Добавить статью
4:15, 7 декабря 2012 25001

Садыр Жапаровдун ишмердуулугу жонундо

«Ата Журт» партиясынын лидерлеринин бири Садыр Жапаров азыркы маалда чынчылдык учун курошуп, турмодо жатат деп кээ бир атуулдарыбыз соз айтып калышат. Мен ошого каршы бир-эки гана аргументтерди айткым келет:

1. «Гузаль-Мхаад» жоопкерчилиги чектелген коомдун директору С.Жапаров 46 млн.сомдук суммадагы налогду жаап-жашырып койгондугу үчүн КРнын финансы полициясы тарабынан кылмыш иши козголгон, азыр тергөө иши уланууда.

2. Анын айлакерлиги муну менен эле бүтүп калбайт. Оз учурунда ОАО «Иссык-Кульинвестбанкын» коомдук ишмер Болот Байкожоевден рейдерлик жол менен тартып алган. Бул фактысы боюнча Башкы Прокуратурасы тарабынан кылмыш иши изилденген. Учурда аталган кылмыш иши боюнча текшерүүлөр сот органдарында каралып жаткан кези. Байкожоев азыркы маалга чейин арыз-мунун айтып ар жерде журот.

3. Убагында 400 000 АКШ доллары суммадагы өлчөмүндө кредитти «Иссык-Кульинвестбанкка» мыйзамсыз алгандыгына байланыштуу да ИИМ тарабынан Садырга кылмыш иши козголгон, тергөө жүрүп жаткан кези.

4. 2006-2007 жылдары КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 18-сентябрындагы №566-р, 2004-жылдын 9-апрелиндеги №203-р, 2005-жылдын 27-майындагы № 236-р буйруктары менен «Шахта Жыргалаң» ЖАКсына « Капиталдык салымдар» статьясы боюнча бюджеттен кайтарымсыз негизде 22,4 миллион сом бөлүнгөн.

КР Өкмөтүнүн көрсөтүлгөн буйруктарына ылайык бөлүнгөн акча каражаттары Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фонддун жетекчилиги жана «Шахта Жыргалаң» ЖАКсы тарабынан мамлекеттик акцияга ээлик кылуучуну аныктоо менен уставдык капиталдын көбөйүшү катарында таризделиши керек болчу. Жогоруда көрсөтүлгөн буйруктарды аткаруу максатында 2006-жылдын 27-апрелинде жана 2007-жылдын 27-апрелинде «Шахта Жыргалаң» ЖАКсынын акционерлеринин жыйыны болуп өткөн. Жыйында коомдун уставдык капиталын кошумча акцияларды чыгаруу жолу менен 22,4 млн. сомго көбөйтүүгө чечим кабыл алынган. Бирок, ишкананын жетекчиси Н.Байсаков жана директорлор кеңешинин төр агасы В.Бобровдор приваташтырылуучу объектин баасын төмөндөтүү максатында кошумча акцияларды чыгаруу үчүн документтердин пакетин даярдоо процессин чойо башташкан. Ошол эле мезгилде Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Ысык-Көл-Нарын аймактык башкаруу Фондунун жооптуу кызматкерлери кызмат абалынын кызыкчылыгына ылайык «Шахта Жыргалаң» ЖАКсындагы акциялардын мамлекеттик үлүшүн көбөйтүү боюнча эч кандай чараларды кабыл алышкан эмес.

«Шахта Жыргалаң» ЖАКынын жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Ысык-Көл-Нарын аймактык башкаруу Фондунун кызматкерлеринин мыйзамга ылайык келбеген иш аракеттеринин жыйынтыгында 71,14%. өлчөмүндө акциялардын мамлекеттик пакети мамлекеттин кызыкчылыгына карама-каршы келген ачык аукциондо «Код Икс» ОсОО 12 млн.сомго сатылып кеткен. Анын директору болуп Садырдын бир тууганы Сабыр Нургожоевич Жапаров эсептелет. Ошентип мамлекетке 22,4 млн сомдук зыян келтирилген.

Ал кезде Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коорупция менен күрөшүү боюнча Комиссарынын кызматында кудайын тааныбай турган кез эле. Бул кылмыш иши түбүнө барып акыры Садырга барып такалары белгиленүүдө.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

25-11-2012
Ит үрө берет, кербен жүрө берет
6291

25-11-2012

Ач айкырык, куу сүрөөн

22108

19-11-2012
А.Келдибековго А.Сулайманов эмне карыз? 
7752

19-11-2012
Сырткы жана ички саясий күчтөрдүн курмандыгына ким байланды?
11159

08-11-2012
Кыргызстанды кимдер чайпалтат?
11608

08-11-2012
«Кумтөр», Ташиев, Жапаров, Мамытов
9045

08-11-2012
Өрдөк жокто чулдук бий
16642

02-11-2012
Келдибековдун тизгинин ким тартат?
12466

25-10-2012
Кыргыз укук коргоочулары гранттык каражаттарды кантип уурдап жатышат?
20018

24-10-2012
АКШнын батасын, Бакиевдердин буйругун алып келген ким?
16843

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×