Добавить статью
2:23, 24 октября 2012 16891

АКШнын батасын, Бакиевдердин буйругун алып келген ким?

Кыргызга кыр аркадай кыйынчылык салып кеткен Бакиевдер тобу мамлекетибизге кайра кайтып келуунун мин туркун айла амалын кылып жатышат. Болгондо да олкобуздо калган мурдагы кол балдарын жана кошоматчы саясатчыларын колдонуу менен, кайрадан бийликти алабыз деп умуттонушуудо. Бакиевдердин кол балдары жана алардын ишенимдуу Кыргызстандагы чиновниктери ким деп айта турган болсок, алар ото эле коп экенин байкоого болот. Маселен, Максим менен Жаныштын телефон аркылуу суйлошуулорундо Нариман Тюлеевди, Камчыбек Ташиевди жана Акматбек Келдибековдорду бекеринен айткан эмес. Буларга кошумча, эл арасында Бабанов дагы Максим менен бугунку куну да кадимкидей «общения» кылаары айтылып келет. Баарынан дагы мурун ушул эле айдын ичинде Акматбек Келдибеков Францияга барып, ал жактан АКШнын, Европанын чиновниктери менен жашыруун жолугушуу откоруп, ага улай эле Бакиевдер тобуна да жолуга келгени жер тыншаар маамыттар тарабынан айтыла баштады. Анын жолукканын коп кырдуу себептери бар десем жанылышпайм…

Ошентип АКШнын жана Европанын таасирду чиновниктерине жолугуп, алардын алакан жайган батасын алып, андан сон олкого келип миттингдерди кайра жандандыруу иши эми Келдибектин баласы Ахматка келип жетти. Бул адамга Бакиевдер да соз суз жардам берээри ажеп эмес.

Баарыбызга белгилуу болгондой 3-октябрдагы Садыр Жапаров тарабынан уюштурулган миттингдин чыныгы максаты озунон озу ачылып берди. Анын артындагы саясий кызыкчылыкты издеп убара болбостон, Ташиевдин олдоксон кадамынан сон баары белгилуу болуп бергенин айт. Ошол олдоксон саясатчылардын олтойсуз иштери ойдо жок жерден торго чалып, аргасыз темир торго алып барды. Бул эми эки-уч жума мурун болгон окуя. Так ошол кезде «Ата-Журт» партиясынын олкун депутаттарынын арасынан аран эле торт-беш депутат камакта калган депутаттарга болушуп чырылдап чыгышып, акыр аягы тим болушкан. Нариман Тюлеевде да баары ушинткен. Анда Ташиев мырза да барган эле, Пракуратуранын эшигин жула тээп. Анын артынан Акматбек Келдибеков да барган. Эн кызыгы ошондогу Наримандын камалышына каршы болуп барган Акматбек Келдибеков, 3-октябрда камалган Камчыбек Ташиев досу учун УКМКга барып, Камчыбек мырзанын ал абалын сурап койгонго жараган жок. Тескерисинче мыйыгынан кулуп, ичинен кымындап атканы кадимкидей байкалып турду. Бирок, арадан убакыт коп узабай, кечээ жакында эле Акматбек мырза тушунон чочуп ойгонгондой иш жасады. Ал кокусунан эле «Ата Журттун» 4 депутатынын камалышы бир эле фракциянын эмес, парламенттин кризиси десем жанылышпайм» деп билдирди Ахматбек Келдибеков 18-октябрда пленардык жыйында. Айтмакчы ал киши 16-октябрда Жалал-Абаддагы элдин миттингине да барып катышканга улгургон. Тан калыштуу. Камчыбек мырза жаны камалган кезде мыйыгынан кулуп отурган Ахматбек мырза, арадан он кун отпой оз позициясын 360 градуска айлантып жиберди. Эмне себептен мындай айлануулар болду деп тан калып турганыбызда, ишенимдуу маалымат булактар анын Францияга барып, ал жактан АКШнын, Европанын чиновниктери менен жашыруун жолугушуу откоруп, ага улай эле Бакиевдер тобуна да жолуга келгенин айтып чыгышты. Мына сага, кызыктын баары эми башталчудай болуп калды корунот. Кыргызга кыянаттык издеп, жеке оз керт башын ойлогондор ушинтип эле четтен чыгып калаары акыркы кездерде тез-тез эле болуп турчу болду. Мына эми алардын катарын жакында Ахматбек деген мырза толуктап берээри ажеп эмес…

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

07-12-2012
Садыр Жапаровдун ишмердуулугу жонундо
25071

25-11-2012
Ит үрө берет, кербен жүрө берет
6328

25-11-2012

Ач айкырык, куу сүрөөн

22161

19-11-2012
А.Келдибековго А.Сулайманов эмне карыз? 
7794

19-11-2012
Сырткы жана ички саясий күчтөрдүн курмандыгына ким байланды?
11201

08-11-2012
Кыргызстанды кимдер чайпалтат?
11635

08-11-2012
«Кумтөр», Ташиев, Жапаров, Мамытов
9096

08-11-2012
Өрдөк жокто чулдук бий
16722

02-11-2012
Келдибековдун тизгинин ким тартат?
12506

25-10-2012
Кыргыз укук коргоочулары гранттык каражаттарды кантип уурдап жатышат?
20077

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×