Добавить статью
10:32, 27 сентября 2012 0

Түшүмү аз эгин. Жайылган мал. Көңүлү жок дыйкан

Бийик өрөөндүү Нарын облусунун дыйкандары быйылкы жылы ала жаздан тарта жалпысынан 40296 гектарды айдап сепкендигин облустук акимчилик июнь айында эле шарданалаган. Анын дээрлик 29 миң гектарын дан эгиндери түзөт. Мурунку жылдагыдан арпа айдоо 115 көбөйүп, чөп аянттары 127 пайызга арбын болгондугу билдирилген.

Учурда болсо Теңир Тоо жергесинде бир катар айыл аймактарында оруп жыюу өнөктүгү аяктагандыгы, көпчүлүгү марага чукулдап калгандыгы эшитилүүдө. Биз ушул маанилүү иш аракеттин жүрүшүн Нарын районунун алкагында аткарылып жаткандыгына аздыр көптүр баам салдык.

Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Замир Кемелбеков мырза район боюнча эгилген 5492 гектар жалпы аянттын 21-сентябрга карата 81 пайызы орулгандыгын калькуляторду чагып жатып маалымдады. «Бизде негизинен 3 айыл өкмөттө эгин оруу жыйынтыкталды. Бирок быйылкы жылы дыйкандар эгиндерин чөпкө чаап алышууда. Түшүмдүүлүк өткөн жылдагыдан 4-5 центнерге төмөн болууда»,- деген башчы анын себебин курчакчылыктан жана жаздын кеч келгендигинен деп эсептейт. Натыйжада азырынча алдын ала алынган маалымат боюнча райондогу 672 гектар арпа жана 101 гектар буудай аянттары чөпкө чабылып кеткен экен. Ал эми колдо бар 70 комбайндын алтымышы иштеп жатат.

«Биздин районго өз алдынча мамлекет болгондон бери 3 гана комбайн келди. Анын бири «Сампо» деген комбайн 2002-жылы Ак-Кудук айыл өкмөтүнө келсе, 2005-жана 2007-жылдары Жан-Булак айылы менен Тянь-Шань асыл тукум кой чарбасы «Нива-эффект» комбайндарын алышкан», - дейт З.Кемелбеков мырза. Айрым дыйкандар эгин айдоону кыскарткандыктарынын бирден бир себебин дал ушул комбайндардын өксүктүгүнө жана тартиптин жоктугуна байланыштырышат. Өз ысымын айткандан баш тарткан аталган райондогу Чет-Нура айылынын тургуну 10 жылдан бери дан эгин айдабай калгандыгын билдирди.

«2,5 гектар сугат аянт жерим бар. Баарысы эле чөп. 10 жылдан ашып кетти го эгин айдабай калганыма. Бизде Мурат деген гана байке 15 гектарга арпа айдады. Калгандары бир гектар, 50 сотыйдан эле айдагандар. Негизи саналуу эле, 15 адам айдашты окшойт. Ал эми чоңдордун мынча айдадык деп эсеп бергендери жалган, баарысы кошуп жазуу. Ой, эл айдабаса каяктагы тонналаган эгин. Анан эң башкысы эл каралбай калды. Себеби тартип жок, баш аламан. Мына айтсам эки себеп бар. Биринчиси корук жок. Укпаган байлар бар, миңдеген кой-эчкилери, жүздөгөн бодо малдары менен Ак-Сайга же Орук-Тамга көчпөйт. Анан алардын малдары сентябрдын башында эле түшүп келген. Экинчиси комбайн тартыш. Биздин айылда 2 комбайн бар эле, бирин мурунку айыл башчы Нурлан Турдубаев ар кимге запчаст кылып сатып жоготкон. Экинчисин азыркы айыл башчы Токтоаалы Мамыров эптеп жүргүздү. Эгерде тартип болуп, малдар сентябрда эле келе калбаса жана комбайн болсо эл айдашмак эгинди»,-дейт четнуралык жаран. Ал эми ушул эле райондогу Орто-Нура айылынын тургуну Канат Жаманаков 50 сотый жерге быйыл арпа айдай албай калган экен.

«Менин 25 гана сотый үлүш жерим бар. 50 сотыйды ижарага алып арпа айдачумун. Былтыр ошол жерден бир бункер арпа алып жыргагам. Быйыл ошол жердин жанынан байкем дагы 50 сотый ижарага жер алып экөөбүз 1 гектарга арпа айдайлы дегенбиз. Бирок байкемдин жерин айыл башчы башка бирөөгө берем деп талашып, аңгыча жаз өтүп кетип экөөбүз тең арпа айдабай калдык. Айла жок кургак талааны сугарып чаап алдык. Чөптү болсо бир машинасын 10 миң сомдон, пресс чөптөрдүн бирөөн 250 сомдон сатып алууга туура келүүдө»,-деп кеп салып берди К.Жаманаков мырза. Райондогу Миң-Булак айылынын тургуну Гүлжамал Токтогулованын пикири да жогоркуларга үндөш.

«Биз 3 гектардын теңине көк беде бастырганбыз. Теңин болсо экиге бөлүп арпа, буудай айдайбыз. Бирок балам, жыл өткөн сайын жашоо кыйынчылыкка кабылууда. Бизде эгиндер орулуп бүтө элек, чөптүн экинчи чабыгы чабылбай жатат. Мал болсо келип бир жагынан колдон талашууда. Айылда бир комбайн бар, анысы оңчулукту жүрбөйт. Бизди үлгүлүү колхоз деп аташкандары жөн эле калп. Малды кезек менен кайтарабыз дешкендери менен түнкүсүн эгин, чөптү талкалап жатат. Быйыл чөп деле, эгин деле купулга толгондой болгон жок. Себеби сууга кезек келгенче эле сугат маалы өтүп кетти», - деп жүйөөсүн айтты айылдык апа Г.Токтогулова. Райондун жогорку алкымында жайгашкан Таш-Башат айылынын жашоочусу Искендер Чарыковдун айткандары болсо саал башкачараак чыкты. «Кудайга шүгүр эл эгинди көп айдай башташты. Бирок чөп тартыш болгондуктан көбү чөпкө чапты. Мына мен 4 гектарга арпа айдагам, айла жок 3 гектарын чөп кылдым. 1 гектардан 15 центнердей арпа алдым окшойт»,-деген И.Чарыков мырза айыл аймагында эгин оруу аяктагандыгын кошумчалады.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
34674

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
33555

03-09-2013
Өкмөт башчысынын иш сапарынан сүртүмдөр
45545

26-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары-элдин ресурстары»
36997

26-04-2013
Таластан алган таасирлер (Биринчи макала)
35672

24-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары - элдин ресурстары». Адамдын саламаттыгына каражат кандай жумшалууда?
43922

28-03-2013
Ыйлап жүрүп арык каз, ырдап жүрүп суу сугар
60872

25-03-2013
Нарындагы жолугушуудагы ажылдактар
92984

15-01-2013
Ала Тоодо шыбагадан куру калган бир кыштак
66448

29-12-2012
«Профсоюз - бул биз»
64900

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×