Добавить статью
11:32, 16 августа 2012 34199

Коррупция - өлкө бюджетинин душманы

Коррупцияны аныктоо абдан эле татаал, ал айлакер, эки жүздүү жана абдан өзгөрмөлүү келет. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын мурдагы башкы секретары К.Аннан коррупцияны «социалдык жугуштуу оору» катары мүнөздөп, азыркы коомубуздун эпидемиясы деп таамай белгилеген: «Коррупция демократияны жана укук тартибин басаңдатуу менен, адамдар укугун бузууга алып келет, рынок механизмдерин бурмалайт, адамдардын турмушун начарлатат, уюшкан кылмыштуулукка өбөлгө түзөт, терроризмге жана башка эл аралык коркунучтарды келтирет». Бул абдан эле коркунучтуу көрүнүш ал чоң жана чакан, кедей өлкөлөрдө кеңири орун алган.

Коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү биздин өлкөдө мамлекеттик саясаттында эң маанилүү багыты катары каралууда. Коррупцияга каршы мамлекет жүргүзө турган иш-аракеттер «Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөштүн улуттук стратегиясында» аныкталган. Аткарыла турган иш-чаралар жөнүндө «Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүүнүн Улуттук Стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин 2009-2011-жылдарга Улуттук Планында» так көрсөтүлгөн. Бул стратегияда коррупциялык укук бузууларды табууга, аларга бөгөт коюуга, күнөөлүү адамдарды жоопко тартууга багытталган ченемдик укуктук акт болуп кабыл алынгандан бери, коррупциялык укук бузууларга каршы күрөшүүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздеринде Президент тарабынан улуттук коопсуздук комитетинде коррупцияга каршы кызматы ачылган.

Учурда чиновниктердин, бийлик структураларынын ишин кандайча ачык-айкын кылууга болот же коррупциялык кылмыштуулуктарга кандайча бөгөт коюуга болот деген көйгөйлүү маселе орун алып келет. Эмне үчүн айрым учурларда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган кызмат адамдарга караганда майда-барат уурулук менен алектенген жөнөкөй адамдар темир торго отургузулат деп коомчулукта көптөн бери айтылып келет. Бирок кийинки учурларда бийлик органдарында иштеп турган жана мурун иштеп кеткен бийлик бутактарындагы айрым кызмат адамдардын, атап айтканда учурдагы социалдык өнүктүрүү министри Р.Сабиров жана мурунку шаар мээри Н.Түлеевдин кармалышын айтууга болот.

Мына ушул маселелер тегерегинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин финансылык контролдук жана коррупцияны алдын алуу башкармалыгынын начальниги Бакыт Кушбекович Бакетаев менен ой-пикир бөлүштүк.

- Бакыт Кушубекович, сиздин башкармалыктын ачылганына аз эле убакыт болсо керек, мына ушул аз убакыт аралыгында сиздердин башкармалык кандай иштерди аткарууга жетише алды?

- Жакынкы мезгилде көптөгөн коррупциялык схемалар боюнча фактылар, мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамсыз тендер өткөрүүлөр боюнча бир катар мыйзамсыз тендер өткөрүүлөргө тыюу салдык. Атап айтканда, учурдагы жылдын 7-майында өткөрүлгөн тендер боюнча «Электр станциялары» ААК тендердик комиссиясынын мүчөсү А.Дауталиеванын кайрылуусун карап чыктык, анда бир тоннасына 42 доллар баада 386 миң тонна жалын кени чыккан жер боюнча «КОМКО» Маркетинг КЗ» жана «сарыарка ENERGY» концсорциуму бонча №1 Лотту жокко чыгардык. Кезектеги кайра тендерди өткөрүү жолу менен бир булактан сатып алуу менен көмүрдү бир тоннасына 40 доллар баасында сатып алууга уруксат берилди. Натыйжада бюджеттик каражаттар 36 млн 438 миң суммасына үнөмдөлдү.

Ал эми дагы бир тендер боюнча, тактап айтканда, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдарына акциздик марканы даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерге болгону эки гана кампания катышуусуна байланыштуу тендерди өткөрүлгөн жок деп таанылды. Кийинки кайталанып өткөрүлгөн тендерде 10дон ашуун кампаниялар катышышты, албетте көбүрөөк атаандаштык шартында сунушталган баалар кескин төмөндөдү. Тендер жыйынтыгында өлкөнүн бюджети 64 млн 758 миң сомду үнөмдөдү. Ошентип 101 млн 196 миң бюджеттик каражаттар үнөмдөлдү.

- Айтыңызчы коррупцияга каршы иш аракеттер боюнча тийиштүү укуктук-ченемдер кабыл алынганы менен реалдуу жылыштар анчалык сезилбейт. Андыктан коррупцияга каршы күрөшүү боюнча өнүккөн чет өлкөлөрдүн, а.а. Италия, Сингапур же Грузия өлкөлөрүнүнүн кайсы алгылыктуу жактарын алууга болот деп эсептейсиз?

