Добавить статью
5:42, 8 ноября 2012 11609

Кыргызстанды кимдер чайпалтат?

Акыркы учурда өзүн оппозициянын көзүрүмүн деп санаган А.Келдибеков Жогорку Кеңештин трибунасынан эл көзүнө бирде айтып, көмүскөдө башкача амалдарды жүргүзүп жаткан кербези. ПартиялашыК.Ташиевдинкөлөкөсүндөкөпкөжүргөнүнөжаныачыганбы  алкамалганданбериКелдибековдункел –келикелиптаскагычыгабаштады. БиркездеН.Түлеевкамалганда  КамчыбектенкийинкирипНаримандынал-ахыбалынсурапморалдыкколдоокөрсөтүмүшэткениэлэлегинде. Ананэле  К.ТашиевмененС.Жапаровдордун «өктөбүртөңкөрүшү» ишкеашпайкалганданкийиналардыколдопаркандай  сөздөрдүайтымышболду. Укук коргоо органдарына асылды. Интеллектиси жетишинче, илхамы түгөнгөнчө «Ата Журттун» депутаттарын коргомуш болду. Бул эл көзүнө. Ал эми тымызын Ташиев камалганына бир эсе табасы канып, бир эсе «Ата Журт» партиясынын эки тизгин бир чылбырын колуна алам деген арам ою ишке ашчуудай болгон.

Ондуу оппозиция боло албай же позициянын тонун кийе албай  Келдибеков   айласыздан ойду-тоону сүйлөп калды. Буга  бир мисал: «Ата Журттун» 4 депутатынын камалышы бир эле фракциянын эмес, парламенттин кризиси десем жаңылышпайм» деп билдирген пленардык жыйында. Оппозициянын ишенимине  кирем деген кыязда 16-октябрда Жалал-Абаддагы элдин митингине да барып катышканга үлгүрдү.

Бир кезде Бабанов баштаган Өкмөттү өкүртө сындап анын кызматтан кетишине үлкөн салым кошкон Келдибеков эми аны менен  тандем куруп, мандем оюндарды уюуштурууга шымаланып киришип жаткан чагы. 3-октябрдагы Садыр Жапаров тарабынан уюштурулган митингдин чыныгы максаты  Ташиевдин талпаңдаганына улам  ачылып калгандан кийин  Келдибековдун аргасыз кадамы Бабанов менен биригүү эле дешкендер өлө жаңылат. Ал экөөң бириктирген бир нерсе бар.  БИЙЛИК. Анткени экөө тең бийликтин татымын татып, кумарына канып канбай ээрден шыпырылышты. Эл эмне? Эл булар үчүн оюнчук.  Капчыктары калың. Жетпей баратса Максим досунан алышат. Не кылыш керек? Азыркы бийлике такаат бере алган БЛОК болушу зарыл. Өкмөттү сындаган, Президентке ичи чыкпаган, апрель окуясына нааразы,  каргашалуу июнь окуясынын күнөкөрлөрүн таппаган, сот реформасын жүргүзбөгөн, чек ара маселесин карабаган, ундун кымбатташына көз салбаган,  күндүн кургакчыл болушу, Алайдагы малдардын кырылышы, уйлардын  оорусу, сел каптоо, кыскасы, санап отурса кагаз түтпөгөн ар кандай себептердин башкы күнөкөрү Бийлик деп санагандардын баарысын, саман  топонун бир жерге чогултуп  туруп  ОППОЗИЦИЯ түзөбүз  деген максатта Бабанов менен Келдибековдор  ар кандай  оппозициялык карлик кыймылдарды бир блокко бириктирүүнүн жолдорун издеп жатышат. Буларга кимдер кирет? Мурунку кызматынан жыдыгандарбы же  бийлик десе түн уйкусунан калып капчыгынын камын жегендерби? Же  өз элин кырып кеткен Бакиевдин  мураскорлорубу? Баары бар. Башында  кол бала КУУРЧАКТАР. Кандай айткан күндө да Бабанов менен Келдибеков Бакиевдин бакма балдары. Аны алар иш жүзүндө далилдеп  да коюшту. Бекеринен «Ахмат менен Камчы» Максим менен Жаныштын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүндө аттары аталбаса керек. Эл арасында Бабанов  дагы Максим менен бүгүнкү күнү да кадимкидей «общение» кылаары айтылып келет. Ал  Максимдин досторун кызматка  көтөрүү менен  дагы бир ирээт  досчулугун тастыктады. Эми булардын тилеги Бакиевдин батальонун  башкы  баш кесерлери жок толук курамы менен кайрадан бийликке алып келүү. Муну кантип ишке ашырса болот? Анын бир гана жолу бар. Башмыйзамга   өзгөртүү киргизип, аны Элдик Курултай институту менен толуктоо керек. Ошондо гана көздөгөн максат ишке ашышы мүмкүн. Калган учурда эл колдобойт. Митинг деген неме элдин көкөйүнө көк таштай тийип  бүткөнүн өздөрү деле жакшы билишет. Бакылдаган Бабанов менен кутумдугу жандан ашкан Келдибековдор Элдик  Курултайды бетке кармап акыркы кадамга барып жатышат. Элдик Курултайдын лидерлеринин бири М.Ш.Чолпонбаевди Келдибеков каржыласа, К.Кошалиевди каржылоону Бабанов Өмүрбек өз мойнуна алган. Курултай институту кыргыз эли үчүн жаңылык деле эмес. Бирок курултай болгон доор кайсыл мезгил эле? Ал заман менен бүгүнкү учурду салыштырууга болобу. Акыркы жылдары курултайлардын маршы  бүткүл Кыргызстанды каптап кетип акыры эмне болду? Саяк,  сарыбагыш, төлөс, саруу, кушчу, кыскасы, кимдердин гана курултайы болгон жок. Акыры, К. Бакиевдин Ынтымак Курултайынын акыры не менен аяктады? Биз кыргыздар өткөндөн сабак алганды унутуп калдык. Элдик Курултайдын лидерлери камака алынган депутаттардын жакын туугандары менен биригип кырдаалды курчутууну көздөп жатыры. Мындай жагдай Отунбаева менен Дүйшөбаев, Каптагаевдердин тобунун чырагына май тамызат. Алардын негизги максаты  парламентти таркатуу,Кыргызстандын Президентине көз карандысыз  жаңы парламент менен өкмөттү түзүү.

