Добавить статью
5:42, 19 ноября 2012 11160

Сырткы жана ички саясий күчтөрдүн курмандыгына ким байланды?

Жергиликтүү жана эл аралык маалымат айдыңында кыргызга кыр аркадай кыйынчылык салып кеткен Бакиевдер тобу мамлекетибизге кайра кайтып келүүнүн миң түркүy айла амалын жасап жатышкандыгы тууралу бир эмес бир канча жолу айтылып келатат. Болгондо да өлкөбүздө калган мурдагы кол балдарын жана кошоматчы саясатчыларын колдонуу менен, кайрадан бийликти алабыз деген таттуу кыялдары дагы деле күчүндө. Айрым бир маалымат каражаттарынан өткөн айдын этеги менен Акматбек Келдибеков Францияга барып, ал жактан АКШнын, Европанын чиновниктери менен жашыруун жолугушуу өткөрүп, ага улай эле Бакиевдер тобуна да жолуга келгенидиги тууралу жазылып да айтылып да өткөн. Оппозициянын жападан жалгыз лидери көрүп, өзүн өзү көтөрө чаап жүргөн К.Ташиевди УКМКнын колуна салып берген О.Бабанов эми Ахматбек Келдибековду жандап, анын шыкакчысы болгондон артка кайтпай калды…

Ошентип АКШнын жана Европанын таасирдүү чиновниктерине жолугуп, андан соң Бакиевдерден каржы булагын өзүнө буруп келген Келдибектин баласы Ахмат эми миттинг-пикеттердин баштоочусу боломун деп турат. Ал эми ар кандай саясий шоулорду уюштуруда эң сонун адистешип калган Бабанов шайлоонун шайтан оюндарынын баш аламан сценарийин камдап аткан чагы дешет. Ага улай 25-ноябрь күнү жана андан кийинки күндөрү Ала-Тоо аянты миттинг-пикетке жык толоорун эмитеден Бабановдун куйруктары кеп кыла башташты. Шайлоо таза өткөн жок, ал бурмаланды деген шылтоону шыка кылып уруп, ансыз деле жумурткадан кыр издеп таппай жаткан айрым оппозициянерлердин да чырагына май чачканы турушат.

Садыр Жапаров уюштурган 3-октябрдагы миттингдин чыныгы максаты эл алдына ачылып калган соң, Кадыр Кошалиев деген генерал чалыш бир аз дымый түштү эле, эми анын үмүтүн жандырып, ага шыкакчы боло баштаган Ахматбек Келдибеков, Кошалиевге том-том убадаларды жыйып берип атат. Алсак, жаңы-жылга чейин, болбосо жазга жуук парламентти таратып, эмки шайлоодо Бабановдын камандасын кошуп бир чоң блок түзүп шайлоого катышып келээрин, жана утуп чыгышса К.Кошалиевдин талаптарын, элдик Курултайды жана 93-жылкы конституцияны кайра орундатып беребиз деп шыбырап жатат дешет. Буга шайманы кеткен Мукар Чолпонбаевда токтоосуз макул. Карыганда карыдай болуп, небере-чөбөрөсүнүн бактысына балкып жатуунун ордуна, өлкөгө өйрөн салып, анын бүтүндүгүнө доо кетиребиз дегендерге кошулуп атканы өкүнүчтүү. Бул кишинин артында беш киши да жок, өзүн төшкө кагып мен оппозициямын дейт. Акыркы убакта ден соолугу да өтө жакшы эмес экени да белгилүү эмеспи. Пайдасы жок миттингдерге катышпай, андан көрө ошол ден-соолугуна кам көрсө деген эле жакшы тилегибиз бар.

Мейли, А.Келдибеков мененө.Бабановдун кара мүртөз арам ойлору бар болсун дейли. Бирок, мынчалык тобокелге барып, бүтүндөй өлкөгө баш аламан жаратабыз деген сценарийин чыныгы авторлору көшөгө артынан көпчүлүккө көрүнбөсө да, айрым жер тыңшаар мамыттар тарабынан ооз ачырган маалыматтар айтыла баштады. Алсак, жаш саясатчы, бизнестин битин сыккан, ал ортодо кызматынан кол жууп, четке сүрүлө чыккан Бабановду Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаевдер шыкактап, аны алдыга түртүп жатышат дешет. Азимбек Бекназаров деле парламент тарасын дегенде эки көзү төрт. Ал эми Дүйшөбаевга эмне жок десен, бир нерседен куру калгансып?

Бир жагынан Максим, бир жагынан АКШнын чиновниктери, бул жактан болсо Роза Отунбаева баштаган жоон топ саясатчылар Ахматбек Келдибековду оппозициянын каарманы катары көрсөтүп, аны О.Бабановда кош колу менен колдоп атканы билгенге жакшы кабар эмес. Сырткы жана ички күчтөрдүн биригүүсү өлкөгө хаос алып келээрин беш колдой билип калбадыкпы. Буларда каржы булагы да жетиштүү экени да белгилүү. Ала-Тоо аянтына акчанын күчүнө салып миңдеген миттингчилерди алып келиши да ажеп эмес. Койгон талаптары болбогон бир шылтоо, анын арты эптеп болсо да, ресурстарга, бийликке жетүү экенин айдан ачык. Бирок, карпайым эл, жумурай журт үчүн азыр андай баш аламандын эч кандай кереги жок болуп турат. Алардын бир гана тилеги өлкөбүздө тынчтык гана болсо эле болду…

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

07-12-2012
Садыр Жапаровдун ишмердуулугу жонундо
25001

25-11-2012
Ит үрө берет, кербен жүрө берет
6291

25-11-2012

Ач айкырык, куу сүрөөн

22108

19-11-2012
А.Келдибековго А.Сулайманов эмне карыз? 
7752

08-11-2012
Кыргызстанды кимдер чайпалтат?
11608

08-11-2012
«Кумтөр», Ташиев, Жапаров, Мамытов
9045

08-11-2012
Өрдөк жокто чулдук бий
16643

02-11-2012
Келдибековдун тизгинин ким тартат?
12466

25-10-2012
Кыргыз укук коргоочулары гранттык каражаттарды кантип уурдап жатышат?
20019

24-10-2012
АКШнын батасын, Бакиевдердин буйругун алып келген ким?
16843

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×