Добавить статью
10:03, 7 августа 2012 22056

Президентке жана өкмөткө кайрылуусу

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин №-11 жатаканасында жашаган мугалимдер, аспиранттар жамааты Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбековго, президент Алмазбек Атамбаевге, премьер-министр Өмүрбек Бабановго, билим берүү жана илим министри Канат Садыковго расмий кайрылуу жолдошту.

Кыргызстанда 2010-жылдын 7-апрелинде адилеттүүлүк үчүн элдик революция болду. Канчалаган эр азаматтарыбыз кыргыз элинде адилеттүү жана мыйзамдуу бийлик орношуна кырчындай болгон өмүрлөрүн кыйышып, «Карапайым элдин алдына адилеттүүлүктү алып келишибиз керек» - деп «Бакиевчилердин» бийлигин кулатып кетишти. Ошол күн ар бирөөбүздүн жүрөгүбүздө адилеттүүлүк жана калыстык үчүн күрөшкөн өзгөчө улуу күн катары терең сакталып калды. Ооба, бийлик алмашты, жаңы өкмөт, жаңы конституция, жаңы шайланган депутаттар келишти. Алардан карапайым элибиз канчалаган жаңы үмүттү, «эми мына келечегибиз чындап оңолот экен» - деген аруу тилектерди күтүштү. Жалаң эле өкмөт башындагылар алмашып тим болбостон, алардан кийинки бийлик бутагындагылар кошо жаңырып, анын ичинде билим берүү системасында дагы министр, ректорлор дагы алмашып «Мындан ары элдин талабын адилеттүү чечүүгө милдеттүүбүз» - деген убадаларын беришкен. Бирок «майыптын буту дагы эле майып» дегендей, баягы «бакиевдик» режимден калган эскиче иштөө, элдин үнү менен эсептешпей каалаганын кылган оору дагы эле айыга элек. Башкасын айтпаганда да, билим берүү системасында жүргүзүлүп жаткан көптөгөн терс көрүнүштөрдүн бирөөсү тууралуу айтууга убакыт келип отурат.

