Добавить статью
5:41, 8 ноября 2012 9046

«Кумтөр», Ташиев, Жапаров, Мамытов

«Кумтөр» шылтоосу менен бир саат ичинде өз бийлигин өзү басып алмакчы болгон Мамытов, Жапаров, Ташиевтердин камалуусу жана аларга козголгон кылмыш иши өз баасын туура берди дегендер ого эле көп. Же эмне он-он беш кишинин башы биригип, ак үйдүн тосмосун секирип өтөөр замат, бийлик алмаша берсе болобу? Мындай суроону азыр ар бир экинчи киши талкуулап жүрөт. Ырас, өздөрүнүн чыныгы максатын, тактап айтканда элдин мүдөөсүн эмес, жеке кызыкчылыкка байлаган миттингдин чыныгы жүзү алеки – заматта ачылып калды. Аны уюштурган лидерлер камалышы керектиги акыйкатка эмес, логикага салып көрсөк да туура болуп чыгып атпайбы. Же калппы? Айрым Жогорку Кеңештин депутаттары аталган лидерлердин жосунсуз жоругуна иренжип, алардын камалуусун туура таап жатышса, Жылдыз Жолдошева деген айым Ташиевге жан тарткан сөздөрүн айтып, адатынча тыбырчылап жаткан кези.

  Ооба, тыбырчылап атат. Тыбырчылабаганда эмне, кечээ 3-ноябрда 15 адамдын башын бириктирген чогулуш өткөрүптүр. Чогулуш Садыр Жапаровдун  аялына таандык Совет менен Дружба көчөсүнүн кесилишиндеги кеңсесинде болгону эмнеден кабар берип турганын билип турсаңар керек. Чогулушка, саясат таанучу сөөрөйлөр, элдин укугун коргомуш эткен укук коргоочулар катышканы да тастыкталды. Тактап айтканда,М.Казакбаев, Т.Үмөталиева, А.Абдрасулова, Д.Ошурахунова баштаган бейөкмөтчү же болбосо чатактан жарма жасап ичип көнгөн эксперт чалыштардын он бешөөсү аталган күнү кечки саат алтыда чогулган экен. Аталаган жыйналыштын эң башкы темасы мамлекеттин орчундуу маселеси эмес, жогорудагы биз атап өткөн үч депутаттын бошотулушу тууралу узун-сабак кеп болду. Жылдыз Жолдошева  үч депутатка козголуп жаткан кылмыш иши туура эмес экенин, анын ордуна публичный призывы деген аталыштагы кылмыш ишин козгош керек эле дейт. Ошондо депутаттардын макулдугусуз аларды камоого алалышпайт деп бир балп эттире таттуу кыялын ортого салды.  Жылдыз айымдын баарынан мурда, оппозициянерлерди куугунтуктап, кармап атат, бийлик түштүктүн элинин бетине түкүрдү деген чагымчыл сөздөрдү да айтып жибергени болду. Өзү эл өкүлү болуп алып да, ушундай чагымчыл сөздөрдү айтып отурушу анын абийиринин канчалык денгээлде экенин тастыктап койду көрүнөт. Кыскасы Жылдыз Жолдошева жогорудагы аттары аталган бейөкмөтчүлөр менен Ташиевди бошотуп алам деген үмүттү кыялы бар экени ачыкталды. Аталаган эл өкүлү мыйзам баарыбыз үчүн бирдей экенин, сен оппозициянер, сен президент, сен депутат же сен карапайым адам деп бөлбөй турганын эсине дагы бир ирээт салгыбыз келип турат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

07-12-2012
Садыр Жапаровдун ишмердуулугу жонундо
25001

25-11-2012
Ит үрө берет, кербен жүрө берет
6291

25-11-2012

Ач айкырык, куу сүрөөн

22108

19-11-2012
А.Келдибековго А.Сулайманов эмне карыз? 
7752

19-11-2012
Сырткы жана ички саясий күчтөрдүн курмандыгына ким байланды?
11160

08-11-2012
Кыргызстанды кимдер чайпалтат?
11608

08-11-2012
Өрдөк жокто чулдук бий
16644

02-11-2012
Келдибековдун тизгинин ким тартат?
12466

25-10-2012
Кыргыз укук коргоочулары гранттык каражаттарды кантип уурдап жатышат?
20019

24-10-2012
АКШнын батасын, Бакиевдердин буйругун алып келген ким?
16843

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×