Добавить статью
11:14, 14 декабря 2012 15402

Мамлекеттик тилге өткөндөн коркпойлу

Мамлекеттик тилдин тагдырын жеке кызыкчылыктан жогору коюу керек/

Каалайбызбы, каалабайбызбы, бул айрымдарыбызга жагабы, же жакпайбы баары бир мамлекеттик тилге өтөбүз!!! Кыргыз мамлекети, кыргыз эли жашап турганда ушундай болушу керек.

Анткени мамлекеттин келечеги – мамлекеттик тилинде.

Бул мезгил талабы!

Мамлекеттик кызматкерлер жөнүндө башынан эле же орусча туура жаза албайт, же кыргызча туура жаза албайт деген доолор коюлуп келет. Жазылган мыйзамдар чийки, туура эмес, орус тилинен көчүрүлгөн, ж.б.

Эртедир-кечтир ушундай болмок. Анткени бир кездерде айрымдарыбыз көр оокаттын айласын таба албай жаткан учурдагы, алдым-жуттумдар тойбой жаткан учурдагы муун билим албай калган. Ал көрүнүш дагы деле уланып келатат. Баланын китеп окууга кызыккан мезгилинде татыктуу китептерди колуна кармата албай келатабыз.

Кыргызстанда китеп окулбай калды дегенге дагы ошол муун туура келет. Чындыкты моюнга алышыбыз керек! Дүйнөнү таңкалдырган кыргыздын классикалык адабиятын жаштарыбыз окубай, жада калса тааныбай калышты... Билим алып өз алдынча умтулган жаштарыбыз чет өлкөдө иштеп жүрүшөт. Эми сабаттуу кыргыз тилин өнүктүрүшүбүз керек.

Эсибизге келип кыргызча иш жүргүзө баштаганыбыз туура.

Орус тилин өнүктүрүү үчүн Россиядай улуу держава турат.

Ал эми кыргыз тили Кыргыз Республикасында гана өнүгүп, Кыргызстанда гана жашай алат.

Кудайга шүгүр, мамлекеттик тилдин абалы жыл санап өсүп баратат. Өз алдынча Интернетти кыргызча сүйлөткөндөр, кыргыз адабиятын Интернетте өнүктүрүп жаткандар, баскычтопторду кыргызчалап жаткандар ж.б.у.с. көбөйгөнү кубандырат.

Ал эми Жогорку Кеңештин отурумдарынын такай кыргыз тилинде өткөрүлүп жатышы кыргызча жазууну жогор жактан башташ керек дегендердин оозун жапкыдай эле болду.

Чындыгында мамлекеттик тилде жазуу, сүйлөө маселеси Бишкекте, Чүйдө, Ысык-Көлдө гана аксайт.

Ал эми мамлекеттик тилде жазууга өтүүгө дагы деле даяр эмеспиз дегендер – булар өз кызыкчылыгын мамлекеттик тилдин кызыкчылыгынан жогору койгондор. Дагы деле жогор жакты акыйып карап отургандар арабызда бар. Ал эми жогор жакта дагы мекенчил атуулдар козголо баштады.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

12-06-2012
Духу күчтүү кыргыз элин, кыргыз журтун эч ким бөлө албайт
17082

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×