Добавить статью
3:36, 28 сентября 2012 11090

«Я гей, Я мусулманин» фильминин түпкү саясаты каякка барып такалат?

Бишкек шаарындагы «Манас» кинотеатрында «Бир дүйнө» аттуу документалдуу фильмдердин фестивалы жүрүп жатат. Муну уюштуруучулар ПРООН  менен жергиликтүү БөУ (бейөкмөт уюмдары) экен. Башында кыргыз элине таанымал укук коргоочулар жана улут кордоочулар Төлөйкан Исмаилова, улут аралык укук коргоочу Азиза Абдрасулова менен  Динара Ошурахунова эжекелер   башкарган бул фестивалда ар кандай коомго жат көрүнүштөр  болгондугун көрүп билип келгендер добулбас кагууда. Көрсө, фильмдерди көрсөтүү мезгилинде «Я гей, я Мусулманин» деген Крис Беллондун  провокациялык фильми көрүүчүлөрдүн сынына коюлган.

Фильмде африкалык бир журналист өлкөнүн мусулмандар жашаган жерине барып ислам дининин тескери жактарын ар кандай техниканын жардамы менен колунан келишинче боегун кошуп, коомчулукту дүрбөтүүчүдөй абалда тартып берген. Фильмдеги талап - тоноолор, массалык  баш аламандыктар, кандай максат менен тартылганын эч ким түшүнбөйт.

Фильмдерди көрсөтүүдөн мурун аны кандайдыр бир комиссиябы же жюриби, кыскасы кимдир бирөөлөр тандап чыгыш керек эле. Бул жерде ПРООНдун акчасына семирген үч эжеке «өз билгендерин кылып өтүгүн төргө илип» коюшкан сыяктуу. Болбосо  акыркы мезгилде жалпы адамзаат тынчтыкка жана туруктуулукка умтулуп жатканда ПРООНдун бул кылыгын кандай түшүнсө болот?

Кыргыз элинде кылым карыткан бир жакшы макал бар: «өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман» деген. Анын сыңары өзүбүздүн укук коргоочу эжекелерибиз башында туруп  жалпы мусулмандарга акаарат кылып жатышканын

 кандайча кабыл алабыз?

Ырас, эжекелер башкарган бейөкмөт уюмдары американын акчасына жан багып жатышат. Аны эч ким танбайт. Алган акчасын акташ керек. Муну да эч ким танбайт. Бирок, мындай пастыкка түшпөш керек эле да биз урматтаган үч айым.

Албетте Исмаилова, Абдрасулова менен Ошрахуновалардын эл алдында жасаган жакшы иштери бир топ. Кээде  гана « төөчө сийишип» ушундай иштерге аралашып кетишкени  жанды кейитет экен.

Борбордук Азияга, анын  ичинен Кыргызстанга тынчтык аба менен cуудай керек. Элибиз жаңыдан гана бейкуттукта жашай баштаганына аз эле убакыт болбодубу. Булл тынчтыкты ким бузат? ПРООНбу же жогоруда аты аталган үч айымбы?

«Я гей, Я мусулманин» фильминин түпкү саясаты каякка барып такалат? Аны кимдер атайылап уюштурган? Аларга жогорудагы американын акчасы менен жан багып, тамагы айрылганча укук коргоочунун кейпин кийген айымдардын катыштыгы жоктугуна ким кепил болуп берет? Болбосо, мусулман дүйнөсүнүн абалы ширеңкенин башында турганын, кичине эле жалын болсо тутанып кетээрин укук коргоочулар билбей калыптырбы? Бул атайын жасалган провокация. Кыргызстандагы бейкуттукту бузуу  керек. Ан үчүн айымдар  сый акысын алып, сый урматын көрүп, фильм көрүп көөнү ток болуп турган кездери.

Бирок, урматтуу Төлөйкан, Азиза, Динара эжекелер. Сиздер биздин коомубузга бүлүк сала албайсыздар. Бизге бейпил жашоо, элибиздин бакубат турмушу гана зарыл.  Американын акчасына алданбай арыдан-бери болуп,  эсиңер  барда этегиңерди жапкыла!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

07-12-2012
Садыр Жапаровдун ишмердуулугу жонундо
25068

25-11-2012
Ит үрө берет, кербен жүрө берет
6327

25-11-2012

Ач айкырык, куу сүрөөн

22160

19-11-2012
А.Келдибековго А.Сулайманов эмне карыз? 
7792

19-11-2012
Сырткы жана ички саясий күчтөрдүн курмандыгына ким байланды?
11200

08-11-2012
Кыргызстанды кимдер чайпалтат?
11632

08-11-2012
«Кумтөр», Ташиев, Жапаров, Мамытов
9092

08-11-2012
Өрдөк жокто чулдук бий
16720

02-11-2012
Келдибековдун тизгинин ким тартат?
12501

25-10-2012
Кыргыз укук коргоочулары гранттык каражаттарды кантип уурдап жатышат?
20075

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×