүүгө айланды. Бардык жагынан өңү, билими, акылдуулугу жагынан төп келген бул жигитти жанынан артык сүйүп калат. Жигиттин бардык маселелерди билгендиги кызды абдан таң калдырды. Ошентип жакшынакай кечтерин, жолугушууларын өткөрүп жүрүштү. Анан күндөрдүн бир күнүндө достору менен табиятка чыгып эс алып келишмек болот. Мына ушул “жакшынакай” эс алуу кечи Аиданын турмушун таптакыр өзгөрттү.Себеби сүйгөн жигити эмне десе туура деп эсептеген Аида эс алган достору сыяктуу “ даамын татып эле көр” деп сунуштагандан баш тартуга эрки барбады, кантип баш тартууну билген жок.

Ошол күндөн кийин түнкү клубдарга барып баңги зат менен эс алууну адатка айландырды. Бир жылдан кийин Аида баңги затсыз уктай албайт, тамак жебейт, эс ала албай калды. Окуусун да таштады, айланасындагылардын баарынан четтеди, ата-энесинин сөзү таптакыр кулагына кирген жок. Ата –энесинин наркологиялык диспансерге бир нече ирет дарылаткандан кийин деле бул адатын таштаганга эрки жеткен жок. Күндөн күнгө айланасындагылар азайып, жалгыз калды. Ата –энеси да кызы менен алпурушуп, чарчашты да жайына коюшту. Эч кандай эмоция жок, эмоциясы бир гана – эгер баңги затты сатып алса эмоцияга батып жыргайт. Түгөнгөндө жан дүйнөсү жабыркап, кыйналат. Үйүндөгү буюм-тайымдарды сата баштады, үйүндөгү сата турган эч нерсе калган жок, анан ал өмүрүндө жасабаган уурулукка барды, милиция торуна түштү. Кайра эле түтпөгөн ата-энеси темир тордон алып чыгышты. Андан кийин деле оңолуп кете койгон жок. Эми анын жаңы өнөр бирөөлөрдү алдап, акча алганды үйрөндү. Акыл-эси баары антпешим керек деп моюнга алса да, мээси баңги затка түрткөнү түрткөн болду. Апасы буркурап ыйлады, бул жолдон кайт, кызым, атаңдын тапкан акчасы менен баңги заттарды саткан адамдарды байытып жатасың, сенин ден соолугуңду, өмүрүңдү акырындап алып жатат. Сагы баары бирби” деп жашын төктү. Чынында Аидага баары бир болуп калган, эч кандай айырманы билген, сезген жок. Ата-энеси, бир туугандары , курбулары, баары Аидадан четтешти. Ал жападан жалгыз , чектелген жабык дүйнөдө калды, баңги зат жан досуна айланды. Арыктап, кебетеси кете баштады, жалжылдаган көздөрү тунарган мунарыкка айланды. Ошентип бир күнү чоң дозадагы баңги заттын алгандан кийин жүрөгү кысылып, көчөгө эс-учун билбей жатып калды. Көчөдө өтүп бараткандардын бири да эмне болгон деп карап койгон жок. Ак ниет бир жаш жигит гана тез жардам чакырып, ооруканага жеткенде жаны үзүлдү...”

Мына тарбиясы жетиштүү , билими десең билими бар жаш кыздын кейиштүү тагдыры . Канчалаган мекендеш жаштарыбыз заманыбыздын эң коркунучтуу илдети, оорусуна чалдыгышып, андан чыга албай өз өмүрлөрү менен кош айтышууда.

Макаланы жыйынтыктап жатып мекендеш жаштарыбызга мындай адамзаттын эң коркунучтуу илдетине жакын жолобой, сергек турмуш образы менен туура жашоо ыңгайын тандап алууларын жана келечекке ишенимдүү кадам менен илгерилешин каалайт элем.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

17-09-2014
Инвесторлор менен жергиликтүү калк ортосундагы чыр-чатактардын күңгөйү менен тескейи (уландысы)
42424

16-09-2014
Инвесторлор менен жергиликтүү калк ортосундагы чыр-чатактардын күңгөйү менен тескейи
43452

28-04-2014
Кино өнөрүнүн классигинин тасмалары жөнүндө ракурс
44521

20-11-2013

Ооба, булар Кудайдын эрке балдары

Ооба, булар, ооба, булар, эркелер...

42680

08-06-2012
Баңгилик абдан коркунучтуу илдет
28091

21-05-2012
Дүйнөдө баарынан сулуу - ЭНЕ
44031

28-02-2012
 Автотоктоочу жайдын же парковканын кызматкери кимдин чөнтөгүн толтурат?
94506

15-02-2012
Укугуңду билесиңби?
33135

01-02-2012
Кыз ала качуу — адам укугун бузуу
54092

29-06-2011
Чакан насыялоо - жакырчылыктан чыгарууга өбөлгө
54480

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×