Добавить статью
3:22, 25 октября 2012 20019

Кыргыз укук коргоочулары гранттык каражаттарды кантип уурдап жатышат?

Акыркы мезгилде, биздин өлкөдө иш жүргүзүп жаткан ар түрдүү эл аралык уюмдар тарабынан, 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуялардын курмандыктарына көмөк көрсөтүү жана аялдардын укуктарын коргоо үчүн адам укуктарын коргоо чөйрөсүндө, атап айтканда укук коргоо органдарындагы кыйноолор менен күрөшүү тармагында ишмердүүлүк жүргүзгөн укук коргоо уюмдарын колдоо максатында көптөгөн каражаттар бөлүнүп жатат.

Бирок, кайрымдуулук максаттар үчүн бөлүнгөн бул каражаттардын баары муктаж болгон адамдарга чейин жетеби же жокпу деген жүйөлүү суроо жаралат?!

Мунун жообу жөнөкөй эле, “Голос свободы” (Азаттык үнү) коомдук фондунун жетекчиси Багишбеков Сардарбек Саидбекович сыяктуу “колу булганган” инсандар гранттык каражаттарды бөлүштүрүү менен алектенип жатканда ал каражаттар муктаж болгон адамдарга эч качан толук жетпейт. Анткени аты аталган жетекчи чет өлкөлүк грант берүүчүлөрдүн “чөнтөктөрүн” “аңтарууга” абдан көнгөн жана ал “чөнтөктөрдү” өзүмдүкү деп эсептейт. Албетте, абдан жакшы эмгек акы алып жаткан С.Багишбековго акча керек болбогондо, кимге акча керек болмок эле. Бирок, кыйноого дуушар болгондор жана башка жабырлануучулар зарыл болгон медициналык жардамды албаганы менен, С.Багишбеков жетиштүү деңгээлде жашайт да.

С.Багишбековдун көрсөтмөсү боюнча, ишке ашырылуучу долбоорлордун бюджетине ага катышып эмгек акы алуучу укук коргоочулардын саны көбөйтүлүп жазылат. Бирок, чындыгында долбоорду эки-үч гана киши жүзөгө ашырат, ал эми бюджетте көрсөтүлгөн кызматкерлердин эмгек акысын С.Багишбеков алат. “Голос свободы” (Азаттык үнү) коомдук фондунун өнөктөштөрү болуп эсептелген, аймактык өкмөттүк эмес уюмдардын (ӨЭУ) кызматкерлери С.Багишбековдун жетекчилиги менен жүзөгө ашырылган долбоорлордун бюджеттеринде жазылгандыгын көпчүлүк учурда биле беришпейт. Мисалы, Ош шаарындагы “Луч Соломона” коомдук фондунун жетекчиси Хусанбай Салиев, Талас шаарындагы “Союз единения” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марина Эдигеева, Чолпон-Ата шаарындагы “Вентус” коомдук бирикмесинин жетекчиси Камиль Рузиев жана башка укук коргоочулар “Голос свободы” (Азаттык үнү) коомдук фондунун долбоорлоруна кагаз жүзүндө катышып жаткандыгынан шек санабайт.

С.Багишбеков эмгек акылардын ведомостторун, иш сапарларга чыгуу боюнча буйруктарды, суткалык жана транспорттук чыгымдардын ведомостторун жана башкаларды жасоо боюнча чыныгы “чебер”. Ал эми фонддун финансылык документтериндеги мыйзам бузууларды жашырууга ага бул максаттар үчүн атайын тартылган аудитордук фирма жардам берет жана алар “кылча кыйшыгы жок” дегендей бүтүм чыгарат.

С.Багишбеков бул махинациялардын баарын “Голос свободы” (Азаттык үнү) коомдук фондунун ишмердүүлүгүн түзгөн жана координациялаган уюмдардын жетекчилеринин колдоосу менен жасап жаткандыгы шексиз. “Фридом Хаус” эл аралык уюмунун жетекчиси АКШнын жараны Стюарт Кан С.Багишбековдун ишмердүүлүгүнөн түшкөн пайдадан өзүнө тиешелүү пайызын алып турат жана болгон иштин баарына көз жумуп коёт. Ал эми С.Багишбековдун негизги колдоочусу болуп АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (ЮСАИД) эсептелет. Бул агенттиктин кызматкерлери да гранттык каражаттар аркылуу пайда табуудан качышпайт.

Айтылып өткөндөй эле, кайсы жагынан карабагын, адам укуктарын коргоо чөйрөсүндө иштеген адамдардын моралдык сапаттары анчалык деле бийик эмес. Ошондой эле, алар кайрымдуулук максаттарга жамынып алышып, катуу ураандарды кыйкырышканы менен, “калпты айтышат” жана жеке кызыкчылыктарын гана көздөшөт. Демек, кимге ишенсе болот?!!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

07-12-2012
Садыр Жапаровдун ишмердуулугу жонундо
25001

25-11-2012
Ит үрө берет, кербен жүрө берет
6291

25-11-2012

Ач айкырык, куу сүрөөн

22108

19-11-2012
А.Келдибековго А.Сулайманов эмне карыз? 
7752

19-11-2012
Сырткы жана ички саясий күчтөрдүн курмандыгына ким байланды?
11159

08-11-2012
Кыргызстанды кимдер чайпалтат?
11608

08-11-2012
«Кумтөр», Ташиев, Жапаров, Мамытов
9045

08-11-2012
Өрдөк жокто чулдук бий
16643

02-11-2012
Келдибековдун тизгинин ким тартат?
12466

24-10-2012
АКШнын батасын, Бакиевдердин буйругун алып келген ким?
16843

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×