Добавить статью
10:39, 3 сентября 2012 50814

Жантөрө Сатыбалдиев жөнүндө коомдук пикирлер

Сейдумар кызы Бурмакан студент, Ош шаары: Ош шаарында биринчи жолу 16 кабаттуу үй курулду, көп кабаттуу үйлөрдүн саны көбөйдү, жолдор оңдолду. Билбейм, ал киши көп эле жакшы иштерди жасады. Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министр болсо Кыргызстанды азыркы кыйынчылыктардан тез эле чыгарып кетет деп ойлоймун.

Талантбек Акматов, Ош шаары, мамлекеттик кызматкер: Учурда Кыргызстанга мамлекеттик кызматты мыкты түшүнгөн премьер-министр керек болуп турат. Буга чейин Данияр Үсөновдон баштап бизнесмен өкмөт башчыларды көрдүк, эл күткөндөй алга жылуулар болгон жок. Тескерисинче айрым өкмөт башчылары өздөрүнүн чөнтөгү менен мамлекеттин чөнтөгүн алмаштырып алгандай да учурлар болду. Мамлекеттик кызматты жакшы түшүнүп, мамлекеттик кызматкерлерди артынан ээрчите турган лидер келсе, өлкөбүздө алга жылуулар болот деп ойлоймун. Азыр сунушталып жаткан талапкерлердин ичинен Жантөрө Сатыбалдиевди татыктуу деп ойлоп жатам, калганын турмуш көрсөтөт да.

Сабыр Сапарбаев, Талас шаарынын тургуну: Кыргызстанга азыр түндүк-түштүк, партия-партия, Акаев-Бакиев деп бөлбөгөн Жантөрө Сатыбалдиевге окшогон өкмөт башчысы керек болуп турат. Биз аймак-аймакка, партия-партияга, Акаев-Бакиев деп бөлүнүп бүттүк, эми биригишибиз керек. Мен Таластыкмын, бирок Жантөрө Сатыбалдиевдин премьер-министр болуп келиши менен Кыргызстанда алга жылуулар болот го деп эл да айтып жатат. Эл деле жеке жана жердешчилик, тууганчылыктын бөлүнүүсүнөн тажап бүттү окшойт, элдин каалаганы биримдик болуп калды.

Мурат Сүйүнбаев, Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургуну, фермер: Кыргызстанга азыр күнүмдүк көз боемочулук менен эмес, чыныгы турмушту оңдоо менен алектенген өкмөт башчысы керек болуп турат. Бул жагынан алганда Жогорку Кеңеш өкмөт башчылыкка тажрыйбалуу, калыс эле талапкерди тандады окшойт. Жантөрө Сатыбалдиевди мен массалык маалымат каражаттары аркылуу гана билемин. Акаевдер да, Бакиевдер да бул кишиге ар кандай күнөөлөрдү тагып көрүштү, бирок таза чыкты окшойт. Мага Жантөрө Сатыбалдиевдин апрель окуялары учурунда мурдагы бийликтин кемчиликтерин ачык айтып чыкканы жакты. Дайыма кыйчалыш мезгилдерде өзүнүн калыс кебин айта алган чечкиндүүлүгүн гезиттерден окуп калабыз.

Канат Амираев, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын кызматкери: Мен ал кишинин аткарган жумуштарына токтолбой эле коеюн, өлкөбүз үчүн өтө татаал, оор учурда түштүк регионун калыбына келтирүүнүн жана өнүктүрүүнүн милдетин өз мойнуна алгандыгы эле чоң чечкиндүүлүктү талап кылат эмеспи. Жантөрө Жолдошевичтин жөнөкөйлүгү, чечкиндүүлүгү, кызматкерлерге шартты да түзүп, талапты да кое билгендиги, эң негизгиси өзүнүн билгенин кол астындагы кызматкерлерге үйрөтө билген тажрыйбалуу жетекчилиги жагат.

Арстанбек Садыр уулу, Жалал-Абад шаарынын тургуну: Жантөрө Сатыбалдиевге Акаевдер да, Бакиевдер да ар кандай жаман сөздөрдү айтышып, үстүнөн кылмыш ишин козготушту. Бирок апрель окуясы учурунда Ж.Сатыбалдиев өзүнүн чечкиндүү кадамдары жана кайрылуулары менен ак экендигин далилдөөгө аракет жасады. Андан кийин Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын жетекчиси болуп дайындалып, бир топ жакшы иштерди жасады. Алдыда дагы бир чоң сыноо турат, эми өзүнүн ким экендигин көрсөтүп алчу мезгил келди.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-12-2012
Болуп жаткандар кырсыкпы, сынообу, же жазабы?
26204

30-08-2012
2005-жыл – Өлкөбүзгө зор өзгөрүү алып келген
20071

22-11-2011
24-март – кыргыздардын эркиндикке умтулуусу болгон
19714

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×