Добавить статью
10:02, 18 июля 2012 21413

Айтылуу Соң-Көл камкордукка муктаж

Деңиз деңгээлинен 3050 метр бийиктикте жайгашкан айтылуу Соң-Көл дүйнө жүзүндөгү өзү сыяктуу көлдөрдүн арасынан өзгөчөлүгү менен айырмаланат. Кылымдардан бери карай эле көлгө эч кандай суу агып кирбесе да, жылдын төрт мезгилинде тең андан бир сайдын суусундай суу агып чыгып турат. Бирок, көл эч качан бөксөрбөй, бир калыбында келет.

Көлдүн көркү каз өрдөк дегендей мезгилинде Соң-Көлдү жапайы каз -өрдөктөр уялап балапан чыгарып учуруп кетчү. Акыркы ондогон жылдардын аралыгында алардын саны да кескин азайып кеткен. Ал эми Союз мезгилинде көлгө пеляд жана сига деген балыктардын түрлөрү коё берилген. «Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты» дегендей ошол эле акыркы ондогон жылдар ичинде браконьерлер тарабынан бул жарыктыктын да тукуму үзүлүп бара жаткандай.

Себеп дегенде, биз буга Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбековдун демилгеси менен Соң-Көл өрөөнүн жайлап жатышкан Нарын, Кочкор, Жумгал жана Ак-Талаа районунун малчылары менен жолугушуусу ошондой эле айтылуу Соң-Көлдүн экологиялык абалы менен эртенки келечеги жөнүндөгү жумушчу сапарында күбө болдук.

Экологдор тарабынан көлдү браконьерлер таштап кеткен эски торлордон тазалоо жумуштарында торго илинип калышкан, болжол менен бир карышка жетип жетпеген бирин-экин балыктардан эле бүгүн Соң-Көлдө алардын денгээли канчалык экендигин байкоого болот.

«Жеке эле көлдүн балыктары эмес, мында келип кеткендер тарабынан целлофан пакеттер. пластик бөтөлкөлөр жана башка таштандылар да ондогон жылдар бою чогулуп келет. Болгону өткөн жылы Куйручуктун мааракеси өткөндө бир ай бою маараке өткөн участокту тазалаганбыз. Биз мындан ары ата-бабаларыбыз мурас катары бизге калтырып кеткен мындай сейрек кездешүүчү көлүбүзгө кыянатчылык менен мамиле жасоого толук бөгөт коёбуз», - деди Нарын облусунун губернатору.

Соң-Көлдө акыркы бир нече жылдан бери жайлоо туризми өрүш алып келет. Айрыкча жыл сайын жай мезгилинде дүйнөнүн төрт тарабынан келишкен жүздөгөн туристтердин маршруту да мына ушул айтылуу Соң-Көл аркылуу өтүп, алар бир же эки күн мында өргүп, көлүбүздүн кооздугуна суктанып кетишет. Андыктан деди андан аркы сөзүндө облус жетекчиси колубуздагы айтылуу өрөөндү ар тараптан камкордукка алуу , аны жай мезгилинде туристтердин мекенине айлантуу, ошондой эле мында келечекте балык өстүрүүчү чарбалар менен балык этин консервалоочу чакан кичи цехтерди уюштуруу, жумушчу орундарын түзүү жана өлкөнүн казнасына киреше киргизүү башкы план экенин айтты.

Бул күнү облус жетекчиси жана курамында ветеринарлар, медиктер, экологдор, жайыт башкармалыгынын жана маданият кызматкерлеринен турган бригада Соң-Көл өрөөнүнүндөгү малчылар менен жолугушууда бул маселени ортого коюшту. Айтылуу көлгө мамиле жасоо түп тамырынан өзгөрөрүн жана аны турмушка ашырууда алардын жардамдаш болуулары да айтылып, демилге малчылар тарабынан колдоого алынды.

Жолугушуулардын соңунда биз сөз кылып жаткан бригада Соң-Көлдүн жээгин кыдырып, таштандыларды тазалоо акциясын өткөрүштү. Мындай акциялар жакынкы күндөрдө облустун райондору тарабынан дагы колго алынып, Соң-Көл таштандылардан дагы кыйла арылат.

Ооба, чындыгында эле «колдо бар алтындын баркы жок» демекчи. Бул күнү Даниядан келишкен туристтердин чакан тобу Соң-Көлдүн ажайып кооздугуна суктанып, ала келишкен фото жана видео аппараттарына кайра кайра тартып жатышты. Ал эми алар бул өрөөндө айтылуу Ак-Мөөр сулуу менен Болоттун арзуусу калганын билишпесе керек. Атаганат Ак-Мөөр менен Болоттун комуз менен аткарган дастанын түшүнүшсө айтылуу Соң-Көлүбүзгө болгон суктануулары мындан да өзгөчө болоор беле эле дедим ичимден.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

24-02-2016
Ыйман ызааттын деградациясы
29629

07-08-2012
Нарын губернатору жарым жылдын отчетун берди
16664

06-06-2012
Малдан жуккан оорулардан корк
20077

17-02-2012
Чек арада үзүлгөн өмүр…
19104

09-02-2012

Нарында билим берүүнүн сапаты жакшырат

20767

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×