Добавить статью
4:11, 24 июля 2012 105151

Майлы-Суу эли премьер-министр Ө.Бабановго кайрылуу жолдошту

Урматтуу Өмүрбек Токтогулович!

Биз, Майлуу-Суу шаарынын тургундары, шаардык кеңештин депутаттары жана шаардагы мекеме – уюмдардын жетекчилери, Сизге кайрылуубуздун себеби төмөндөгүчө:

2011-жылдын 27- август күнү шаарыбызга жаңы башчы, мэр шайланган Бакалаев Рахатбек Кенжекулович. Мэр шайланганда шаардын социалдык-экономикалык көйгөйлүү маселелерин чечип, элдин жашоо-турмушун оңдойт деп жакшы үмүт кылганбыз.

Бүгүн 10 ай өткөндөн кийин бул жетекчи Бакалаев Р.К. эч бир жетекчилик, өндүрүштүк тажрыйбасы жок, билиминин жетишпегендигин көрсөттү. Натыйжада мэр болор астында берген убадасы жана программасынын аткарылбаганын өзү аныктады. Эгерде ушундай иш мындан кийин дагы улана берсе Майлуу-Суу шаарын жок деп койсок да болот.

Рахат Бакалаев жыйындарда мамлекеттик кызматкерлердин этикасын сактабай, жетекчилерге орой жана корс мамиледе жыйналыш өткөзөт. Бул РБакалаевдин бир күн да жетекчилик кызматта иштебегенин же өзүнүн жетекчилик жөндөмү жок экенин айгинелейт. Шаардагы көп жылдан бери иштеген тажрыйбалуу, кадырлуу тургундарды, жетекчилердин сунуш, пикир, кеңештерин укпай өз билгенин жасап, бирок натыйжа чыкпай жатат.

Ошондой эле шаардын 1-вице мэри А.Мамасалиев тарабынан дагы ушундай эле кемчиликтер кайталанууда. өз милдетине кайдыгер мамиле жасап, өзүнүн тажрыйбасынын жетишсиз экендигин билдирди.

Какаганга муштаган болуп Майлуу- Суу шаары быйыл болуп көрбөгөндөй нөшөрлөп жааган жамгырлардын, табигаттын кесепетисинен бир канча ирет сел жүрүп шаардын көчөлөрүн, үйлөрдү, жер аянчаларын кум, шагылга толтуруп, элдин жашоо турмушун өтө ыңгайсыз абалга алып келди. Ушул түзүлгөн кырдаалды өз убагында жоюуда шаардын мэри Бакалаев Р.К. жана 1-вице мэри Мамасалиев А.Э. компетенттүү эместегинен өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуда иштерди натыйжалуу уюштура албагандыгынан шаардын келечегинен түңүлгөнүнөн шаардагы орус, татар, украин жана башка улуттагылар кете башташты. Майлуу-Суу шаарына караган Көк-Таш айылынан эле 20 адам көчүп кетүүгө камына баштады.Селдин кесепетинен 2 өспүрүм каза тапты. Шаардын тургундарынын мэр Р.Бакалевге жазган арыз, каттары жоопсуз калууда. Ишти жакшырталы деп айткан жетекчилерди кызматтан алып, куугунтуктоодо. өзүнө караган депутттар менен биригип бийлик элден бөлүнүп алды.

Ошондуктан шаарыбыздын экологиялык, экономикалык, географиялык эң негизгиси социалдак абалына байланыштуу шаарыбызга тажрыйбалуу, билимдүү, чечкиндүү, компетенттүү жетекчинин келишин каалайбыз.

Урматтуу Өмүрбек Токтогулович!

Майлуу- Суу шаарынын мэри Бакалаев Р.К. жана 1-вице мэри Мамасалиев А.Э. ээлеген кызматтарынан тез арада бошотуп берүүңүздү суранабыз деп Майлуу-Суу шаарынын тургундары, шаардык Кеңештин депутаттары, мекеме-уюмдардын жетекчилеринин атынан кайрылуу жазып кол коюучулар:

1.А.А.Тогтогулов, Майлуу-Суу шаардык кеңештин депутаты,

2.А.К.Курманкулов, Майлуу-Суу шаардык кеңештин депутаты, шаардык сууканал мекемесинин жетекчиси

3.З.Анарбаев Шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу мекемесинин директору

4. А.Керимбеков, башкы архитектор

5.А. Токторбаев «Кыргызпочтасы» ишканасынын шаардык бөлүмүнүнү жетекчиси

6.А.Кайыпов шаардык мамкаттоо мекемесинин жетекчиси

7.Ч.Айдаралиев, соцфонддун жетекчиси

8.А.Закиров ОПБ, өрткө каршы кызматттын жетекчиси

9.С.Кенжебаев,шаардык кеңештин депутаты,

10. Т.Дөнбаев, Тиш дарылоо мекемесинин жетекчиси,

11.А.Сагындыкова шаардык социалдык өнүгүү башкармасынын жетекчиси

12.М.Темирова, Калкты жумуш менен камсыз кылуу жана миграция кызматынын жетекчиси

13.К.Суйунбаев, Майлуу – Суу тигүү фабрикасынын директору

14.К.Абдыбеков, балдар үйү жана интеранатынын жетекчиси

15.М.Анарабев, участкалык ветеренардык дарыгердин башчысы

16. Б.Сатаров, Аксакалдар кеңешинин төрагасы

17 К.Дандиев, шаардык кеңештин депутаты,

18.Э.Кайкиев, шаардык кеңештин депутаты,

19. А.Оморов, шаардык кеңештин депутаты

20. М.Касымов, шаардык кеңештин депутаты

Кайрылууга мындан башка 200дөн ашык адам кол койгон.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×