Добавить статью
9:50, 14 июня 2012 53641

Кадрдан оозу күйсө да, айранды үйлөп ичпейт

Кыргыз Республикасында мамлекеттик кадрлар менен тикеден тике иш алып баруучу атайын түзүлүштүн уюшулгандыгына быйыл күзүндө 8 жыл болот. Адамдын жашы менен алганда ушул куракта бала толук кандуу калыптанып, арибди кадырэсе таанып, сабаты ачылат. Же болбосо мектептин экинчи классында окуп калат. Демек оболу агенттик катары уюшулуп, бара-бара Мамлекеттик кадр кызматына айланган түзүлүш өткөн аралыкта кандай иш аткарды деген собол өзүнөн өзү калкып чыга келүүдө. Сөз маселенин бир өңүтүнө гана арналмакчы.

КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын Түндүк аймактык башкармалыгы уюшулгандан тарта адис, кийин жетектөөчү адис болуп иштеп келе жаткан Жылдыз Мамбетова айымдын баамында, соңку алты жылдан тарта аталган кызматтын кадыр-баркы кыйла эле өскөн.

«Менимче жер-жерлерде башкармалыктар уюштурулгандан кийин мамлекеттик кызматкерлерди даярдоо, кызматка алуу, алардын жоопкерчилигин арттыруу бир нукка түштү десем болот. Азыркы учурда бир дагы мамлекеттик кызматкер сынаксыз кызматка келбейт. Теориялык билим деңгээли тесттер аркылуу бааланат. Мында, аңгемелешүүдө учурларда көйгөйлөр болууда. Бирок аларга да ЖМКдан кабарчы-журналисттер катыштырылып, курамдын мүчөлүгүнө коомдук уюмдардын өкүлдөрү кошула баштагандыгы оң натыйжа берүүдө. Ошондой болсо дагы аңгемелешүү сынагынын жаңы Жобосун иштеп чыгуу зарылдыгы жаралууда», - деген Ж.Мамбетова айым өздөрүнүн дарегине айтылган бир катар сындарды негизсиз катары четке кагат. Анткени Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбековдун Naryn.kg сайтына жайгаштырылган блогуна «Токо», «Инкогнито» деп өздөрүн атаган интернет окурмандар Нарын облустук акимчиликтеги бош орундарга кимди алышты облустук акимчиликтин аппарат жетекчи Субакожоев билет, кадр кызматынын адистери М.Ниязакунов, Ж.Мамбетова бийликтин көрсөтмөсү менен тиги же бул талапкердин тесттен жогору балл алууларына колдоо көрсөтөт деген пикирлерин жазышкан. Ошол эле учурда «Миссионер» деп атаган окурман болсо эч кандай тааныштыгы жок сыноого катышып, облустук бир мекемеде жоопкерчиликтүү кызматта иштеп жаткандыгын ошол эле блогдо белгилеген.

«Биринчиден, орунга конкурс жарыяланат жана документтерди кабыл алуу 15 күнгө созулат. Экинчиден биз обладминистрациянын айткандарын аткаргыдай аларга баш ийген орган эмеспиз», - дейт Ж.Мамбетова.

«Биз жаштар деп айтып жатабыз. Алардын дагы айрымдары пенсионерлер иштеп жатышат, жаштарга орун жок деп калышат. Бирок тилекке каршы, ЖОЖдорду жаңы бүтүп келгендерден арыз жаза албагандары бар. Билим деңгээлдери төмөндөр көптүк кылат. Эгерде бир аптада сынактарга тест тапшырууга маселен 20 адам катышса, алардын алтоо же жетөөсү гана тиешелүү упай топтошот», - деп пикирин билдирет КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын түндүк аймактык башкармалыгынын адиси Талас Абдракманов.

Ошентип мамлекеттик кызматка кабыл алууда ичинен ушундай маалыматтар күрөшү орун алып жатса, сыртында бир катар карама-каршылыктардын кармашынын арааны жүрүп, мамлекеттик кызматта иштегендердин, кызматтарга көтөрүлгүсү келгендердин жана иштесем дегендердин ортосунда «келе бакан, куу союл» вазыйпасы жүргөндөй түр көрсөтүлүп жатат. Мындай жагдайдын негизинен эки өңүтүнө саресеп салып көрсөк.

Биринчиси, кечээки доордун саясаты. Бир канча мамлекеттик кызматта иштегендер менен баарлашсаң, алардын ыраматылык кайран КПССтин кадр саясатын тамшанып кеп кылгандарына тушугасың. Чынында ал коомдогу, кечээки доордогу кадрларды тарбиялоо, өстүрүү мектеби бир нукка салынгандыгы менен эсте калгандыгы бекерине эмес.

