Добавить статью
6:38, 2 июля 2012 17795

Тууганчылыктын күнгөй – тескей жактары

Тууганчылык, уруучулдук, жикчилдик… Кылымдар бою кыргыз элинде сакталып келаткан көрүнүштөр, анын ичинде уруучулдук кескин оң же кескин терс мүнөздөмө алуусу мүмкүн эмес. Глобалдашуунун фонунда уруучулдук, мүмкүн кыргызды кыргыз кылып сактап кала турган фактор болоттур. Эстеп көрөлүчү, ыраматылык СССР ураганда трайбализм кыргыз элин кыйынчылыктан сактап калбады беле. Биздин коомдун жалпы граждандуулук таанымына өтүүсүнө тууганчылык, уруучулдук, жикчилдик зор тосмо болору шексиз.

Илимде «тууганчылык системи» (система родства) деген термин бар. Тууганчылык кыргыздын эле оорусу эмес, бул дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн энчиси. Андан кутулуу өтө татаал, ал эми биздин азыркы шартыбызда мүмкүн эместей туюлат. Айтыңызчы, окурман, башыңызга балээ түшсө, тууганыңыздан жакын бөлөк бирөө болобу? Биздин саясатчылар бийликке жетери менен ушул принципти карманышат. Эгерде туура иштер жасалса, тууганчылык саясаттын оң жактары бар десек болот.

Биздин коом батыш таңуулап жаткан стандарттарга, анын ичинде үй- бүлөлүк башкарууну алсыратууга таптакыр даяр эмес деп айтууга болбойт, бирок ар нерсенин чеги болушу керек. Уруучулдукту таптакыр жоюу маңкурттукка жеткирерин биз 70 жылдын ичинде аңдадык көрүнөт.

Үй-бүлөлүк тууганчылык системи жакшы башкарууунун натыйжасында бүтүндөй урууларды, элдерди кыргындан сактап калганына Курманжан датканын башкаруусу мисал болуп бере алат. Россия империясынын Азияны басып алышы албетте, уруучулуктун басаңдалышына алып келип, отурукташуу түрдүү уруулардын интеграциясына алып келген. Бир уруу жашаган жерде бир нече уруу жашай баштаган. Демек, трайбализмди жоюунун бир жолу тыгыз интеграция, жогорку сапаттагы инфраструктура экени маалым. Орус империясы кыргыздарды уруу - уруу кылып уруштурбай ага катуу тыюу салды жана токтотту. Кийин орногон совет өкмөтү бул саясатты андан ары уланткан. Бирок коммунисттик режимде деле карьера жасаш үчүн тууганчылык же уруучулдук чоң роль ойночу. Бир уруудан же бир региондон делген байланыштарсыз бир да секирик жасалчу эмес да.

Эгемен тарыхта алсыраган трайбализм бир мандаттуу округдарга депутат шайлоо менен, ал эми регионализм президентти шайлоо менен күчүнө кирди. Кайсы кандидаттын канча кубаты бар, кайсы уруудан канча добуш топтой алат деген суроолор тагдыр чеччү суроолорго айланды.

Президент түндүктөн болсо, премьер түштүктөн, же тескерисинче деген бөлүшүүлөр келип чыкты. Мындай кылбоого бийликтин аргасы да жок. Коомдук аң-сезимде уруучулук менен жердешчилик жанаша жүрөт.

Ошондо да уруучулдуктан арылууда Батыш же Европанын баалуулуктарын тыкыр көчүрүп, ал эми биздин салттуу баалуулуктарды эскичилдик катары тануу улут үчүн кайталангыс жана уникалдуу болгон өзгөчөлүктөрүн жоготуп алууга алып келери шексиз.

Акаевдин алгачкы эки беш жылдан он жыл башкаруусунан соң мыйзамсыз үчүнчү мөөнөткө барышы жердешчиликти аябай жогорку деңгээлге алып чыкты. Кийинки саясий окуя - Бакиев менен Куловдун түзгөн тандеми, түндүк менен түштүктү бийликте тең салмактоо катары болгон иш аракет болгону менен бул маселени дагы да тереңдетти көрүнөт. Чынында Түндүк, Түштүк түрдүү менталдык көрөңгөлөргө ээ. Анын себептери көп. Ар бир регион өз колотунда бирден окуу жай ачып алып, жаштардын катташпай аралашпай калуусу, улуттун биримдигин чыңдоого терс таасирин тийгизгени да бир себеп. Жаштардын терс стереотиптер менен азыктанып, бирин бири жээриши күтүлбөгөн окуя эмес. Менин нарындык досум Ошто беш жылдан бери жашап калып, кайра барып Ош жөнүндөгү жөө жомокторду араң таркаттым дегенин эстей берем. Балээнин баары жалпы улутка таанымал мекенчил лидер жок болуп атпайбы. Мындайда регионалдык лидерлер менен борбордук бийликтин компромисс таап, жалпы кызыкчылыктарды бирге аныктап, биргелешип иштөөсү абадай зарыл. Регионализм жана трайбализмди кандайдыр бир мыйзам менен тыюу таптакыр мүмкүн эмес. Ошол эле учурда баарын жалпы жарандык таанымга алып келүү да болбойт. 

