Добавить статью
7:11, 20 октября 2012 18203

Садыр Жапаровдун аскияларынан…

Кийинки мезгилде «Ата Журт» партиясы ар кандай айла амалдар менен кыргыз коомчулугунун  көңүлүн өздөрүнө буруп келүүдө. Бөйрөктөн шыйрак чыгарып, эптеп элди алдоо амалы булардын башкы максаты. Бакиевдин  батальонунун күжүрмөн аскерлери да ушулар. Камчыбек менен Акматбек Максим Бакиев менен Yсөн Сыдыковдун айдакталган иттеринен беш бетер кызмат кылса, дагы бир  ЖК депутаты Садыр Жапаров Камчыбек менен Акматбектин кандегиндей болуп аларга куйругун такап өз иштерин бүтүрөт.

«Атажуртучулардын»  сасыган саясаты алысты көздөйт. Эң алгач Сотторду тандоо Кенешине өз кишилерин киргизүүдө Садыр Жапаров олуялык кылып Замирбек Базарбеков деген мурунку кызматынан куулган адамды Сотторду тандоо кенешинин төрагасы кылып  дайындаттырган. Акыры жарандык коомдун өкүлдөрү  күндө  ал адам жөнүндө  маалыматты коомчулуктун назарына коюп жатып төрагалыктан четтетиришти. З.Базарбеков бир кездеги С.Жапаровдун «Ысык Көл» банкы менен  « Жыргалан шахтасы» ААКсы боюнча иштерин «өтө калыс» караган адамы экен деген сөздөр жүргөн. Көрсө ал кептер бекер жеринен болбоптур. Сөзүбүз кургак болбос үчүн төмөнкү фактыларга кайрылалы:

КРнын мамлекеттик мүлкүн башкаруу боюнча  Фондунун Ысык-Көл-Нарын башкармалыгы жана « Жыргалан шахтасы» ААКнын жетекчилиги тарабынан  акциялардын мамлекеттин үлүшүн көбөйтпөй туруп 71,14% өлчөмүндөгү мамлекеттик акциялардын пакетин  ОсОО «Код ИКСке» сатып жиберген.  Анын директору Жапаров Сабыр Нуркожоевич (КР  ЖКнын депутаты Жапаров Садыр Нуркожоевичтин бир тууганы) болуп  эсептелет. Ошону менен бирге мамлекетке 22,4 миллион сом зыян келтирилген.

КР өкмөтүнүн Буйругуна ылайык КРнын бюджетинен бөлүнгөн  22,4 млн. сом өлчөмүндөгү акча каражаты Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча  Фонддун жетекчилиги жана «Шахта Жыргалан» ААКсы тарабынан мамлекеттик акцияга ээлик кылуучуну аныктоо менен уставдык капиталды көбөйтүү катарында таризделиши керек болчу.

Жогорудагы буйруктарды (27.04.2006-жыл жана 27.04.2007-жыл)  ишке  ашыруу максатында «Шахта Жыргалан» ААКсынын акционерлеринин жалпы чогулушу болуп өтүп, кошумча акцияларды чыгаруу жолу менен уставдык капиталды 22,4 миллион сомго көбөйтүү чечими кабыл алынган. Бирок ишкананын жетекчиси Байсаков Нарынбек менен директорлор кенешинин төрагасы В.В.Бобровдор кошумча акцияларды чыгарыш үчүн документтердин пакетин даярдоо процессин создуктуруп  жиберишкен. Ошону менен бирге мамлекеттик мүлктү   башкаруу боюнча Фонддун  Ысык-Көл-Нарын  территориялык башкармалыгынын   жооптуу кызматтагы адамдары  «Шахта Жыргалаң» ААКсынын акцияларынын мамлекеттик үлүшүн көбөйтүү боюнча  кызматтын кызыкчылыгы үчүн эч кандай чарапарды кабыл алышкан эмес.