Жаңы Парламент түзүп алышса, ал Өкмөттүн өтүн алып жаңы Өкмөттү курайт. Бул жерде Бабанов менен Келдибековдордун ою ОКД(Отунбаева, Каптагаев, Дүйшөбаевдер) менен бир жерден чыгып  отурат. А чындыгында ОКД Ахмат менен Өмүрбекти эчак эле  куурчак кылып алышканын өздөрү түшүнбөй калышкан өңдүү. Кандай айткан күндө да «букабы же уйбу, кыскасы сүт берсе болду да» деген кеп. Жакында боло турган шайлоолор булардын биригишине да түрткү берет. Анткени «Ата Журтчулар» лидерлери камалып партиясы шайлоого катышпай калды. Ошондой болсо да акчаларына таянып кээ бир өкүлдөрүн ар кайсы партияга киргизүүнүн амалдарын издешүүдө. Ага ОКД чоң жардам берет. Андан да кызыгы, Келдибеков чет өлкөкөгө барып, ал жактан таасирдүү чиновниктери менен жашыруун жолугушуу өткөрүп, Бакиевдер менен саламдашканы да айтылууда. Мындай кептер  бекер жерден чыкпаса керек. Анткени АКШ менен Европанын айрым бир мамлекеттерине Кыргызстандын Россияга ыктап  баратышы таптакыр жакпайт. Ошондон улам алардын да көздөгөн максаты бар.  Ал  Бакиевдер менен жолугушуусуна таң калбай эле койсок болот. Келдибековдун Бакиевдердин бакма күчүгү экенин элдин баары билет. Бирок  Келдибеков да, ОКД да, БАБАНЧИК да  саясый оюндун оюнчугу экенин билишээр бекен?

         Кептин ачыгы, кам санаба бака саз биздики… калганы өзүнөн өзү түшүнүктүү чыгаар….

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

07-12-2012
Садыр Жапаровдун ишмердуулугу жонундо
25002

25-11-2012
Ит үрө берет, кербен жүрө берет
6291

25-11-2012

Ач айкырык, куу сүрөөн

22108

19-11-2012
А.Келдибековго А.Сулайманов эмне карыз? 
7752

19-11-2012
Сырткы жана ички саясий күчтөрдүн курмандыгына ким байланды?
11160

08-11-2012
«Кумтөр», Ташиев, Жапаров, Мамытов
9046

08-11-2012
Өрдөк жокто чулдук бий
16644

02-11-2012
Келдибековдун тизгинин ким тартат?
12466

25-10-2012
Кыргыз укук коргоочулары гранттык каражаттарды кантип уурдап жатышат?
20019

24-10-2012
АКШнын батасын, Бакиевдердин буйругун алып келген ким?
16843

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×