Добавить статью
11:01, 17 сентября 2012 42867

Ала Тоонун ар бир ташы алтын

Кыргыздын бир «Ташжыйнаары» Нарындан чыкты

Кийинки жылдары өзгөчө өнөрү менен жаамы журтка белгилүү болгон Нурлан Алишеров мырза 34 тонналык учакты аркан аркылуу тиши менен ордунан жылдырып, бир эле маалда 20 унааны кошоктоп туруп тишке салып сүйрөп, калк арасында «Ташчайнар» атка консо, Нарындан болсо бир жаран учурда «Ташжыйнаар» ысымга эгедерленип жаткан чагы. Ал Бакыт Асакеев. Узак жыл ички иштер органдарында, каржы полициясында эмгектенип, учурда эс алууда жүргөн чагы. Бирок, майда барат ишкерлиги менен катар соңку маалдарда сайларды бойлоп, сууларды жээктеп таш чогултканга калган өмүрүн арнаганга бел байлаган экен. Ал түпкү максат катары жөн эле таштарды сүйлөтүү менен киреше табуу жана таш байлыктарды асыроо керек деп эсептейт.

«Жеримдин суусу мүрөк, таштары алтын»

Эр ортону элүү жаштан өр таяп калган каарманыбыз таштарга болгон кызыгуусу бала чакта эле бар экендигин кобурап, үйүндөгү таштарды улам бирден көргөзүп жатты. Мындай карасак кадимки эле талаанын же сайдын таштары. Болгону бирөө чаар ала болсо, бири көгүш кочкул, үчүнчүсү ар кандай чийиндүү. Айтор ар бир таш ар башка түскө ээ.

«Мына бул таштын сырын билесиңби», - деп сурады Бакыт мырза эки жак беттери ар кандай жазууларга, чиийиндерге толгон бир ташты алдыга таштап. Бир саамга чейин карап баш чайкадым.

«Көрдүңбү, кызыкчылык жок. Ал эми мен балдарым болуп ушул таштан бир нече жаныбарлардын сүрөттөрүн таап чыктык. Бул кадимки таз жору, бул өрдөк, а бул болсо бүркүт», - деп ташты ары бери аңтарып көрсөтө баштады.

«Бул ташта болсо жазуулар жазылып турат, арасында куштар учуп баратат», - дейт ташжыйноочу Асакеев. Ошентип таштарды ары бери карап жатып, бирөөнөн арстандын уктап жаткандыгы байкала түштү.

«Ушул ташта эмне сыр бар», - деп кайра таш сүйүүчүгө суроо салдым. Ал болсо карап-карап туруп ийнин куушурду.

«Көрдүңүзбү, мындай карасаңыз арстан уктап жатат, мына эки таноосу, булар көздөрү, булар болсо жүндөрү», - десем каарманым сүйүнгөнүнөн кыйкырып жиберди.

«Чын эле өзү экен, ия. Сен да көрөгөч турбайсыңбы. Ушул сендейлер келип, ар ким идеясын айтышат. Көрсө мен ушул ташты жөн эле алып келбепмин да. Негизи бул таш менен сүйлөшүү кызык. Таш деген бул акча, таш бул кооздук, таш бул сулуулук», - деп Бакыт мырза чындап образга кирип, баржактап сүйлөй баштады. Анын баамында таш жыйноо менен эле миңдеген адамдар киреше тапса болот.

«Биздин Кыргызстан кандай жаратылыш байлыктарына бай өлкө. Мисалы, таштарыбыз боюнча эле дүйнөдө алдыңкы орундардын биринде турабыз. Таш көрбөгөн адамдар бар дегенге ишенем. Бизде болсо өтө кызыктуу, өтө көөз, өтө сырдуу таштар Кыргызстандын бардык жеринде бар. Ошондуктан менин биринчи тилегим бош жүргөндөн көрө мендей болуп таш чогултса дегим келет ар бир басып жүргөн айрыкча ардагер адамдарды. Себеби, байкатпай чет мамлекеттен келгендер өз өлкөлөрүнө таштарды алып кетишүүдө. Көрсө өнүккөн өлкөлөрдө жөн эле сайдын, талаалардын таштары өтө кымбат бааланаарын интернеттен окуп билип жатам. А эмне үчүн ошондой таштарыбызды бекер эле аларга алдырып, аныбыз аз келгенсип өзүбүз жыйнабайбыз? Таш менен миңдеген адамдар оокат кылышса болот», - деп эргип сүйлөп алган каарманыбыз Бакыт Асакеев береги сөздөрүнүн жүйөөсүн мындайча чечмеледи.

«Мен жалпысынан 200дөн ашуун таш жыйнагам. Алардын көбү баркталбай жоголуп кетти, кээ бирлери маанисиз болуп калды. Азыр тандалган он беш-жыйырмадай таш бар. Алардын көбүн Нарын суунун жээгинен чогулттум. Бир сонун ташты Ат-Башы районундагы Беш-Белчир деген кооз жеринен таап алдым. Ошондуктан азыр тааныгандарга башкача таш тапсаңар бергиле, кааласаңар саткыла деп жатам.

Эмне үчүн сатып алганга дилгирсиз?-деген соболума:- Мен октябрь айында Нарын районунун аймагындагы Кара-үңкүр капчыгайынын оозундагы Бейше-Булак деген кафеден атайын таштардын көргөзмөсүн уюштурамын. Андан соң таш көргөзмөнү Бишкекте да өткөрсөм деймин», - деп жооп кылды Б.Асакеев.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
34674

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
33553

03-09-2013
Өкмөт башчысынын иш сапарынан сүртүмдөр
45544

26-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары-элдин ресурстары»
36995

26-04-2013
Таластан алган таасирлер (Биринчи макала)
35672

24-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары - элдин ресурстары». Адамдын саламаттыгына каражат кандай жумшалууда?
43921

28-03-2013
Ыйлап жүрүп арык каз, ырдап жүрүп суу сугар
60870

25-03-2013
Нарындагы жолугушуудагы ажылдактар
92984

15-01-2013
Ала Тоодо шыбагадан куру калган бир кыштак
66446

29-12-2012
«Профсоюз - бул биз»
64898

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×