Добавить статью
8:51, 23 августа 2012 323680

Өкмөттүн токтому эмнеге Жалал-Абадда ишке ашпай жатат

Өкмөттүн №275 токтому эмне себептен Жалал-Абадда ишке ашпай жатат

Анархан Жаңыбаева, Жалал-Абад шаары.

Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын окуяларында жабыр тарткандарга арналып 60 батирлүү үй бүткөрүлүп, өз ээлерин саргайып күтүп жаткан чагы. Ал эми жергиликтүү бийлик төбөлдөрү болсо Кыргыз өкмөтү тердеп-тепчип чыгарып койгон №275-токтомун ишке ашырууга анчалык көңүлдөнбөй келе жатышат.

Үстүбүздөгү жылдын 4-майында КР өкмөтү «Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программасынын алкагында курулган турак жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына берүү тартиби жөнүндө» № 275-токтомун чыгарган. Токтомго ылайык, мамлекеттик комиссия түзүлүп, анын жобосу бекитилип, мамлекеттик дирекция тарабынан салынган көп кабаттуу үйлөр кимдерге берилиши керектиги боюнча алардын категориялары көрсөтүлгөн. Аталган токтомдун жобосунун 8-пунктуна ылайык, «жергиликтүү комиссиянын жобосу жана курамы жергиликтүү кеңештердин чечими менен түзүлөт жана бекитилет» - деп жазылган. Жергиликтүү комиссиянын көпчүлүк добушу менен кабыл алган чечимдери протокол менен таризделип, кабыл алынган арыздар менен документтер тиркелип, Мамлекеттик комиссиянын жактыруусуна 10 жумушчу күндүн ичинде жиберилет.

Биз сөз кылып жаткан токтомдун жарык көргөнүнө төрт айга жакын убакыт болгону менен Сузак, Базар-Коргон, Аксы, Ала-Бука райондорундагы жана Жалал-Абад шаарындагы жергиликтүү комиссиялар өз ишмердүүлүгүн КР өкмөтүнүн 2010-жылдын 22-ноябрында «Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан КР жарандарына биринчи кезекте турак жай берүү тартиби жөнүндөгү» № 295-токтому менен иш жүргүзүп келе жатышат. Бирок, бул токтом №275-токтомдун негизинде күчүн жоготконуна карабай, райондордогу жергиликтүү комиссиялар жаңы токтомго ылайыктап өздөрүнүн жобосун кайрадан өзгөртүп түзүшкөн эмес.

Өкмөттүн токтомун кеч болсо да облуста бир гана Базар-Коргон районунун акими аткарууга киришкен. Райондун акими 19-июнь, 2012-жылы токтом чыгарып, өзүнүн биринчи орун басары Каныбек Тилекеев жетектеген жергиликтүү комиссиянын курамын жаңылап, жобосун түзүп, райондук кеңешке бекитип берүү үчүн жиберген. Райондук кеңеш азырынча бул маселени карай элек. «Бизге токтом жалпы бөлүмгө келип түшкөн жок. Өзүбүз бул токтомду таап келип, анан ошого ылайыктап жобосун жазып, комиссиянын курамын жаңылап түздүк», - дейт К.Тилекеев. Ал эми калган райондордун акимдери менен телефон аркылуу байланышканда, жаңы токтомду чыккандыгы боюнча кабарлары жоктугун айтышып, аны учурда таппай убара болушууда. Мунун негизги себеби эмнеде экендигин билүү үчүн атайын журналисттик иликтөө жасап көрдүк.

«Замгубернатор Ж.Эгембердиева №275-токтомдун ишке ашышына кызыктар болушу керек», - дейт КР өкмөтүнүн жооптуу кызматкери.

Кыргыз өкмөтүнүн № 275-токтомунун аткаруучусу өкмөттүн мурдагы социалдык бөлүмүнүн башчысы Мавлюда Исакова эжеке экен. Аны менен телефон аркылуу байланышканда, ал токтомдун бир көчүрмөсү Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясына кеткендигин айтты. «Биз бардык райондорго жиберген жокпуз, облустук администрацияларга гана жибергенбиз. Калганын облустук администрация аткарат да. Эгерде ал жерде токтомду аткаруучу райондор бар болсо, мамлекеттик комиссиянын мүчөсү губернаторудун биринчи орун басары Жумагүл Эгембердиева болуп жаткандан кийин, ал өзү бул токтомдун ишке ашышына кызыктар болушу керек. Өкмөткө асыла бербей иштесин. Замгубернатор болуп эмне үчүн отурат? Иштесин да. Биз эми тердеп-тепчип атып ошол токтомду чыгарып койдук. Мамлекеттик комиссияда мүчө болгондон кийин, унчукпай эле отура береби?», - дейт М.Исакова.

