Добавить статью
5:25, 25 ноября 2012 22109

Ач айкырык, куу сүрөөн

Шайлоо башталып жыйынтыгы чыга электе А.Келдибеков менен Ө.Бабанов баш болгон топ «Шайлоодо административдик ресурстар колдонулду. Баарын алар ээлеп алышты» Шайлоо таза болбоду» деген ач айкырык куу сүрөөндөрүн башташты. Буга нелер себеп болууда?. Шайлоо али боло элек. Аталган топ алдын ала жан далбастап жумурткадан кыр издеп жаткандарынын негизи неде деген суроолор туулат. Аларга жооп бирөө эле экен. Кандай аракет кылышбасын алардын идейлары суу кечпей калчуудай. Шайлоо деген шайлоо. Бирөө утулат, бирөө утат. Утулуу ызасын тарткандар сабырдуу болушу зарыл. Ал эми жыйынтык чыга электе чыр издеген жан кечти Н.Нышанов менен М. Чолпонбаевдер коомчулука дүрбөлөң салып, жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоого алдын ала бааларын берип жатышканы жосунсуз жорук. Мукар Шалтаковичтин идеялары дайыма шалтактанып кала берет. Жөнү жок жок жерден бир идеяны чыгарат да турат. Же анысына эл ишенсечи. Өзү чыгаан юрист, коомдук ишмер, дыкат саясатчы болгону менен акыркы жылдары кичине ооруп калганбы бир аз жыдый баштады. Ал эми Назарбек Нышанов бул адамга сөз жок. Айткан сөзүнө отчет бербейт. Кыргызстандын патриотторунун өкүлү Н.Нышанов «Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев менен ЖКнын оппозициялык депутаты Камчыбек Ташиевдер үчүнчү революцияны башташты. Алар элди түндүк менен түштүкө бөлүп жатышат» деген Ошто болгон митингден кийин. Кыргызстандын элин буга чейин эле экиге бөлгөн адамарды өмүр бою патриот болуп жүргөн Нышанов көрбөй калганы кызык. Болуптур. Принциптүү болсун. Эми болсо кайра төөчө сийип Келдибековдордун тобунун сөзүн сүйлөп жатканына тан бересин. Чыныгы патриот өз элине жамандык каалайбы. Көрсө, Нышановдун айткан сөзү менен аткарган иши айкалышпайт тура. Кечөө эле Кыргызстандын элдик лигасын түзүп, идеологиялык жол менен адамдардын аң сезимин өзгөртүп, саясатчы-коррупционерлерди жок кылам деген Назарбек кыргызстандыктарга баш аламандык уюштурууга аттанганын ким кандай түшүнөт? Ахмат менен Өмүрбектин ит жебеген идеаларын ишке ашырабыз деп өлүп кетишеби? М.Чолпонбаевдын кыла турган иши жок. Нышановдун болсо карызы чачтан көп. Кеп түйүнү акчада. Акча кимдин көзүн кызарбайт. Пулуң болсо кулуңмун деп куру кыйкырык салгандарды өз абийирлерине коелу. Шайлоо али боло элек
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

07-12-2012
Садыр Жапаровдун ишмердуулугу жонундо
25002

25-11-2012
Ит үрө берет, кербен жүрө берет
6293

19-11-2012
А.Келдибековго А.Сулайманов эмне карыз? 
7752

19-11-2012
Сырткы жана ички саясий күчтөрдүн курмандыгына ким байланды?
11160

08-11-2012
Кыргызстанды кимдер чайпалтат?
11609

08-11-2012
«Кумтөр», Ташиев, Жапаров, Мамытов
9046

08-11-2012
Өрдөк жокто чулдук бий
16644

02-11-2012
Келдибековдун тизгинин ким тартат?
12466

25-10-2012
Кыргыз укук коргоочулары гранттык каражаттарды кантип уурдап жатышат?
20019

24-10-2012
АКШнын батасын, Бакиевдердин буйругун алып келген ким?
16843

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×