Мамлекеттик акциялардын пакетинин 71,14% өлчөмүндө мыйзамсыз сатылып кетиши 2007-жылдын  3-июлундагы  КРнын Эсеп палатасынын жана 25.12.2007-жылдын   25-декабрындагы КРнын финансылык рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу Кызматынын актылары менен тастыкталган  жана «Шахта Жыргалан» ААКсынын уставдык капиталындагы   мамлекеттин үлүшү 22,4 миллион сомго көбөйбөй туруп сатылыш фактысы аныкталган.

22,4 миллион сом акча каражаттарын жылына  9,6% бюджеттик ссудага  өткөрүү   жөнүндө   2009-жылы КР өкмөтүнүн Буйругунун долбоору даярдалып белгисиз бир себептер менен аталган  долбоор кабыл алынбай калган.  А балким бул жерде  КР ЖКнын депутаты Садыр Жапаровдун кызыкчылыгы ойноп кеткенине эч ким кепилдик бере албайт. Анткени ал кезде Садыр экс-президент К.Бакиевдин ишенимине кирип Коррупцияга каршы агенттиктин комиссары болуп турбады беле? Же  калпбы?  Кыскасы, эл алдында бир байкуштун кебетесин кийип, калп эле «Кумтөрдүн» алтыны боюнча  элге  күйгөн  адам көрүнгөн С.Жапаровдун артында  жогорудагы фактылардан башка да кандай нерселер катылып жатканы бир өзүнө жана  тийиштүү органдарга гана белгилүү.  «Кумтөрдүн алтыны  боюнча Жапаровдун  одасы  акыры  эки айга эркинен ажыратуу менен аяктады.  Жогорку Кенеште бере турган отчету аянтта  берип, митингчилер чуруу чуу болуп жатканда качып барып кабинетине кирип элди байкоого алган адамга ким ишенет? Эми адалсынып бирде атасын ортого салып, бирде жердештерине, жек жааттарына кадырын салып ар кандай окуяларды жасап жаткан Жапаровдун бизнеси тыкыр текшерүүгө алынбаса, бул адамдын айгай салганы  бүтпөйт көрүнөт.

УКМкнын эс алуу жайындагы эки «атажуртчуга» А.Келдибековду да кошуш зарыл. Антпесе ал коомчулукту дүрбөткөндөн башка сөз сүйлөбөй калды.

Булар үчүн ыйык нерсе жок. Алардын максаты –  бийлик жана акча! Ошондуктан  карапайым кыргыздар  эч кандай провокацияга алдырбагыла, өз абийириңерди «ата журтчулардын» акчасына сатпагыла, өз мекениңердин татыктуу жарандарынан болгула деп чакырат элек. Алакандай Кыргызстанды бир ууч Бакиевдердин бөрүлөрүнө алдырып ийбейли. Көздүн карегиндей сактайлы. Биздин жерге бакубат бейпилдик гана керек. Келгиле, жапа тырмак жаңыдан  телчигип келаткан мамлекетибизге жардам берели. Ойгон кыргыз! Ойлон кыргыз! Качанкыга чейин С.Жапаровго окшогон Көзкамандарга жем болуп жүрө беребиз.

Кыргыз элинин келечеги өз колунда С.Жапаров,К.Ташиев, А.Келдибековдор эч качан кыргыздарга жакшылык кылбайт.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

07-12-2012
Садыр Жапаровдун ишмердуулугу жонундо
25070

25-11-2012
Ит үрө берет, кербен жүрө берет
6327

25-11-2012

Ач айкырык, куу сүрөөн

22160

19-11-2012
А.Келдибековго А.Сулайманов эмне карыз? 
7793

19-11-2012
Сырткы жана ички саясий күчтөрдүн курмандыгына ким байланды?
11200

08-11-2012
Кыргызстанды кимдер чайпалтат?
11633

08-11-2012
«Кумтөр», Ташиев, Жапаров, Мамытов
9094

08-11-2012
Өрдөк жокто чулдук бий
16721

02-11-2012
Келдибековдун тизгинин ким тартат?
12506

25-10-2012
Кыргыз укук коргоочулары гранттык каражаттарды кантип уурдап жатышат?
20076

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×