Добавить статью
5:53, 19 ноября 2012 7752

А.Келдибековго А.Сулайманов эмне карыз? 

Эсиңерде болсо керек Ахматбек Келдибеков спикер болуп турган кезинде, тээ Каракол шаарына барып, Каприз деген лыжа тебүүчү базага барып, мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев менен жолугушкан эле. Бул чуулу окуянын арты дайынсыз калып, анын күнгөй-тескейин эч ким деле иликтөөгө алган эмес. Эми минтип биздин колго экөөнүн жолугушуусунун көнгөй-тескейи менен чын бышыгы тастыкталган маалымат келип отурат.

Анда сөз башынан болсун. Республика партиясы аркылуу Жогорку Кенештин депутаттыгына өткөн Алтынбек Сулайманов деген депутат бар. Аны баары эле жакшы тааныйт. өзгөчө Камчыбек Ташиевдин мурдун жара сүзгөндөн бери элдин баары айныбай таанып калышкан. Дал ошол Алтынбек Сулайманов менен кылмыш дүйнөсүндөгү авторитет Алманбет Анапияев экөөнүн ортосунда түшүнүк сөз чыр-чатак чыккан экен. Билгендердин айтканына караганда чыр-чатактын себепкери наркотрафик болгон. Мындай чыр чатактын далайын көрүп, далайдын көзүн тазалап коюга адистешип калган Алманбет Алтынбекти жок кылуу үчүн өзүнүн кишилерине «заказ» берет. Бул өлүм буйругу бат эле Алтынбекке кабарланып, ал айласын таппай, ошол кездеги спикер Ахматбек Келдибековго чөгөлөп барган экен. Экөөнүн ортосунда кандай келишим, кандай сүйлөшүүлөр болгонун ким билсин, кийин Ахматбек Каракол шаарындагы Каприз лыжа тебүүчү базадан мыйзамдагы ууру Камчыбек Көлбаев менен жолугуп Алтынбек мырзанын маселесин чечип беришет. Дал ошол күндөн баштап Ахматбек Келдибековдун алдында Алтынбек Сулайманов карыз болуп, анын айтканын эки дебей жүрөт. Мына маселени төркүнү ушунда.

Ошондой эле акыркы күндөрү Ахматбек Келдибеков менен өмүрбек Бабановдун мамилеси аябай жибип, кандайдыр бир той-топурга, чогулуштарга чогу ээрчишип бара башташты. Айрымдардын айтканына караганда экөө азыркы учурдун эн күчтүү оппозициянери болобуз деген таттуу кыялдары бар өңдөнөт. Айрым маалымат каражаттарынан Камчыбек Ташиевди алдап, аны 3-октябрда ойлонулбаган ишке түртүп, УКМКнын колуна атайын салып бергендиги маалымдалып жүрөт. Демек, Ахматбек Келдибековдун бир билгени бар экенин жана бир өзүм болом деген өзүмдүк сапаты күчүндө экенин билсек болот. Акыркы маалыматтар боюнча Омурбек Бабанов менен Ахматбек Келдибеков экөө каржы булагын агызып аткан кожоюндарына жолугуу үчүн 11- ноябрда Турция учуп кетишти. Кызыктын баары алдыда көрүнөт. Ошол саясатты кызытып, элди дүрбөтүү кезеги эми экөөнө жеттиби деген суроо жаралбай койгон жок.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

07-12-2012
Садыр Жапаровдун ишмердуулугу жонундо
25000

25-11-2012
Ит үрө берет, кербен жүрө берет
6291

25-11-2012

Ач айкырык, куу сүрөөн

22108

19-11-2012
Сырткы жана ички саясий күчтөрдүн курмандыгына ким байланды?
11159

08-11-2012
Кыргызстанды кимдер чайпалтат?
11608

08-11-2012
«Кумтөр», Ташиев, Жапаров, Мамытов
9045

08-11-2012
Өрдөк жокто чулдук бий
16642

02-11-2012
Келдибековдун тизгинин ким тартат?
12465

25-10-2012
Кыргыз укук коргоочулары гранттык каражаттарды кантип уурдап жатышат?
20018

24-10-2012
АКШнын батасын, Бакиевдердин буйругун алып келген ким?
16843

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×