Биздин Кыргыз Улуттук университетине таандык болгон, Манас-Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан №-11 жатакананын (Жумабек көчөсү 182) жашоочулары, мындан ары туура чечим кабыл алганга көмөк көрсөтүшөт деген терең ишенич менен сиздерге кайрылууга аргасыздан улам мажбур болуп отурабыз. Университеттин №11-жатаканасында 105-сериядагы 87 бөлмөсү бар. Ал жерде Улуттук университеттин студенттери, аспиранттары, мугалимдери жана жумушчулары жашайт. Эң алды 15 жыл, арты 2-3 жылга чейин жашагандар бар. Баардыгы үй-бүлөлүү, экиден, үчтөн, төрттөн балдары бар. Арасында илимдин кандидаттары, доценттерден тартып жаңы турмуш куруп оокат кыла баштаган жаш мугалимдер да бар. Бул жерде жашагандарга жылына 10 айга (1-сентябрдан кийинки жылдын 30-июнуна чейин) келишим түзүлүп турат. Мындай жагдай борборубуздагы жогорку окуу жайларынын (ЖОЖ) ичинен бир гана биздин Кыргыз Улуттук университетинде бар экен. Ал эми калган ЖОЖдордо мугалимдери канча жыл жашаса деле, эгер ошол жерде иштеп жаткан болсо жайкы эс алуу учурунда турсун башка учурларда дагы дүрбөлөңгө салып козгошпойт. Мисалы, Ишенаалы Арабаев атындагы КМПУ, И.Скрябин атындагы Агрардык академия жана башкаларда. Бир эле ушул биздин Кыргыз Улуттук университетинде, ар жыл сайын, өзгөчө жайкы эс алуу кызыган июль, август айларында университеттин ректору тарабынан түзүлгөн жайгаштыруу комиссиясы №11-жатакананын жашоочуларын ордунан козгоп, «психологиялык жактан оор сыноодон өткөрүү» терапиясын башташат. Адегенде документтерди чогултуп тапшыруу процедурасы, андан кийин турак жай комиссиянын чечими менен «кара тизмеге» түшкөн жашоочуларга «аң уулоо» башталат. Кокус жатаканада жашагандардын бирөөсү кайсы бир жылы университеттин кайсы бир жатаканасында жашаса, ал мөөнөт алты жылдан ашып кетчү болсо ал жерди токтоосуз бошотуп чыгышы керек. Эгер чыкпасаң милициянын күчү менен чыгарабыз деген үстөккө босток коркутуулар келип, жашап жаткан адамдын үстүнө мыйзамсыз ордер жазылып, анык ызы-чуу башталат. Проблеманы маданияттуу түрдө сотко кайрылып, мыйзам чегинде, укук талаасында чечүү деген жок. Аргасы кеткен жашоочулар бири омбудсменге, бири юристке, бири дагы бир таасирдүү таанышына чуркап адилеттик издеп жөнөшөт. Ошону менен же отпусканын, же эс алганыбыздын дайыны жок стрессте чыңалып жүрүп окуу жылы башталат. Барынан да кызыгы мугалимдер менен жашоочулардын таламын талашып, социалдык жактан коргой турган профсоюздун мындайда карааны жок. Тескерисинче ошол «чыгарылсын» - деп берилген эскертүүдө университеттин прфсоюздук уюмунун орун басары Ивановдун колу коюлуп келүүдө. Же профсоюз уюму деген өзүнүн функциясын өзгөртүп, элди коргобой эле кордоп калганбы? Муну кандайча түшүнсөк болот? Ушундай көрүнүш жылдан жылга эле кайталанып, жашоочулардын бардыгынын болгон нервин алып бүттү. Мыйзамдуу эс алуу учурунда бул жатаканада жашаган мугалимдерди эс алууга чыгарбай, «бөлмөңдү үч күндүн ичинде бошоткун» - деп жарга такап турганга аларга ким укук берет? Чыгарам дегенге жараша Кыргыз Улуттук университети өзүнүн мугалимдерине акыркы 10 жылдыкта кандайдыр бир ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүп бериптирби? - деген суроо туулат. Университет жашоочуларга үй салып, жер участогун алып бербей эле койсун, жок дегенде ошондой мазмундагы катты жазып, мэрияга же өкмөткө жолдоп, моралдык жактан колдоп койгонго жарадыбы? Эч качан! - деп жооп берээр элек. Мисалы, жыл сайын университетке кабыл алынган студенттердин окуу акысы жыл сайын жогорулап өскөнү менен келишимдик түрдөгү айлык маянабыз ошол эле боюнча (быйылкы иштөө стажыбызга жараша келишимдик маянабызга кошулган бир аз акчаны эсепке албаганда). Ошондо деле мугалимдер билимдүү, маданияттуу элбиз го, «эми бир жолкусун чыдайлы, анан көрө жатаарбыз» - деп коюп эч козголбойбуз. Ар бирөөбүз алыбызга жараша иштеп, үй-бүлөбүздү багып жатабыз. Же өзүбүздүн социалдык маселебизди мыйзамдуу чечип бергенге университет жетекчилиги маани бербесе, андан көрө коркутуп үркүтүү аркылуу бизди сүрүп чыгарып, өздөрүнүн өң тааныш адамдарын киргизгенге кызыкдар болсо биз эмне кылышыбыз керек? Же адилеттикке жетиш үчүн жатакана тургундары бардыгыбыз Ак үйдүн алдына бир нече күн катары менен митингге чыгып кыйкырып, сөзсүз эле Өмүрбек Бабанов менен Алмазбек Атамбаевдин отставкасын талап кылышыбыз керекпи? Сөзсүз эле тынчтыкты бузуп, шаар тургундары менен коомчулуктун назарын буруп, билим берүү министри Канат Садыковду кошо көчөгө териштирүүгө чакырып, ач айкырык салмайынча маселе жөн чечилбейби?

Эмне үчүн мыйзамдуу жолдор турса проблеманы укуктук талаада чечпей, көчө кыйкырык митингин модага айлантабыз? Же көйгөйдү чечүүнүн жалгыз жолу ушул гана калдыбы?