Ал эми Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Жумагүл Эгембердиевага кайрылганда, ал аталган токтомду тиешелүү райондорго ким жеткизиши керектигин билбей тургандыгын айтты. «Кыргыз өкмөтүнүн №275-токтому интернет сайттарга чыкса, телевизордон айтылса, биз деле мына бул токтомго ылайык, майыптыгы барлардын документтерин даярдап бергиле десек, анан аларга ким алып барып, жеткизиши керек? Мен аны айта албайм?..», - дейт Ж.Эгембердиева. Облустук бийликтин жалпы бөлүмүнүн берген маалыматына караганда, КР өкмөтү чыгарган токтомду, алар өздөрү райондорго жеткириши керек. «Биз өкмөттүн токтомун райондорго жеткиргенге милдеттүү эмеспиз», - деп жооп берди аталган бөлүмдүн кызматкери.

Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаты Ж.Эрназаров жетектеген комиссиянын токтомдору жокко чыгарылды

Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаты Жеңиш Эрназаров жетектеген «2010-жылда Жалал-Абад шаарында болуп өткөн июнь окуяларында жабыр тарткан шаар тургандарына турак жай берүү боюнча» жергиликтүү комиссиясы № 275-токтомдун жоболорун бузуу менен өз ишмердүүлүгүн 4-майдан кийин да улантып, ага кайрылган кээ бир өзүнө жакпаган жарандардын документтерин кароодон ачык эле баш тартып, «өкмөт түшүндүрмө берсин, мэриянын турак-жай комиссиясынын протоколун алып кел!» - деген ар кандай шылтоолорду айтып келди. Акыры Ж.Энназаров жетектеген комиссиянын жобосу менен таанышып чыгууга туура келди. Жобосу 2010-жылдын 30-ноябырындагы Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз ХV-сессиясынын токтому менен бекитилген экен. Бирок, КР +кмөтүнүн 2012-жылдын 4-майындагы № 275-токтому чыккандан кийин комиссиянын жобосуна өзгөртүү киргизилбеген. Алардын ишмердүүлүгү шаардык кеңештин сессиясында узартылбаган. Ошол себептен, КР Башкы прокуратурасына жергиликтүү комиссиянын ишинин мыйзамдуулугун текшерип берүүсүн өтүнүп арыз менен кайрылууга туура келди.

Башкы прокуратуранын тапшырмасы менен Жалал-Абад облустук прокуратурасы Ж.Эрназаров жетектеген жергиликтүү комиссиянын протоколдорун текшерип чыгып, 4-майдан кийин кабыл алган токтомдорун жокко чыгаруу боюнча үстүбүздөгү жылдын 9-августунда шаардык кеңештин төрагасы Нурдин Эрматовго сунуш келтирди.

- КР өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-майындагы №275-токтому менен КР өкмөтүнүн 2010-жылдын 22-ноябрындагы № 295-токтому күчүн жоготкон. Мындай жагдайларда КР +кмөтүнүн 2010-жылдын 22-ноябрындагы №295 –токтомунун негизинде 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткандарга турак жайларды бөлүштүрүү боюнча Жалал-Абад шаардык комиссиясынын ыйгарым укуктары токтотулат. Бирок, ага карабай аталган комиссия тарабынан 2012-жылдын 16-июнунда жана 17-июлунда эки жолу комиссиянын отурумун негизсиз өткөрүп протоколдук формада токтомдор кабыл алынгандыктан бул отурумдарды жана кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу жөнүндө Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасына сунуш келтирилди, - дейт облус прокурорунун орун басары Анарбай Мамажакыпов.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нурдин Эрматов мамлекеттик комиссиянын мүчөсү болгону менен № 275-токтомду колуна убагында албагандыгын жашырбай эле айтты.

