Добавить статью
3:43, 29 октября 2012 56663

Чейрек кылым күттүргөн курулуш

27-октябрда эртең менен Нарын өрөөнүн калың булут каптап турган экен. Аска зоолор ак карга чулганып, тоолордун кап ортосуна чейин кар жааптыр. Демек, жергиликтүү тургун катары дал ошол салтанат өтүүчү жерге кар түшкөндүгүн дароо баамдадык. Неси болсо да атайын мерчемделген жерге «кутуча» салынып, муз ордунан козголсо деген тилек башкы орунду ээлеп турду. Анткени мындай саамалыкты кыргыз эли, анын ичинде теңиртоолуктар, андан дагы Нарын дайранын жогорку агым алкымдарында жайгашкан жергиликтүү тургундар тээ-тиги союз доордон эле зарыгып күтүп келишкендиги айныгыс чындык болгон.

Дүйшөнбек Шабдалиев Нарын районунун Таш-Башат айылынын 75 жаштагы карыясы. Өмүрүнүн жаштыгын жалаң тоо арасында өткөрүп, жамааттык чарбанын койун багып келген аксакал мындай ишти абдан жакшы жөрөлгө катары баалайт.

«Бизге 60-жылдарда эле свет чыгарган ГЭС курулат деп айтышчу. Анда ушул жерге эмес, чоң капчыгайдын ичинен тосот дешчү. Эми ГЭСтер курулса эң сонун болот да. Свет өчпөйт, балдар иштешет, окушат, деги айланайын мыкты эле болот» ,- дейт ардагер Д.Шабдалиев ата. Ал эми КРнын энергетика жана өнөр-жай министри Автандил Калмамбетовдун айтымында жогорку Нарын дайра агымына суу электр бекеттерди куруу жараяны өткөн кылымдын 88-жылы башталган. Бирок заман алмашуусу менен ал иш ыргагы кан буугандай токтоп калган.

«Бул ГЭСтер толук кандуу иштегенде электр кубаттары Нарын жана Ысык-Көл облустарын толук камсыздайт. Бирок энергетикалык көз карандысыздыктан чыгууга дагы албан иштер алдыда турат. Ортоңку Нарын, Казарман, Суусамыр каскаддарды куруулар келечектин иштери. Ал эми ага чейин ушул курулуштарды өз убагында, сапаттуу бүткөрүүгө мен убада берер элем»,-деп билдирди министр мырза. Ошентип чейрек кылым убакыттан кийин Кыргызстанда эң ири курулуштун кутучасын салуу күн да келип жетти.

Президент: 27-октябрь - Кыргызстанда улуу күн

«Ак-Булуң айылынын тушу тосулуп, айыл көчүрүлөт экен», «Саске» деген жерге бирөө курулат дейт», «Ал жерге эмес, Чоң Нарын суусунун «Эчки аттамак» деген жеринен тосулат» дейт, деген аңыз кептер айрыкча быйылкы жылдын жай саратанынан тарта жергиликтүү калк арасында кызуу кепке айланган эле. Бирок «Эстелик ташты» ачуу жана «кутуча» салуу жөрөлгөсү Нарын районунун Орток айыл аймагындагы Мерген Жар деген жерде болду. Бул жер эки Нарын суулары кошулуп бирге аккандан кийинки болжолу 10-15 чакырым аралыкка туура келет. Кыламык жааган кар аралашкан, абасы чыкыроондоп турган Мерген Жарга адамдар эртең мененки саат 9дан тарта топтоло баштаптыр.

Мерген Жар атына заты төп келген жер экен. Бийик кашаттуу секичеден кыйла төмөн жакта көк кашка Нарын дайрасынын шоокуму жаңырып, эртеңки элдик улуу кызматынан эч кабарсыз бир калыпта шарпылдап агып жатат. Дал ушул жерге Ак-Булуң СЭБи салынып, төмөн карай 10-15 чакырым аралык жерлерге Нарын 1, 2 жана Нарын 3 СЭБдери курулаарын жабалактаган журналист кабарчыларга КРнын энергетика жана өнөр-жай министринин орун басары Айбек Калиев кобурап жатты. Жаңы көз жарган «Жогорку Нарын каскады» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Игорь Горбенко 2012-жылдын 20-сентябрындагы өкмөттөр аралык келишим негизинде келерки жылдын ала жазына чейин техникалык экономикалык негиздемелер толук аяктап, 2013-жылы бардык курулуштар, атап айтканда жаңы шаарча, жол, электр чубалгыларды тартуу, түтүк өткөөл жерлер курула башталаарын жана СЭБдер үзгүлтүксүз абалда салынаарын билдирди. Айтор адистердин айтымдарында, жалпы 4 СЭБ 5-7 жылда толук пайдаланууга берилип, жылына алар аркылуу 191 МВт кубаттуулукта электр кубаты өндүрүлмөкчү. Натыйжада жылына орточо 1 миллиард 55 миллион киловатт саат электр кубатын иштеп чыгып турат.