«Мени кадрлардын резерви гана өстүрдү», - дейт Нарын райондук акимчиликтин аппарат жетекчиси Жыпар Жээналиева айым. Анда жаш кез, тез эле комсомолдук жумушка алынып, шааркомдун биринчи катчысына чейин иштедим. Партиянын шааркомунан далай сындарды, ачуу кептерди уктум. Акыры ыйлап, арыз жазган учурум да болгон. Бирок ошентип бышыптырбыз. Анда эң башкысы резевде турган кадр өз ишин билсе сөссүз ошол жогору турган кызматтарга көтөрүлчү. Азыркы кемчилик ушунда - резерв кадр деп айтылгандыгы менен чындыгында аткарылбайт. Облустук, райондук акимчиликтерге ондогон жылдан бери иштеп жаткан жакшы кызматкерлер бар, дагы деле иштөөдө. Ал эми конкурста тест бергендик кадрдын теориялык жактан билим сапатын аныктап жатат. Бул жерде менимче эч кандай тааныштык рол ойнобойт. Кеп аңгемелешүүдө болууда. Каалаганына каалагандай балл берүү аткарылып калышы ажеп эмес, - деп пикирин айтат Ж.Жээналиева айым.

Экинчи жагдай, албетте учурдагы кадр саясатынын күңгөй-тескейи. КРнын Мамлекеттик кызматына Эмгек сиңирген кызматкер, саясий илимдердин кандидады Роза Жумаева кадрларды таңдоодо, кабыл алууда, кызматка коюда алашемдиктер өтө арбын экендигин кеп кылат.

«Мен жогорку кызматтарга токтолсом, тим эле адам жарылып кетчүдөй абалга жетип калдык. Мисалы акимдерди сунуштоодо кандай критерийлер жасалды, эч кимге түшүнүксүз. Мен андагы абалдарды айтам деп баарына жаман көрүнүп жатам. Жок дегенде тажрыйбаларын, жөндөмдүүлүгүн бир карап коюш керек эле да», - деп кейит Р.Жумаева айым.

Ошентип, мамлекеттик кызматкерлердин учурдагы жайгдайлары тууралуу учкай иликтөө жасап жүрүп, эң кызыктуу далилге да тушуктук. Бирок тилекке каршы, болгон окуянын аныктыгын маалымат берген мамлекеттик кызматкерлер даап тутуп документтин жок дегенде көчүрмөсүн бере алышкан жок.

«Бул эми болгон нерсе. Бирок азыр ал буйрукту тытып салышты да. Ошондуктан кебим далилсиз болуп калаары толук күмөн», - деп биринчи кызматкер алаканын жайса, экинчиси мындай көрүнүш боло бериши мүмкүндүгүн, ошондуктан кадр саясатын мындан да ачык айкын, ырааттуу алып бармайын, коомдо аксоолор орун ала берерлигин кыйыткан дагы бир кызматкер илгери «сүттөн оозун күйгүзгөн, айранды үйлөп ичсе», азыркы заманда кадрдан оозу күйсө дагы, айранды эч качан үйлөп ичпестигин салыштырмалуу кеп кылат. Көрсө кайсы бир аппарат жетекчи акимчиликке адистикке кызматка дайындоого өзү буйрук чыгарган экен.

«Мыйзам боюнча аппаратта иштеген ар бир мамлекеттик кызматкерге же болбосо адистиктерге жумушка алууга министр же статс-катчы гана буйрук чыгара алат. Ал эми облуста жана райондо буйрукка губернатор жана аким кол коёт. Эч качан аппарат жетекчи ошол аппаратта иштеген мамлекеттик кызматкерди дайындоого буйрук чыгара албайт», - дейт КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын Түндүк аймактык башкармалыгынын башкы адиси Макмут Ниязакунов мырза.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
34673

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
33553

03-09-2013
Өкмөт башчысынын иш сапарынан сүртүмдөр
45543

26-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары-элдин ресурстары»
36994

26-04-2013
Таластан алган таасирлер (Биринчи макала)
35672

24-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары - элдин ресурстары». Адамдын саламаттыгына каражат кандай жумшалууда?
43921

28-03-2013
Ыйлап жүрүп арык каз, ырдап жүрүп суу сугар
60870

25-03-2013
Нарындагы жолугушуудагы ажылдактар
92984

15-01-2013
Ала Тоодо шыбагадан куру калган бир кыштак
66445

29-12-2012
«Профсоюз - бул биз»
64897

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×