- 12-майда КР вице-премьер министри Гүлнара Асымбекованын төрагалыгында өткөн мамлекеттик комиссиянын отурумунда мурдагы №295-токтом күчүн жоготту, жаңы токтомго ылайыктап жергиликтүү комиссиянын жобосун жазып, анын курамын кайрадан жаңылоо керек деп айтылган эмес. Мен качан гана сиз мага арыз менен кайрылганда мурдагы токтом күчүн жоготкондугун билип жатам. Жергиликтүү комиссиянын төрагасы Ж.Эрназаров да арыз жазып, жаңы токтом чыкканга байланыштуу жаңы документтерди караганга укугубуз жок болду, комиссиянын курамын сессияда бекитип бергиле деп кайрылды. Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары А.Мамажакыповдон шаардык кеңешке кетирилген каталарды жоюу боюнча сунуш келип түштү. Эми келээрки сессияда КР өкмөтүнүн №275-токтомуна ылайык, жергиликтүү комиссиянын жобосу менен курамын бекитип беребиз. Себеби, комиссиянын төрагасы жана 1-2 мүчөсү комиссиядан чыгабыз деп жатышат. Башка депутаттардын ичинен өз ыктыяры менен иштеп берем десе, ошолорду шайлап беребиз. Келээрки боло тураган сессияда сөзсүз түрдө бул маселени карайбыз,- дейт Н.Эрматов.

Сузак районундагы жергиликтүү комиссия турак-жайга муктаж болгондордун баарынын документин кабыл алган

Сузак районунда да КР өкмөтүнүн 2010-жылдын 22-ноябрындагы №295 токтомунун негизинде 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткандарга турак жайларды бөлүштүрүү боюнча жергиликтүү комиссия түзүлүп, жобосу бектилген. Аталган комиссияны райондук кеңештин төрагасы Бекболот Ибрагимов жетектейт. Анын берген маалыматына караганда, июнь окуясы болгон учурда көпчүлүгү мусулман ырымына байланыштуу, сөөктү экспертизадан өткөрбөй көмүп койгондуктан, кийин гана эзгумация кылып, соттук медициналык экспертизанын тыянагын алышкан. Райондо 80ге жакын жарандардан турак-жай алуу боюнча арыз келип түшкөн. Алардын баарын карашып, мамлекеттик комиссиянын кароосуна жеберишкен. Акыркы жергиликтүү комиссиянын отуруму 2012-жылдын 6-апрелинде болгон. Мен ал протокол менен таанышып отуруп, комиссиянын жобосуна туура келбеген 60ка жакын адамдын документтери кабыл алынып, мамлекеттик комиссиянын кароосуна жиберилгендигине күбө болдум. Протоколдо 2010-жылдагы апрель, май окуяларынын катышуучулары, Ооган согушунун ардагерлери, турак-жайга муктаж болгон район боюнча жарандар бар экен. Эмне себептен, жобого ылайык келбеген документтерди кабыл алдыңыздар? – деген суроомо Б.Ибрагимов түз жооп берүүдөн баш тартты.

«Мен КР өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-майындагы №275-токтому менен тааныштыгым жок. Муну биринчи көрүп жатам. Бизге келип түшкөн документтердин баарын өткөрүп, мамлекеттик комиссияга жибердик. Жаңы документтер түшкөн жок. Документтер болбогондон кийин, өкмөттүн токтомунун негизинде комиссиянын жобосун жана курамын эмне кылабыз карап. Биз көзү ачыктык кылып, бир ай мурун эле карап койгонбуз», - дейт Б.Ибрагимов.

Жергиликтүү комиссия токтомго ылайык итшей элек жатып, батирлер майдын башында эле алдын-ала бөлүштүрүлүп кеткен