Аңгыча асмандан тик учак үнү угулуп алгачкысы саат 10:40 болгондо белгиленген жерге келип конду. Арадан туура 4 мүнөт өткөндө экинчи тик учак учуп келип, ал андан арыраак жерге кондурулду. Бул учактардан Орусиялык меймандар түшүштү. Сааттын мүнөтү туура 11-01ди какканда үчүнчү тик учак асмандан көрүнүп, андан президент Алмазбек Атамбаев коштоочулары жана алар менен кошо «РусГидро» федералдык ААКнын башкармасынын төрагасы Евгений Дод бирге учуп келишти.

Салтанаттуу жыйынды ачкан облус жетекчиси Канатбек Муратбеков келген меймандарды куттуктап жана аларга теңиртоолуктардын атынан чоң ыраазычылык билдирип кеп кезегин мамлекет башчысына узатты.

«Айтыңыздар маарек болсун, урматтуу мекендештер, алтындарым. Айтка удаалаш бүгүн Улуу Нарын дарыясында, Кыргызстанда тарыхый улуу күн болуп жатат. Мен ушундай күндү көргөнүмө бактылуумун. Мурда Нарын облусу дотацияда туруп келсе, мындан ары Нарын Кыргызстанды бага баштайт. Манас ата дагы алгач келгенде Нарынга келген. Кыргыз элинин тилинин өзөгү болгон Нарын касиеттүү жер. Аскар Салымбеков унутпай Кошой Ата жерине музей курду. Башкысы Орусия президенти урматтуу Владимир Вдадимирович Путиндин чоң саясый эрки менен ишке ашкан мамлекеттер аралык ушул курулушка салым кошкондугу менен ал кишини да куттуктаймын. Азыр башка доор келип жатат. Мына мында ардагер энергетиктер да катышып жатышат. Алар мурда деле эки мамлекеттин куруучулары менен бирдикте мурунку ГЭСтерди курушкан. Эми да бирдикте курганы жатабыз. Жалпысы Нарын дарыясынын жогору жактарына 12 ГЭС курулушу керек. Демек биз энергетикалык көз карандысыздыктан арылабыз»,-деди Президент. Ал эми Евгений Дод кыргызча саламдашып, кыргыз тилинде сөзүн жыйынтыктап буларды белгиледи.

«Салоомалейкум! Албетте Кыргызстан сууга бай мамлекет. А Орусияда мунай жана газ бар. Бирок суу мунайга жана газга караганда алда канча баалуу. Биздин эки өлкөнүн элдери 100 жылдардан бери бирге жашап келишет. Ошондуктан биздин иш да бирге боло бермекчи. Бул жерлерге ГЭСтердин салынышы менен Кыргызстандын экономикасы көтөрүлөт. Мен курулуштар сапаттуу, экологиялык жактан коопсуз абалда бүткөрүлөт деп билдиремин. Ыракмат»,-деп сөзүн аяктады Е.Дод мырза. Ардагер энергетик Жамалбек Түлөбердиев аксакал бир катар сандарды айтып, өткөн чактарды эске салды.