Чындыгында университет №11 жатаканасынын жашоочуларынан эч кандай зыян тартпайт. Ар бир бөлмөнүн жашоочулары жайы-кышы дебей айына ректорат тарабынан бекитилип берилген 2880 сом батир акысын келишим боюнча 10 ай жана келишимде жок болгон июль-август айларына да төлөйбүз. Бул квартиралар деле баардык шарттары менен түзүлгөн бөлмөлөр эмес. Биринчиден, тогуз кабаттуу жатаканада лифт иштебейт. Экинчиден, насос аркылуу берилген муздак суу эртең менен, түштө, кечинде график менен бир сааттан гана берилет. Ал дагы 6-7-8-9- этаждарда жакшы чыкпагандыктан тургундар чака, чайнек, ваннадан бери эртелеп толтуруп алганга аргасыз. Үчүнчүдөн, жайкы ысык аптап учурунда май айынан баштап сентябрь айына чейин) ысык суу толугу менен өчүрүлөт, ал эми калган убактарда жумасына 3 күн гана берилет. Кыскасы, электр энергиясынан сырткары башка эч кандай шарт түзүлгөн эмес. Эмне үчүн жайы-кышы бирдей акча төлөйбүз, эмне үчүн ысык суу, муздак суу дегендер толук берүүгө мүмкүнчүлүк бар болуп турса да чектелип берилет, перерасчёт кылгыла деп талап кылган киши деле жок. Бардыгына кайыл болуп, ушуга деле шүгүр деп жашап жатсак, баягы ректордун буйругу менен түзүлгөн комиссия (комиссияда жатакананы эч бир өкүлү жок, ректор өзү каалагандай комиссия түзүп, каалаган адамын киргизет) июль-август айларында тынчыбызды алып, качандыр бир жылдары тиги жатаканада, бул жерде жашаптырсын, ошону менен алты жыл жашоо мөөнөтүң бүттү, комнаталарды тез бошото салгыла дешип, бизди талаага чыгара салганга шашат. Жыл сайын ушундай «психологиялык сыноо тести» бир маал өтүп турат. Бирок, жыйынтыгында комиссиянын «калыс иштегенинин» жыйынтыгында өң тааныш аркылуу эсеп палатасынан, түрдүү министрликтерден, Ак үйдөн келип жашап жаткандарга эмнегедир университет мыйзам жол берген уруксаатты тез эле таап берип, жакшынакай жашап калып жүрүшөт. Аларга суроо да жок, канча жыл жашаса деле укугу бар, эч ким аны териштирбейт, эгерде териштирип башташса «чоңдордон» кат келет да маселе чечилет. Ушундай өзүм билемдик башкаруудан кийин сиздерге кайрылып, калыстык издөөнү туура көрүп отурабыз. Эгер, мугалимдердин орточо эсеп менен алган маянасы айына 3500-4000 (төрт миң) сомду түзсө, анын 2880 сомун ижара акысы үчүн жатаканага төлөсөк (жашоочулардын арасында жалгыз бой бирден үчкө чейинки баланы тарбиялап жаткандар да бар), балдардын бала бакчасына, мектебине төлөсөк, анан баскан турганыбыз, тамак-ашыбыз менен эсептегенде кайсы акчабызга Бишкек шаарынан алты жылдын ичинде жеке квартира же, үй куруп ала турган участок сатып алабыз? Эгерде өкмөттүн экономисттери бизге келип, айына 4000 (төрт миң) сом маяна менен бала чакаңды да багып, алты жылдын ичинде квартира сатып алсан да болот дегенди далилдеп, жол көрсөтүп берсе, жатаканада жашагандар толугу менен ордубузду бошотуп берип, чыгып кеткенге даярбыз. Же биздин өлкөдө адамдар алты эле жыл үйдө киши катары жашап, ал эми калган учурда бомж сыяктуу талаалап жүрүшүбүз керекпи?

Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев 2012-жылды «Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы» деп жарыялады. Эл менен жолуккан учурунда кайсы жерде болбосун: «Мындан ары ушул ызы-чуу, нааразычылык дегендерден алыс бололу, кандай гана проблема, көйгөй болбосун бийлик жетекчилери маселени ордунда чечкиле, колубуздан келишинче тынчтыкты камсыз кылып, үй-бүлөбүздүн ынтымагын, өлкөбүздүн эртеңки келечегин чыңдап, бекемдегенге жалпыбыз бирге аракет кылалы, болбосо тыштан бирөө келип аны бизге жасап бербейт» - деп биримдикке чакырып жүрөт. Же университеттин жетекчилигине мындай тынчтыкты тилеген саясаттын кереги жокпу?

Ушул көйгөйлөр менен ректор Искендер Исамидиновго өткөн окуу жылында кайрылсак, ал университеттин жалпы административдик башкаруучулары (декан, директор же алардын орун басарлары, проректорлор, бухгалтерия, пландык бөлүм, коменданттар ж.б.) менен өткөрүп жаткан жыйналыш учурунда: «Университет силердин социалдык муктаждыктарыңарды чечкенге милдеттүү эмес, аны өзүңөр чечип алгыла, мындай квартирага башка жактан чыксаңар 200 АКШ долларынан кем эмес төлөп жашамаксынар, университетте иштеп жүргөнүңөргө ыраазы болгула» деп келекелеп, мазактаган жообун айтып узаткан. Өкмөт тарабынан, президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен келген ректор Искендер Исамидиновдун социалдык жактан колдоого муктаж болуп турган мугалимдерге кылган мамилеси, айткан акылы ушул. Келечекти көрө билген жетекчинин айтаар жообу ушундай болсо кызматкерлер келечекте эмнеге үмүт артат? Ал эми быйылкы жылы №11-жатакананы жашоочуларынын атынан, көйгөйлөрдү айтайын деп барган адамды «Сен мени коркутпа, жагдайды мен ансыз да сенден жакшы билем, өзүң кайда иштейсиң, сени жетекчилигиңе айтып чара көрүш керек экен» - деп кайра опузага алып, коркутуп узаткан.

