Добавить статью
5:27, 25 ноября 2012 6292

Ит үрө берет, кербен жүрө берет

Шайлоо жакындаган сайын бийлик дегенде эки көзү төрт болгон саясатчылардын сасык оюндары башталаары турулуу иш. Адатта алар кылдан кыйкым издеп жан алакетке түшүшөт. Бул жолу да мамлекеттик эң жогорку кызматтан шыпырылган Бабанов менен Келдибековдор колдо бап байлыктарын чачышып, ар кандай айла амалдар менен азыркы Бийликти ар тарабынан шыбап жатышат. Бул жерде бир суроо туулат. Неге алар бийлик башына экенде азыркыдай жалындуу патриот, чыныгы кыргыз элине күйгөн мамлекеттик чиновник боло алышкан жок. Эми « жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап» дегендей болуп түштөн кийин кыйкырып жаткандарына жаның ачыйт. Бабанов Өмүрбек премьер-министр болуп турганда өзүм билемдике салып каалагандай эле иштегенин калың журт жакшы билет. Капрчыктын калыңдыгы менен Жогорку Кеңештин спикерлик ордуна отурган Ахматбек Келдибековдун кыска мөөнөттө иштеген ишин талдаган киши барбы? Эгер болсо көптөгөн жосунсуз окуялардын тизмегин тизип чыкмак. Бир жарым миллион доллар менен бааланган машине минип, он чакты сакчыга кайтарткан спикерлик кызматты Ахматбек кантип иштегенин унутуп калган күндө да элдин эсинде. Коррупцияны өнүктүрүүгө, жердешчиликке бөлүнгөнгө Келдибеков үлкөн салым кошкон. Ал кутуруп турганда Кыргызстандын болгон булуң бурчундагы мамлекеттик кызматтарга өз адамдарын орноштурууга жетишкен. Алардын уюштуруучулук, интеллектуалдык деңгээлине карап да койгон эмес. Айласы кеткенде кайын атасын кеңешчи кылып дайындабады беле? Эми болсо сүттөн ак адамдай болуп, улам бир жерден котур ташын көргөзүп жаткан кези. Ошондо ЖКнын жогорку трибунасынан неге бийликке акааратын айтпады. Өзү бийликтин жогорку бутагына конуп алып кой оозуна чөп албаган момун адамдын кейпин кийгени калппы.Жарытып спикер да боло албады. Тамада болду десек тура келет. Ар кимге сөз берген тамаданын иши эмеспи. Өмүр бою спикер болуп өтөм десе керек, Ахматбек ака. Бийлик колдун кири дегендери чын белем.. Аны ээрден шыпырландар жакшы билет. Акыры Ахматтын айласы куруп, кантип бийлике жетиштин амалын таппай Бабановдун багелегине жармашканы таң калычтуу деле эмес.. Ташиев камалгандан бери кадимкидей сергип калды. Кептин ачыгы, саясый салмагы жагынан Ахматбек Камчынын кашаадан секирип өткөн чаткаягына да татыбайт. Болгону бою жапыздардын ою бийик болот деген чын окшобойбу?!

Келдибеков улам бир топ менен биригип кайра бийликти колго алууга жандалбастаганы табигый көрүнүш. Өзүн өзгөлөрдөн өтө бийик сезген Келдибеков, Бабановдун жанында байкуш болуп этегине намаз окуп жатканы утурумдук.Кел-кели келип непаада эки тизгин бир чылбыр колуна тийсе ошол замат сатып кете берет. Канында сүткорлуктун уюткусу бар эмеспи. Баарын тыкыр эсептеп өзүнөн кыйраткан саясатчы чыкпасын жакшы билет. Ошондуктан Бабановду пайдаланып калууну ылайык көрүп жатыры. Шылтоо издеген адамга шыкак берчүүлөр четтен чыгат. Болгону ал адмда акыл эс тунук болушу зарыл. Болбосо улам бир жерге барып сүрмө топторго кошулуп кыйкырып жүрө бермей… Ал кыйкырыкты ким угат? Негиздүү болсо го бир жөн. Андай болбогондон кийин кыйкыра бер. Элдин сени менен эмне иши бар. Азыр бекер баскан адам көп. Капчыгың калыңбы? Чач, атаң көрү! Атың чыкпаса жер өрттө… Болгону баары мыйзам чегинде болсун… Өмүрбектин өкүрүк, Ахматбектин айкырык. Акыры барып өз баасын алаар күн келет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

07-12-2012
Садыр Жапаровдун ишмердуулугу жонундо
25002

25-11-2012

Ач айкырык, куу сүрөөн

22108

19-11-2012
А.Келдибековго А.Сулайманов эмне карыз? 
7752

19-11-2012
Сырткы жана ички саясий күчтөрдүн курмандыгына ким байланды?
11160

08-11-2012
Кыргызстанды кимдер чайпалтат?
11609

08-11-2012
«Кумтөр», Ташиев, Жапаров, Мамытов
9046

08-11-2012
Өрдөк жокто чулдук бий
16644

02-11-2012
Келдибековдун тизгинин ким тартат?
12466

25-10-2012
Кыргыз укук коргоочулары гранттык каражаттарды кантип уурдап жатышат?
20019

24-10-2012
АКШнын батасын, Бакиевдердин буйругун алып келген ким?
16843

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×