- Мисалы, Италияда бизнес менен чиновиктер ортосундагы коррупциялык байланыш абдан тыгыз иштеп келишкен. Канчалык тыгыз болсо көбүрөөк мүмкүнчүлүк ачылып турган. Бул жерде укук коргоо органдарынын ишинин ырааттулугу, күчтүү жана көз карандысыз сот бийлиги аркылуу жетишилген. Ар бир өлкө бир өлкөнүн ийгиликтүү жактары менен ийгиликке жетише албайт.

Учурдагы финансы министри А.Жапаровдун коррупцияга каршы иш аракеттеринин бири деп бюджеттин эки деңгелдүү баскычта түзгөндүгү белгилеп кетет элем. Аны мындайча түшүндүрүүгө болот. Мисалы, айыл өкмөтү мурда райондук финансы бөлүмүнө, андан кийин облустук финансылык бөлүмүнө каражат алууда көптөгөн кыйынчылыктар менен ар бир деңгээлде ала турган каражат суммасынан белгилүү бир акча каражатынан таштоолору жашыруун эмес эле. Финансы министрлиги мындай коррупциялык схемаларга бөгөт коюу менен азыр айыл өкмөтү казыналыктан түз эле айыл өкмөтүнө тийиштүү каражатын өздөрү алууга мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бир сөз менен айтканда бюджет каражаттарынын натыйжалуу пайдалануусуна контролдук күчтөндүрүлөт.

Кошумча айта кетүүчү нерсе, Финансы министрлиги мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу үчүн ачык-айкын тендерлерди өткөрүү механизмдерин иштеп чыгып, ал ийгиликтүү иш жүзүнө ашууда.

- Сиздердин министрликте бюджеттин чыгашаларды түзүү жагында кандай жаңы демилгелер ишке ашырылууда?

- Мамлекеттик чыгашалар чөйрөсүндөгү саясат учурда эки багыт боюнча - «каражаттар боюнча жашоо» ,- коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү. Мамлекеттик финансыны натыйжалуу жана ачык айкын башкаруу боюнча Финансы министрлиги долбоорлор түрүндө жаңы демилгелерди иштеп чыгышты.

Мамлекеттик сатып алуулардын электрондук системасы – абсолюттук айкындык жана мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө бардык маалыматка коомчулуктун жеткиликтүүлүгү, Бирдиктүү казыналык эсеп-чот жана казыналык системасын автоматташтыруу – бир банктык эсеп-чот аркылуу мамлекеттик финансыны борборлоштурулган башкаруу тутуму; «Ачык бюджет» порталы – республикалык жана жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгашалары боюнча маалыматтарды берүүнүн автоматташтырылган системасын мисал кылууга болот.

- Грузияда көчөдө велосипед менен суусундук саткан сатуучу ар бир сатып алуучуга чек берүү тажрыйбасы кеңири тараган, ал эми бизде абал тескерисинче, салык жыйымын жыйноо жагында көптөгөн мүчүлүштүктөр бар, салык төлөдөн четтөө менен айым бир чиновниктин чөнтөгүнө түшкөн каражаттар боюнча кандай иштер жүргүзүлүүдө, о.э. бюджеттин киреше бөлүгүн натыйжалуу толтуруунун кандай жаңы механизмдери айта аласыз?

- Албетте, бул сурооңуз абдан көйгөйлүү маселе. Бул жааттан алганда министрликте Экономикалык карта түзүү, атап айтканда, бюджет жана бюджеттик процесстин башка катышуучуларынын маалымат базасы менен өз ара байланышуу боюнча административдик-аймактык бирдикти өнүктүрүүнүн экономикалык көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтарды жыйноонун, сактоонун жана иштеп чыгуунун аналитикалык системасы боюнча келечекте алгылыктуу иштер ишке ашат деген ойдомун. Дейт Б.Бакетаев.

Макала соңунда өлкөбүздү бюджетин ачык-айкын башкарууга жетишсек болот, системаны өзгөртүү менен өнүгүүгө багытталган реформаларды кагаз бетинде калтырбастан турмушка ашырууга жигердүү эрк гана жетишпейт, анткени коңшулаш мамлекеттерге салыштырмалуу элибиздин саны деле чакан калкыбызды экономикалык жактан жетиштүү камсыздоо үчүн табигый ресурстарыбыз деле абдан жетиштүү. Андыктан бүгүнкү өнүгүүгө тоскоол болгон коррупциялык схемаларга бөгөт коюу менен уурдалган каражаттар мыйзамдалса, бардык салык төлөөчүлөр тийиштүү салыктардан четтебей ак ниет төлөмдөрдү жүргүзсө бюджетке түшүүчү кирешелер көлөмү көбөйүп, элибизде татыктуу жашоо жана өлкөбүздө туруктуулук өкүм сүрмөкчү.Коррупция - өлкө бюджетинин душманы

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

01-11-2012
Жети-Өгүз курортунун күнгөйү менен тескейи
33493

10-05-2011
Мажбурлоочу эмгек же адамдарды эркинен тышкары  сатуу
52823

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×