«Жер байлыгы элге кызмат кылышы керек. Анын бири электр энергия. Биздин Кыргызстандын суулары 147 миллиард кВт.саат электр өндүргөнгө мүмкүнчүлүгү бар. Бир эле Нарын дарыясына 26 ГЭС курганга боло тургандыгы белгилүү. 1958-жылы биздин Республика 750 миллион кВт.саат электр энергия чыгарыптыр. Анан 1964-жылдан тарта чоң-чоң станциялар салына баштаган. 1992-жылы жанакы 147 миллиард электр энергиясынын 10 пайызы өндүрүлө баштады. Ошол жылдардагыдай план менен кеткенде 2010-жылы 29 миллиард кВт.саат электр чыгарганга жетишмекбиз. Тилекке каршы орто жолдо ойлогон ойлор ишке ашпай калды. Мына эми эки революциядан кийин Алмаз Шаршенович өкмөткө келгенден тарта баякы ойлорубуз аткарылууга алынып жатат. Биз көз карандысыз мамлекет болушу үчүн энергетикалык жактан да көз карандысыз болушубуз керек деп айтып келгенбиз»,-деди ардагер энергетик Ж.Түлөбердиев аксакал.

Ошентип Президент жана келген меймандар «Атайын кутучаны» салып, аралаштырма төшөштү.Айтмакчы Евгений Дод мырза кол саатын да ырымдап кутучага кошо таштады. Нарын районунун Таш-Башат айылынын 75 жаштагы карыясы Бакен Тезекбаев Ак Бата берди.

Жергиликтүү бийлик эмне дейт?

Салтанат шааниден кийин Нарын районундагы Орток айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Миртемир Турдалиевге жолугуп кыскача төмөндөгүдөй жооп алдык.

«Биздин алган маалымат боюнча бери жагы 2 миңден ашуун адам иш менен камсыздалат. Бизге айыл өкмөткө канча жумушчу күчүн бере аласыңар деген атайын кат да келген. Айыл аймактагы 4 айылдын жаштарын иликтеп чыгып, учурда ар бир айылдан орточо 30-40 балдардын адистиктери бар экендигин аныктадык. Мындан сырткары чет жактарга кеткендерден атайын адис балдарыбыздан да 150 курулушчулар кайрылушууда. Ошону менен катар айылдардагы жашоого боло турган үйлөрдү да аныктап жатабыз. Негизи башка жактан келген адистерди турак-жай менен камсыздоого дагы бардык мүмкүнчүлүктөр көрүлүп жатат»,-деди М.Турдалиев мырза.

Кыскача саптар

«РусГидро» ААК ишканасы 2011-жылы Нарын дайрасынын жогорку агымдарына СЭБдерди куруу үчүн техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жана ыңгайлуу жайларды тактоо жумуштарын жүргүзкөн.

Негизги алгачкы жүрүш үстүбүздөгү жылдын 20-июль күнү жасалган. Ал күнү ушул эле «РусГидро» компаниясынын башкармасынын төрагасы Евгений Дод жана андагы КРнын Энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев тик учак менен Камбар-Ата СЭБинен тарта Нарын дайраны бойлой учушуп, ошол эле күнү күндүн экинчи жарымында президент А.Атамбаев Чолпон-Атада алар менен көзмө-көз сүйлөшкөн.

19-20-сентябрда Кыргыз Республикасына ырасмий сапар менен Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин келип, анда эки өлкөнүн энергетика министри Жогорку Нарын каскаддарынын курулуштарын куруу жана пайдаланууга берүү тууралуу биргелешкен кызматташууга кол коюшкан.

Алдын ала болжолдоо боюнча 4 СЭБдин курулушунун долбоорлору үчүн жалпысы 410-425 миллион АКШ доллар зарпталмакчы.

Долбоор ОФнын Энергетика жана КРнын Энергетика жана өнөр-жай министрликтери тарабынан байкоо салынат (координацияланат).

Долбоорду «Электр станциялар» ААК (Кыргызстан) жана «РусГирдо» ААК (Орусия) ишканалары жүзөгө ашырат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
34674

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
33557

03-09-2013
Өкмөт башчысынын иш сапарынан сүртүмдөр
45545

26-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары-элдин ресурстары»
36997

26-04-2013
Таластан алган таасирлер (Биринчи макала)
35673

24-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары - элдин ресурстары». Адамдын саламаттыгына каражат кандай жумшалууда?
43923

28-03-2013
Ыйлап жүрүп арык каз, ырдап жүрүп суу сугар
60873

25-03-2013
Нарындагы жолугушуудагы ажылдактар
92984

15-01-2013
Ала Тоодо шыбагадан куру калган бир кыштак
66448

29-12-2012
«Профсоюз - бул биз»
64902

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×