Добавить статью
9:55, 21 июня 2012 20421

Жогорку билим берүүнү реформалоодогу чалынган ботко

Акыркы убактарда мамлекеттик чоң жыйындарда, Жогорку Кеңеште, массалык маалымат каражаттарында жогорку билим берүүнү реформалоо, окуу жайлардын санын кыскартуу боюнча сөздөр байма-бай атылууда. Билим берүүнү жакшы жагына өзгөртүү, саны бар сапаты жок окуу жайларга чек коюу жакшы деңизчи, бирок Ошол реформаларды ким жүргүзүүдө, чечкиндүү өзгөрүүлөрдүн негизги кыймылдаткыч жеринде кандай адам олтурат, ал адам ушундай кылдат өзгөрө турган назик тармакты терең түшүнө алабы, адамдык абийри, артында жасаган иштери тазабы, дегеле келечегинде миңдеген адам тагдырлары, өлкө өнүгүшүнүн себеби жаткан мындай олуттуу ишти тарта ала турган адам турабы деген абдан маанилүү суроо туулбай койбойт.

Билим берүү, анын ичинен жогорку билим берүү бир бузулса көп жылдап калыбына келбей турган абдан назик тармак. Бекеринен да дүйнөдөгү менсинген мамлекеттер ири алды университеттерин кастарлап, өлкө өнүгүүсүнүн көптөгөн чен-өлчөмдөрү ушу университеттердин кадыр-баркы менен өлчөнөөрү белгилүү эмеспи.

Менин айтайын дегеним, ушуга окшогон назик тармакта азыр реформа шылтоосу артында чакчалекей ботко чалынып, өз көмөчүнө күл тарткан адамдар маарып жатат.

Билим берүү министринин жогорку билим берүү боюнча орун басары Мухтар Орозбеков бул ботконун башкы ашпозчусу. Министр Канат Садыковдун чын дилден жасаган аракеттерин, жогорку билим берүүнү оңосом деген изги оюн Орозбеков өз кызыкчылыгына карай буруп, баш аламандык кылып жатат. Көп учурларда профилдештирүү шылтоосу менен престиждүү адистиктерди тааныштарынын, жакын мамиледегилериндеги ЖОЖдорго топтоп берүүдө. Бул жерде ар бир адистик боюнча жекече мамиле керек болчу. Айрым ЖОЖдордо кайсы бир адистикти окутуунун бай тажрыйбасы, мыкты окутуучулук курам түзүлүп, материалдык база түптөлүп калган учурлар бар. Министр орун басары Мухтар Орозбеков мындай жагдайларга карабай эле урду-сокту мамиле менен же өз кызыкчылыгына карап бири бирине кошобуз, жабабыз деп жатат.

Орозбековдун максаты - чындап эле бир-бирин кайталаган адистиктерди, окуу жайларды кыскартуубу десең, жок кээ бир учурларда талапка жооп бербесе да жаңы лицензияларды берүүгө көмөктөшкөн учурлары аз эмес. Акыркы убакта берилген же берилүүгө даярдалган лицензияларды карап-көрүп эле мунун чындыгына ынанууга болот.

Орозбековдун чалган боткосу билим берүүбүзгө чоң жоготууларга алып келиши мүмкүн, себеби канча жылдар аралыгында түзүлгөн окуу шарттарын, тажрыйбаны, окуу жайларда калыптанып калган салттарды бирзаматта бузуп, бырын-чырын жасап коюу оңой, тескерсинче жаңы окуу жайын калыптандыруу узак убакытты, көп эмгекти талап кылат. Азыр Орозбеков оозу менен орок оруп эле кыскартып, жоюп, кошуп коем деген кафедралар, адистиктер, окуу жайлар узак мезгилде, канчалган адамдардын арбын эмгеги менен калыптанган. Буларды кыскартууга абдан сергек акыл, назик мамиле керек. Артында финансылык кызыкчылык, тааныштык, жердештик сезим жаткан кыскартуулар оң натыйжа береби?..

М.Орозбеков азыр баарын өзүм чечем, мага кайрылсаңар маселеңер оң болот деген түр көрсөтүп, анын аркасынан таасирин күчөткүсү келип жатканы айдан-ачык көрүнүп турат. Анын таасиринин артышы келе жаткан кыскартууларда, эки баскычтуу билим системасына билим берүү укугун берүүдө, кабыл алуу учурунда жакшы акчалай каражат алып келиши турган сөз.

Дагы бир маанилүү жагдай жөнүндө да айта кетпесек болбос. М.Орозбеков ЖОЖдордун кабыл алуу пландарын бекитүүдө да өз кызыкчылыгынын чегинен чыга албай келет. Мыйзам, жоболорду, муктаждык шарттарды эске албастан, ал менен бармак басты, көз кысты кылып, тилин тапкан окуу жайларга көп, андай эместерге болушунча аз план бекип берип, мындан да май жалагысы келип жатат.

М.Орозбековдун билим берүүнүн табиятын жакшы түшүнбөгөн, түшүнсө да кызыкчылыгынын чегинен чыга албаган калпыс аракеттери терс натыйжаларга алып келет, коомчулукта социалдык чыңалуунун пайда кылат.

Ошондуктан урматтуу Өмүрбек Токтогулович, урматуу Канат Жалилович! Артынан жаман пикир, чуулгандуу сөздөр жүргөн, баскан жолу таза эмес, принципиалдуу, ак ниет иштөөдөн алыс М.Орозбековдой кызматкерлерден тазалансаңар жакшы болмок. Жасалып жаткан жакшы иштерди да булардын жасаганы жууп, өкмөткө элдин ишенимин төмөндөтөт.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×