КР вице-премьер министри Гүлнара Асымбекованын төрагалыгында мамлекеттик комиссия 12-майда өзүнүн 1-отурумун Ошто өткөрүп, алдын ала анча-мынча документтерди карап чыгышкан. Жалал-Абад облус губернаторунун 1-орун басары Жумагүл Эгембердиеванын маалымат жыйынында берген маалыматына караганда, облуста атайын түзүлгөн турак-жай комиссиясы жок. «Биз райондордон жергиликтүү комиссиялардын протоколдорун алып, аны жыйнактап, анан мамлекеттик комиссияга алып барганбыз. Анча-мынчасы 12-майдагы мамлекеттик комиссиянын 1-отурумунда эле каралып калган», - дейт ал. Бирок, ал мезгилде бир да район-шаарда № 275-токтом боюнча жерликтүү комиссиялардын жобосу кабыл алынып, курамдары кайрадан бекитиле элек болчу. Эгерде өкмөттүн токтомун кыйшайуусуз аткарууну мамлекеттик комиссия кааласа, жергиликтүү комиссиялардын аталышына жана протоколдордун туура толтурулушуна биринчи кезекте көңүл бурушмак.

Бирок, ага карабастан Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция тарабынан курулуп бүткөрүлгөн Жалал-Абад шаарындагы 60 батирлүү үй жергиликтүү комиссиялар өкмөттүн № 275 –токотмуна ылайыктап карай электе эле, май айында мамлекеттик комиссия тарабынан бөлүштүрүлүп кетиртир. Анда Ж.Эгембердиева алып барган тизмеге ылайык, Жалал-Абад шаарынан 14-май окуясынын катышуучусу болгон эки адамга жана июнь окуясында каза болгон Мурзаканов Амангелдинин биринчи никеде туруп, 20 жыл мурун ажырашкан аялына (өткөн жылы биринчи жана экинчи аялы Көк-Арттагы үйдөн алышкан болчу), Аксы районунан үч эм төрөгөн эки аялга, Ала-Букадан 4 адамга, Сузак районунун жергиликтүү комиссиясы жобосуна туура келбегине карабай кабыл алган 2010-жылдагы апрель-май окуяларынын жабырлануучуларына Жалал-Абад шаарындагы батирлер бөлүштүрүлгөн. Эми канча батир калгандыгы али белгисиз…

Базар-Коргон районунда да Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция тарабынан курулган 24 бир бөлмөлүү эки кабаттуу үй бар. Бул үйдүн батиирлерин бөлүштүрүү боюнча тиешелүү жарандардын документтерин жергиликтүү клмиссия текшерип жатышат. «Бул үйдөн июнь окуясында каза болгон 5 адамдын жакындарына берүү боюнча мамлекеттик комиссиянын чечими чыккан. Мындан сырткары, 4 жаракат алган жаранга жана эки үч эм төрөгөн аялга берилет. Калган документтерди тактоо иши жүрүп жатат», - дейт жергиликтүү комиссиянын төрагасы, райондун акиминин биринчи орун басары Каныбек Тилекеев.

Мамлекеттик комиссия КР маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусовдун төрагалыгында 23-июлда экинчи отурумун өткөрүп, Жалал-Абад облусунан алып барган 100гө жакын документтерди кайрадан текшерип чыгуу үчүн бир айлык мөөнөт берген. Ошолордун ичинен азырынча канчасынын үйү бар, канчасы 2009-жылдан бери үйлөрүн саткандыгы боюнча маалыматтарды мамлекеттик каттоо башкармалыгынан тактай албай кыйналып турушкандыгын мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Ж.Эгембердиева билдирди. «Эми көпчүлүгү айылдарда үйлөрүн мамлекеттик каттоодон өткөргөн эмес, көпчүлүгү үй берилээрин билип, шаарга убактылуу каттоого туруп алышкан. КР Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисине кайрылып, ушул бизде документтери турган жарандардын үйлөрү бар-жогун билип бергиле деп официалдуу кайрылууну көздөп жатабыз. Айыл өкмөттөргө да тактап бергиле деп тапшырма берсекпи деп ойлоп турабыз», - дейт ал.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы, мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Н. Эрматов болсо, мамлекеттик комиссия 12-майда караган документтерин кайрадан башынан карап чыгуу керек деген оюн баса белгиледи. «Себеби, бардык район-шаарларда № 275-токтомдун негизинде комиссиянын жобосу жана курамдары кайрадан бекитилбептир. Көпчүлүгү бул токтомдун чыккандыгын билбейт. Эгерде биз мыйзамды сыйласак, анда баарын кайрадан жаңы комиссиянын курамында бирден карап чыгуубуз керек», - дейт Н.Эрматов.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×