Добавить статью
12:37, 6 сентября 2012 35048

Ө.Абдрахмановго кайрылуусу

Кыргыздар кылымдардан бери аксакалдарын сыйлап келишкен. Алар биздин элдин акылмандары болушкан. Ошого байланыштуу кээ бир учурлар бизди ушундай билдирүү таратканга мажбурлап жатат.

Биз «Ата Мекен» партиясынын жаштары сиздин жөнү жок айткан сөздөрүңүзгө, ушактарыңызга, кемсинтүүңүзгө чыдап келдик. Анткени сиз биздин аталарыбыз курактуу адамсыз. Бирок бардык нерсенин өзүнүн чеги бар.

Биз мындай нерсени айтпай жүрдүк эле, эми сиз бизди ушундай мүнөздө айттырууга мажбур кылдыңыз.

Угуп туруңуз!

Сиз эркек эмессиз, анткени сиз коргоосуз аялды таарынттыңыз.

Кесиптеш айымды сөгүнгөн сөздөр менен кемсинтип, өзүңүздү жек көрсөттүңүз. Бир кездери сиздин депутаттык кол тийбестигиңиз бүтөт. Ошондо ушул окуя тууралуу биз ар кандай суроолорду эркекче бере алабыз сизге.

Сиз чыккынчысыз, себеби биздин шайлоочуларды сатып кеткенсиз.

Шайлоо өнөктүгү учурунда сиз кылмыш жана коррупция менен күрөшөм деп биздин партиянын шайлоочуларына убада кылгансыз. Эми сиз Исхак Пирматовдун кол тийбестигин колдоп жатасыз жана алдамчы-күнөөкөр адамдын калп билдирүүлөрүн айтып жатасыз.

Сиз уурусуз — анткени «Ата Мекен» партиясынын мандатын уурдап алдыңыз. Чечүүчү добушта ал мандат бизге жетпей атат.

Коркоксуз, анткени кылмыштуу режимден коркуп Америкага качып кеттиңиз. Эми демократияны колдонуп, өзүнүн жаны жана ден соолугу үчүн тобокелге барган адамдарды мародер деп атадыңыз.

Сиз океандын ары жагында жашырынып жүргөнүңүздө, Бакиевдердин үй бүлөлүк-кландык режими менен күрөшкөн, өзүнүн жаны жана ден соолугуна карабай тобокелге барган адамдарды сиздин айткан сөзүңүз кемсинтүүдө.

Сиз өзүңүздү кемсинтип жатасыз. Сиздин жүрүм-турумуңуз, сүйлөгөн сөзүңүз жана жаш баланыкындай кылык-жоруктарыңыз сизди чоң кишидей көрсөтпөйт.

Жүйөөлүү аргументтерди жана сунуштарды айткандын ордуна керексиз сөздөрдү жана билдирүүлөрдү жасайсыз.

Сиз биздин кайрылуубузга жаңы жалган, кемсинтүү менен жооп бересиз. Бул бизди таң калтырбайт. Бул жагынан сиз эч кимди алдыга салдырбайсыз.

Бирок сиз бизди дагы таң калтырганга аракет кылыңыз. Мүмкүн сиздин ушундай жаңы жоруктарыңыз комедиялык жанрды толтурганга мүмкүнчүлүк берет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×