Ректор И.Исамидинов университетке жетекчи болуп келгенден баштап ар бир жыйында, чогулуштарда университеттин 80 жылдык юбилейин өткөрүүгө даярдык көрүп жатабыз дейт. «Бир нече пункттан турган иш-чараларды өкмөттүн алдына койдук, ошол иш-чаралардын бирөөсү катарында Кыргыз Улуттук университетинде иштеген мугалимдерге үй куруп берүү маселеси каралды» - деп тынбай кайталап келе жатат. Бирок, жыйынтыгында алар дагы коммерциялык баада салына турган үйлөр экен. Ар бир мугалим алгач банкка биринчи взнос катары 8000 (сегиз миң) АКШ долларынан кем эмес акчаны төгүшүбүз керек, андан кийин банк биздин үй-бүлөлүк кирешебизди текшерет экен. Эгерде банктын талабына туура келбесе, ал дагы жок. Бирок ошого карабай арызыбызды профсоюздук уюмга берип, эптеп илингенге аракет кылып жатабыз. Эгер ошол пландар ишке ашып, үйлүү-жайлуу болуп калсак ректорду өзүбүз биринчи чакырып жатаканасын бошотуп берет элек. Азыр кайда барабыз, же ошол үйлөр салынганга чейин тынч коё турушса болбойбу? Болбосо ректору болобу, профсоюздук уюму болобу өкмөткө, президентке кайрылып биздин университеттин мугалимдерине жеңилдетилген шарттарда үйлөрдү курууга, ссуда алууга, же үй куруу үчүн жер участокторун алууга аракет кылып, жардам беришсе болот эле го? Же ал үчүн укмуштуу бир акыл даремет, айла-амал керекпи? Тилекке каршы андай эл үчүн күйгөн кайрымдуу, күйөрман ректор жок болуп жатпайбы. Калп эле төштү койгулап, канча миллион каражат кетирип юбилей өткөргөн акчаны андан көрө керектүү иштерге жумшап, социалдык маселелерди чечкенге сарптаса болот эле го. Бул биздин улуттук университеттеги көйгөйлөрдүн бир эле чекеси. Айта турган көйгөй санай келсе улам бири чыгат. Азырынча ушул жатакана маселеси боюнча биздин үнүбүз кимдир бирөөңүздөргө жетээр бекен деген үмүттө аргасыздан кайрылууга мажбур болуп жатабыз. Белгилеп айта кетээрибиз буга чейин жатаканада жашаган айрым өкүлдөрүбүз Омбудсмен институтунда, башка юрист, адвокаттарда болуп

кеп-кеңеш алып, жатаканада жашаганга Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бизге толук руксаат берээрин, тактап айтканда өлкөнүн турак-жай жана граждандык кодекстеринде бул тууралуу так жазылганын аныктап кайтышты. Бирок, жылда болуп келгендей жатаканадан чыгаруу максатында ректорат тарабынан административдик ресурс аркылуу (деканат, кафедра башчысы тарабынан) кысымдар, коркутуулар башталып, териштирүүлөр улангандыктан сиздердин кийлигишүүңүздөрдү талап кылабыз.

Сөзүбүздүн акырында урматтуу спикер мырза, урматтуу президент, урматуу өкмөт башчысы жана урматтуу билим берүү министри, сиздерге расмий түрдө кайрылып, Кыргыз Улуттук университеттин №11-жатаканасында жашаган мугалимдеринин социалдык жашоо турмушуна байланышкан ушул көйгөйлөрүн калыс карап, адилеттүү чечим чыгарганга салымыңыздарды кошуп бериңиздер деп өтүнөбүз.

№11-жатакананын жашоочуларынын тизмеси: бардыгы болуп 24 адам кол койгон. (талап кылынган учурда жашоочулардын колу коюлган кагаздын көчүрмөсүн кошо берүүгө даярбыз).

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×