Добавить статью
4:02, 21 ноября 2012 50814

Нарындык кабарчы президентке жана ЖК төрагасына кайрылат

Мен Нарын шаарынан жергиликтүү кабарчы Усупов Күмөндөр Айылчиевич (Күмөндөр Усуптегин) атайын кайрылууга мажбур болуудамын. Себеби төмөндөгү аталган кабар 20-ноябрь күнү эртең менен «Баракелде» сайтына жарыяланган. Кабардын аталышы жана мазмуну толук келтирилет.

«Нарында ЖК депутатынын жыйынына жарандар күч менен чогултулуп келди.

Өткөн аптанын ишемби күнү ЖК депутаты Чыныбай Турсунбеков Нарын шаарына келип, шайлоочулар менен жолугушуу жыйын өткөргөндүгүн өз ысымын айтуудан айбыккан Нарын шаарынын мекеме жетекчиси «Баракелде» сайтка атайын маалымдады. Бул тууралуу аймактык кабарчы Күмөндөр усуптегин билдирди.

«Кийинки ыңкылаптан кийин ар бир мекемеден 5-6 кишини чогулушка алып келесиңер деген көрсөтмө тыйылып калган эле. Бирок 16-ноябрь күнү өкүлчүлүктөн, акимчиликтен жана мэриядан телефон чалуулар болгондугу белгилүү болду. Мисалы мага Чыныбай Турсунбеков келет, жолугушууга 5-6 адамды алып келесиң деген тапшырма жогору жактан айтылды. Эмне үчүн шайлоо алдында кайсы бир партиядан шайланган депутат үчүн бийлик кызматкерлерди күч менен чакырып чогултушу керек. Бир убакта КСДП партиясын көрөйүн деген көзү жок жергиликтүү бийлик, эми минтип ушул партия үчүн иштеп жатат», - дейт шаардык мекеменин жетекчиси.

ЖК депутаты менен болгон жыйын 17-ноябрь күнү, ишемби күнү Нарын шаарындагы «Жаштар Ордо» имаратында болуп өткөн».

Мына ушундай учкай маалымат «Баракелде» сайтына 20-ноябрь күнү эртең менен жарыяланган. Саат 11-04 болгондо 0312 63 92 13 телефону аркылуу Талант Конокбаев аталган сайттын Нарын облусу боюнча аймактык кабарчысы Күмөндөр Усуптегиндин чөнтөк телефонуна (0772 43 56 77) чыгып, маалымат жалган экендигин, Ч.Турсунбеков мырза катышкан жыйынга эч кандай бийлик тарабынан жолугушууга жарандар чогултулбагандыгын, ал жыйынга партиянын Нарын шаары боюнча талапкерлери жана үгүтчүлөрү тарабынан гана чакырылган адамдар келгендигин, ошондуктан маалыматка төгүндөө киргизүүнү, же кабарды сайттан алдырып салууну билдирет. Аймактык кабарчы К.Усуптегин менен Т.Конокбаевдин сүйлөшүүсү 04-43 мүнөткө созулган.

Өз жообунда кабарчы маалыматты жигердүү түрдө уккандыгын, эгерде кабар боюнча партиянын, демек КСДПнын кайчы пикири болсо кайрадан сайтка билдирүү берүү өтүнүчүн билдирген. Аңгыча КСДПнын Нарын шаары боюнча координатору, Нарын шаардык кеңештин депутаттыгына аталган партия тарабынан №7-талапкер болуп катталган (Теңир Тоо гезити №76-79-сан) Майрамбек Сакыбаев кабарчы К.Усуптегинге 0550 81 45 54 чөнтөк телефон аркылуу саат 11-41 болгондо байланышка чыгып, маалыматты тактоону өтүнгөн. Жыйынтыгында тараптар КСДПнын Нарын шаарындагы кеңсесине саат 14-00 маалда жолугушуп, «Баракелде» сайтына жарыяланган жогоруда аталган маалыматты издеп табышкан жок.

Ал эми М.Сакыбаев мырза жыйынга өздөрүнүн үгүтчүлөрү жана талапкерлери жарандарды чакыргандыгын, бийликке эч нерсе айтпагандыктарын белгиледи. Ошол эле учурда КСДПнын Нарын облусу боюнча координатору Насыр Касымов кабарчы менен жолугушуп, «Баракелде» сайтына Чыныбай Турсунбековдун Нарынга келгендиги тууралуу кабар чыккандыгын уккандыгын, бирок өзү эч качан бийликке көрсөтмө бере албастыгын, жыйынга эч кандай бийликте иштегендер келбегендигин билдирди.

Өз кезегинде К.Усуптегин сайттын кызматкерлери менен кабарлашкандан кийин, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан маалымат бир жактуу берилген деген жүйөөсүнөн улам жарыяланган кабар алынып салынгандыгы белгилүү болду.

«Баракелде» сайтынын аймактык кабарчысы К.Усуптегин маалымат мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчиликке эгедер экендигин, бирок, тилекке каршы, кандайдыр бир себептерден улам сайтка жарыяланган кабардын Жогорку Кеңеш тарабы аркылуу алынып салгандыгын анык басма сөзгө жасалган кысым катары баалайт жана Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдон, КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбековдон жана президент Алмазбек Атамбаевден коомчулук үчүн ачык жооп күтөт.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

16-03-2015
Койчусу көп болсо, кой арам өлөт
70125

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
34674

02-10-2014
Эне тилди экчегендер, эли-журтун тепсегендер (Кыргыз тилине арналган пародиялар)
43278

23-09-2014
Жергиликтүү бюджет жамаатка тиешелүү
28741

22-04-2014
Мектеп парламентинин үчилтиги
49325

27-03-2014
Ой пикир: Бай сотко барса-барпаңдап, кедей сотко барса калтаңдайбы?
31489

24-01-2014
Оро албаган орок тандайт
20719

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
33557

29-11-2013
Жамиланын талаасы
27714

28-11-2013
Калымбүбүнүн карааны
16269

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×