Добавить статью
11:55, 7 августа 2012 16680

Нарын губернатору жарым жылдын отчетун берди

Жылдын жарымы аяктады. Андыктан, кайсыл өндүрүш тармагында болсун жыл башынан бери кандай иштер бүткөрүлдү, дагы кайсыл иштерди аткаруу милдети турат, деген маселелер кимди болбосун көбүрөөк тынчсыздандырып жаткан мезгил.

Республикабыз эгемендүүлүктүн жыйырма жылы ичинде бир эмес, эки революцияны башынан кечирди. Ар бир революциянын жыйынтыгы менен өлкөбүз экономикалык жана социалдык өсүп-өнүгүүлөрдө артка кетүүлөргө дуушар болду. Мына ушулардын баарысы тең мурдагы бийлик менен элдин ортосундагы ажырымдан улам келип чыккандыгы маалым. Демек, азыркы аткаруу бийлигинин башкы милдети - элдин ишенимине ээ болууда турат. Качан гана эл бийликке ишенгенде мамлекетибизде өсүп-өнүүгүүлөр башталат, деди өзүнүн жарым жыл ичиндеги отчетун берип жатып Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбеков.

Чындыгында эле ар бир жарым жылдыкта облуста аткарылган иштер тууралуу коомчулук алдында отчет берүү Нарын облусунун губернатору тарабынан өткөн жылдан бери салтка айланып келет. Бул жолу облус жетекчисинин отчету менен таанышканы келишкен коомчулктун өкүлдөрү губернатордун отчетун «миң жолу уккандан бир жолу көргөн артык» деген форматта таанышышты. Же болбосо адаттагы узун сабак докладдардын ордуна жыл башынан бери Теңир-Тоо аймагында анын демилгеси менен аткарылган иштер кыскача мазмуундуу даярдалган видео-ролик аркылуу көргөзүлдү.

Анын сонунда облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы тек гана аткарылган иштер тууралуу тармактар боюнча цифралар менен комментарий жасап берди. Жалпылыштырып айтканда, Нарын облусунда экономикалык өнүгүүсүн аныктаган баардык тармактарда стабилдүүлүк жана өнүгүү тенденциясы басымдуулукка ээ болгон.

Өзүнүн отчетунун аягында губенатор бир катар суроолорго жооп берди.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

24-02-2016
Ыйман ызааттын деградациясы
29654

18-07-2012
Айтылуу Соң-Көл камкордукка муктаж
21427

06-06-2012
Малдан жуккан оорулардан корк
20096

17-02-2012
Чек арада үзүлгөн өмүр…
19133

09-02-2012

Нарында билим берүүнүн сапаты жакшырат

20793

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×