Добавить статью
4:27, 29 ноября 2012 83830

Укук билген уттурбайт

Баткен, Жалал-Абад жана Ош областтарында айыл чарба багытындагы жерлерди натыйжалуу тескөөгө алуу аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дараметин жогорулатуу долбоорунун иш жыйынтыгы чыгарылды.

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) тарабынан каржыланган долбоор бул областтардагы 120 айылдык аймактарында (АА) жергиликтүү бюджетке каражаттарды издеп, таап, анын барган сайын көбөйтүү менен ошол жерлердеги социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу аркылуу жер талаштарына, талаштан соң чыгып кетүүчү ар кандай чыр-чатак, жаңжалдардын алдын алуу максатын көздөгөн.

Эки жыл ичинде жүзөгө ашырылган иштердеги болгон жетишкендиктер, орун алган кемчиликтер туурасында 28-ноябрда Кыргыз Республикасынын президентинин түштүк резиденциясында болуп өткөн улуттук форумда кеңири сөз болду. Укукту жана бизнести өнүктүрүү фондунун «Ларк - Кадамжай» уюму менен өнөктөштүктө өткөрүлгөн иш-чарага аталган областтардын долбоор чегинде иш алып барган айылдык аймактарынын жетекчилери, адистери, долбоордун, курулуш жана регионду өнүктүрүү мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү катышып тажрыйба алмашып, тиешелүү тараптарга сунуштарды жолдоого жетишишти.

Долбоор чегинде иш алып барып, анын үзүрүн көргөн айрым ААлардын өкүлдөрүнүн пикирин тындап көрсөк.

Ноокен районундагы «Шайдан» ААнын агрардык саясат бөлүм башчысынын орун басары Калбатыр Ташиев: ЭККУ тарабынан каржыланган долбоордо биз муниципалдык менчиктеги жерлерди жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери боюнча бир канча семинарларга катышып, практикалык иштерди аткардык. Анын натыйжасында көбүнчө мыйзам чегинде кандай иш алып барууну, аукцион өткөрүүнүн жолдорун, ыкмаларын, тартибин үйрөнүүгө жетиштик. Сөзүм кургак болбосун үчүн айта кетейин: биздин айылдык аймак кайра бөлүштүрүү жерлеринен 60 гектар жерди аукционго коюп, анын 19 гектарын аукцион аркылуу ижарага бердик. Биздин аймак тоо түптөгөн айыл округу, жерден пайда ала албай келебиз. Тургундарыбыз негизинен айыл чарбасы, мал чарбасы менен алектенишет. Тоскоол-Ата токой чарбасынын толук биздин аймагыбызда. Ошондуктан бизде жерге талап аз болуп жатат. Натыйжада 20 миң сомдон ашуун акчаны жергиликтүү бюджетке түшүрдүк. Мындан ары дагы калгандарын аукционго коюуну пландаштырып жатабыз.

Айыл чарба жерлери боюнча тургундардан түшкөн арыздар боюнча иштерди аткардык. Юридикалык суроолорду Ларк аркылуу чечүүгө көнө баштадык. Жерди эле бөлүп берип жатабыз. Жарандар тарабынан бизге, негизинен, жерди атаман, акемен, аялымдан бөлүп бер, өзүм жекече иш алып барамын дегендер көп. Ушул уюмдун жардамы менен жакында мыйзам чегинде бир үй бүлө боюнча күйөсүнөн аялына, бала чакасына жердин тиешелүү үлүшүн бөлүп бердик.

Мында жарандардын эмнеге укуктуу экендиги, менчикти ажыратууда кандай документтерге таянып иштөөнү негиздедик. Бул маселелер боюнча түзүлгөн комиссия менен маселелерди мыйзам чегинде чечүүгө жетишип жатабыз. Баары эле биздин кызматтык милдетибиз. Бирок милдетибизди мыйзам чегинде алып бара албасак, анда чыр-чатактарга жем таштаган болоруна көзүбүз жетти.

Ноокен районунун «Сакалды» ААнын жер адиси Абдилат уулу Камыт: Бул долбоор менен эки жылдан бери иштешип келе жатабыз. Долбоор алкагында иштей баштаганда биздин ААда айылчарба багытындагы жерлер боюнча ишти канткенде туура алып баруу боюнча ченемдик актылар, мыйзамдар, карталар менен дээрлик камсыз болбогондугубуз айкын болуп, чынында, иш алып баруу кыйынга турган.

Долбор чегинде биздин ААга компьютер, айылчарба багытындагы жана муниципалдык ресурстарды пайдалануу боюнча жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары үчүн колдонмо, Жер боюнча ченемдик укуктук актылардын жыйнагы, «Муниципалитет» журналы, тиешелүү токтомдор, карталар, ошондой эле жер адистери үчүн ЖПС новигаторлору берилип, аларды колдонуп иштөө үйрөтүлдү.

Бул ишти баштаганга чейин Сакалды айылдык аймагында 710 гектар мамлекеттик фондунун жеринен жергиликтүү бюджетке 790 000 сом ижара акы түшкөн болсо, былтыркы жылы 1 218 384 сом акча түшүрүүгө жетиштик. Быйылкы жылы 292 гектар мамлекеттик фонддун жерине аукцион өткөрүлдү. Ижара акысы 1022 000 сом болот. Айылдык кенештин чечими менен мындан ары ижара акылар алдын ала төлөнөт.

Ошондой эле, атайын окутууларга катышып, иш сапарларына чыгып көп билимдерди, тажрыйбаларды алып, аларды ишибизде колдонуп жатабыз. Юридикалык, укуктук сабатыбыз артып, ишибизди жарандардын алдында так аткаруу мааниге ээ экендигине ынандык. Бул иштин натыйжасында алдыда дагы көп иштерди туура, таза аткарууга жөнөкөй адистен тартып жетекчиде жигер пайда болгонун сезүүгө болот.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

15-06-2012
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу канткенде өнүгөт?
81470

27-10-2011
Падыша жана жакыр бала.  Же президент балдардын колундагы балыктарды сатып алабы?
55275

10-10-2011
 Маданиятыбыздын деңгээли табияттын тагдырын чечеби?
145614

15-09-2011
Буудай талаалары чөп чабынды болуп калабы?
107878

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×