Добавить статью
9:46, 13 декабря 2012 52672

М.Мырзакматовдун өз вице-мэрлерине алы жетпейби?

Ордолуу Ош шаарында акыркы мезгилерде мурда аткарылбай келген жумуштар жасалып, элдин ичи жылып турат. Шаарда башаламан курулган курулуштарды ирээтке салуу, жолдогу тыгындарды азайтуу үчүн курулуп жаткан жаңы жолдор, шаарды түнкү жарыктандыруу Мелис мырзанын чечкиндүү, эпкиндүү саясатынын, иштермандыгынын үзүрү экенин бүгүн Оштун эли жакшы сезип жатат. Айта берсе, азыркы Ош мэринин атай турган иштери арбын. Анан калса, жоомартыкка чечкиндүүлүк мүнөзү төп келген Мелис шаардыктардын көп талабын орундатып салды.

«Бир карын майды бир кумалак чиритет» болуп, Мелистин ушундай жакшы иштерине айрым орун басарлары, жан-жөкөрлөрү көлөкө түшүрүп тургандай. Же башаламан курулуштарды буздурууга, эптеп оокатын өткөрүп жүргөн бирөөнүн күркөсүн бузганга алы жеткен Мырзакматов өз вице-мерлерине алы жетпейби же билбейби, түшүнө албадым.

Мелистин өтө жакын кишиси саналган, вице-мэр Алимжан Байгазаков шаардагы чириген байлардын алдыңкы сабында. Ушунча байлыгы жетпей жаткансып эми шаардын чок ортосуна эски автовокзалда жаңы жолдун боюна А.Байгазаков үч кабаттуу соода борборун куруп алды. Болбосо бул жерде башта бир бечаранын ашканасы бар эле. Аны сенин ашканаң жаңы салынган жолго тоскоол болот, авто пробкага себеп болот дегендей шылтоо менен буздурган болчу. Эмне Байгазаковдун заңкайган имараты тоскоол болбойбу. Азыр Байгазаковдун соода борборуна токтогон унаалар канча адамдардын жолун тосуп тыгын уюштуруп жатат. Санитардык, экологиялык нормалардын бүт бардыгын бузуп салган имарат шаар бийлигинин бир четин чоюп турган адамдыкы экенинин өзү туура эмес.

Мырзакматовдун дагы бир жакшы көргөн вице –мери Рустам Мырзаматов деген бар. Бул азамат дагы тиги Алимжан коллегасынан кем калбайын дегенби Ош шаарынын борбордук бөлүгү болуп саналган ЮНЕСКОго эптеп кирген Сулайман тоосунун так түбүнө, ЮНЕСКО курулуштарды курбагыла, болбосо ыйык Сулайман тоосун тарыхый мурастар тизмесинен чыгарып салабыс десе да болбой Араван көчөсүндөгү Батыш кичи районуна кетчү аялдаманын так ордуна «Ордо» деген заңкайган кафе салып, иниси Адыл Мырзаматовдун атына каттатып койду. Элим, жерим деп сүйлөсө оозунан көк түтүн чыкчы Рустам мырзанын патриоттугу, элди-жерди сүйгөнү ушубу?

Мелис мырза! Кооз сүйлөп бирок өз көмөчүнө калыңдап күл тарткан мындай мите кадрлардан тез арада арылбасаныз, эл арасында орун басарларына акча берип муну Мелис өзү салдырып жатат дегендей да имиштер улам көбөйүп баратат. Же мэр буларга алы жете албайбы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×