Коомдун бул оорулардан айыгуусу үчүн бир топ убакыт керек. Жаңы муун эсил кайран СССР ураганда туулса, азыр 20 жашка толуп турат. Бул муун бири бири менен катташпай калган муун. Анда эч күнөө жок. Ал эми компартиянын казанында кайнаган мурунку муун карып баратат. Ошол эки толкундун арасында алтын муун бар. Ошолор оңдоп кетер бекен, ынтымак болор бекен, күчтүү мамлекет кура алабыз го деген ишеним дагы да жашайт.

Чынында, күнү бүгүн Кыргызстанда бийликте улуттук лидер жоктой, болгону «локалдык масштабдагы» саясатчылар топтолгон. Албетте, улуттук лидер асмандан түшпөйт, аларды эл жаратат. Жаңы, келечектен көптү үмүттөндүргөн ыймандуу инсандар жок эмес, болгону бийлик аларды көргүсү келбейт же көрө албайт.

Акыркы болуп өткөн Кыргызстандагы «демократиялык шайлоолор» республиканы демократиялык өлкөгө айландыра алдыбы? Албетте, жок. Кооз сүрөттөлгөн парламенттик башкаруу кандай жемиштерди берерин айтууга эки жыл эртелик кылат. Таңууланган партиялык систем бар, бир да толук кандуу, бардык регион тегиз колдогон партия жок. Мамлекетибиздин 20 жылдык өмүрү, тилекке каршы, ачуу, трагедиялуу болду. Бизде башка Кыргызстан жок. Кайра эле эксперимент жасаганга өлкө чыдабайт, бирок сөздөн ишке өтө албаган бийлик, жыртык бюджет, дагы эле келаткан өлкөнү тоноп таламай саясат, чала сабат жазылган Конституция жогорку эшелондогу уурулук саясий туруктуулукка алып келбейт.

Бир да президент, Акаев да, Бакиев да, убактылуу Отунбаева да жакшы ойлор менен эстелбей калды го. Оңолобуз деген элдин эдиреңдеген энтузиазмын дал ошолор тепселешти го…

Мурда кийин болуп өткөн жана боло турган саясий өзгөрүүлөрдө жердешчилик, регионализм чон роль ойногону жана ойной турганы жашыруун эмес. Жердешчилик маселесин биз оң нукка оодарсак чоң ийгилик болор эле. Биздин учурда коом моралдык туңгуюкка капталгандай, көп адамдар жөн гана саясий багытын жоготкондой. Негизги маселелер кокту-колот, айыл же уруу көчө толтура митинг уюштуруу ыкмасы менен чечиле турган традиция бекемделди.

Саясатчы кетменчи менен качан өбүшөт? Туура – шайлоонун алдында. Ар бир адам өз кулунубуз деп шайлоодон баш тартып, чыныгы лидерге добуш бере турган кез өтүп баратат. Элита ток жашоосунда элди уруп ойнобогонуна капа болбогула, урматтуу карапайым шайлоочу. Сиз шайлаган бийлик системасы жашап кете алса, ал бийлик жалпы элге (регионго эмес!) таянган, жарандык тынчтыкты камсыздай ала турган, социалдык жактан татыктуу коргой турган, өлкөнү алга сүйрөй турган, кошуналардын алдында мажирөө болбой, теңата тартыша турган факторго айлануусуна көп убакыт талап кылынат. Бир - эки жылда оңолот дегенге ишенүү бул өзүн – өзү алдоого тете иш.

Ошентсе да Кыргызстан эч оңолбойт деген сезимдерди таркатуу үчүн тегерекке көз салалы.

Кытай XX кылымдын башында тозуп бараткан империя болчу. Чиновниктери апийим чегип, жерин чет өлкөлүктөргө сатып, ачарчылыкта адамдарды жеген Кытай мамлекети улуу державага айланды. Баары мактаган Грузия сегиз жыл мурда коррупциянын, «блаттын» мекени болуп келгени маалым. Тарыхта укмуштай кыйчалыш учурларда көп өлкөлөр өз жолун таап кетишти - Япония, Сингапур, Түштүк Корея, Кытай, Турция…

Атамбаевдин айтканы бар, өлкөнү бөлбөй бириктирүү үчүн мен теги жок, уруусу жок кыргыз болууга даярмын деп. Кыргызстандык деген тааным тектүү кыргыз деген таанымдан азыр аша албайт. Өлкө «жаңы кан», жаңы чынчыл саясатчыларга муктаж экенин Президент сезип гана тим болбой, аракет да кылуусу керек. Азырынча кооз сөздөр, убадалар, тил эмизүүлөр… Жалпы улуттук лидерге айлануу үчүн жасалчу иштер толтура. Болгону «саясий эрк» керек. А саясий эрк канча турат же аны кантип жейт -көпчүлүккө караңгы. Ошентсе да биздин бийликтегилерге кажыбас «эрк» жана ийгилик каалайбыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×