Добавить статью
8:08, 29 декабря 2012 64898

«Профсоюз - бул биз»

«Коммунизмдин мектеби» Кыргызстанга качан орнойт?

2012-жылдын соңуна карата Нарын дубанында кесип бирликтердин Нарын облустук Кеңешинин уюмуна 25 миңге жакын жаран мүчө болуп саналаарын Кеңештин төрагасы Аманатбек Молдалиев маалымдайт. Облус калкынын дээрлик 9 пайызынын кесип бирликтерге мүчө болушун эмгекти коргоочулар өтө жаман эмес көрсөткүч деп баалашса, бир катар укук коргоочулар кесип бирлик уюмдардын ишмердүүлүгү эскиче жолдо калды жана кимдир бирөөлөр менен жетекчилик кызматтагыларга эс алууга жолдомо (путевка) бергенден башка кылаар кызматтары жок уюм катары сыпатташат. Ал эми калк катмарынан жарандар кесип бирлик уюмдардан ачыктыкты, жигердүүлүктү, маалымдуулукту күтүшөөрүн белгилешет.

Арт жакка бир аз кылчайсак

Кесип бирликтердин (КБ) пайда болушу узак мезгилди камтыбайт. Бирок XVIII кылымдын аягында көз жарган уюм аз эле убакытта мүдөөлөш эмгекчилердин башын коштурган эң чоң жамааттык бирлик катары таанылган. Жумушчуларды жана эмгекчилерди эзүүчүлүк кызматтарынан арылтуу, алардын эмгегин коргоо жана иштөө шарттарын жакшыртуу үчүн КБ талыбаган аракеттерди жасап, акыры бара-бара өз алдыларынча күч биримдигине айланып, иш таштоолордон башталган башат акыры ири күрөштөр ( Мисалы, Лион көтөрүлүшү 1831-жыл) менен жыйынтыкталып турган. Бир кесипте иштегендердин мындай уюмдары XX кылымдын башында зор ийгиликтерге эгедерленип, АКШ жана Европадагы өнүккөн өлкөлөрдө жумушчулардын эмгек күнүн 8-10 саатка түшүрүүгө,алар үчүн социалдык коргоону камсыздоого, эмгектерин коргоого жетише алган. Натыйжада кийин «Улуу атабыз» В.И.Ленин жалпысынан жумушчу жана дыйкандара табынын мүдөөсүн коргогон уюмду «Коммунизмдин мектеби» деп баалаган. Чындыгында ыраматылык СССР өлкөсүндө КБ уюмдары кандайдыр бир деңгээлде коммунизм доорун сүргөн эле. Анда КБларга «СССР профессиялык союздары расасына, улутуна, жынысына, диний ишенимине карабастан бардык кесиптеги жумушчу-дыйкан жана кызматчылардын өз ыктыярлары менен бириккен, партиядан тышкары, коомдук уюмдары» деген аныктама берилген. Андагы ажыдаар Компартиянын кыңк дебес социалдык өз баласы болгондугуна карабастан СССР КБлары опсуз каражаттарга эгедерленген. Маселен 1978-жылы СССР КБларга 22,4 миң маданият үйлөр, клубдар таандык болгон. Алардын 34 спорт коомдоруна 35 миллион адам мүчө болушкан. Жалпы союз боюнча ошол жылы 121 миллион адам КБ мүчөлүккө тартылган (КСЭ, 5-том, 425-бет).

Кеп кезегин ал доордогу Кыргызстан КБ абалына бурсак, 1983-жылы 1 417 967 мүчөнү камтыган 7986 баштапкы уюм, республикалык тармактык 20 комитет иштеген. Кыргызстан КБ карамагында бир эле мезгилде 2 миң эмгекчини эс алдыруучу 5 санаторийи, 2200 орундуу 4 эс алуучу үйү, жүздөн ашуун пансионаты болгон. КБларга тийиштүү 3 спорт коомдор 9 стадионго, 66 спорт залдарга, 8 бассейнге, 35 футбол талааларга, 6 лыжа базага, 386 баскетбол жана волейбол аянтчаларга ээлик кылышкан. (Кыргыз ССРи, экциклопедия. 193-194-беттер). Биз эмне үчүн сандарды саймедиреп жатабыз. Анткени тилекке каршы миллиондогон адамдардын, анын ичинде албетте эзилип иштеген айыл чарбасындагы, андан кийин шарты бир аз жакшыраак болгон шаарлардагы жумушчулардын анык мүдөөсүн, чыныгы эмгегин «союздук кесип бирлик уюму» эч качан адилет коргогон эмес. Тескерисинче 100 миллион адамдардын мүчөлүк акылары КБларды эң бай жана кирешелүү уюмга айландырган.

Учурдагы бешене

Өмүрүнүн 30 жылдык ишмердүүлүгүн кесип бирликтерге арнаган Өмүрзак Мүсүралиев учурда айыл чарба кызматкерлердин Нарын облустук тармактык кеңешин жетектейт. Анын айтымында облуста өзү жетектеген тармактын 3 миңдей мүчөсү бар.

-Биздин карамакта Нарын районундагы Алыш пионер лагеринин гана имараты калды. Ал болсо кулап калуу абалга жетти. Азыр ошол имараттарды кантип оңдоп-түзөп сактап калабыз деп түйшөлүп жатабыз,-дейт Ө.Мүсүралиев мырза. Көрсө каражат таптакыр эле тартыш экен. Себептери бир нече. Маселен, 3 миңдей жаран мүчө болгон менен бардыгы эле мүчөлүк акыны төлөй бербейт тура. Экинчиси төлөнгөн акынын 65 пайызы баштапкы уюмдарда калат. Калган 35 пайыз райондук алкакка келип, ал акча дагы үчкө бөлүнөт. Же болбосо район ошол 35 пайыз акчанын 17 пайызын республикалык борбордук комитетке, 5 гана пайызын облустук кеңешке жөнөтүп, калганын капчыгына салат.

-Бул акчага кандай жумуш кыла алмакпыз, -дейт маектешибиз Ө.Мүсүралиев. Айтмакчы Нарын облусундагы өз ысымын айтуудан айбыккан билим берүү жана илим кызматкерлеринин бир райондук КБ уюмунун төрагасы 18 миң сом айлык маяна алаарлыгын билдирди. Демек калк арасында КБларга нааразычылыктын бир өңүттөн чыккандыгы бекеринен эмес экен. Ал эми калк арасында КБлардын зарылдыгын билгендерге караганда, маани бербегендер арбын экендиги талашсыз. Натыйжада жүздөгөн, миңдеген жарандар кокту-колоттордо манчыркаган байлардын анык эч нерсеге укуксуз малайларына айланышса, дагы миңдеген адамдар ишкана ээлерине аргасыз моюн сунган кулдары катары кызмат кылышууда. Эчендегендер бирөөлөрдүн курулуштарын курган эң арзан жумушчу күчтөрүнө айланышкан. Өлбөстүн күнү үчүн эптеп эле кара курсактын айынан бирөөнүн жумушун күнү-түнү аткаргандар канча?

-Бизге мүчө болбогон адамдардын эмгегин чынында коргой албайбыз. Жайы-кышы бир байдын малын кайтарган адам мисалы менин эмгегим текке кетип жатат деп кайрылбайт. Ал тескерисинче жыргап эле жашап жатам деп айтышы мүмкүн,-деген жүйөөсүн айтат Өмүрзак мырза.

Нарын шаарынын тургуну, укук коргоочу кызматкер Кусейин Өскөнбаев КБларды жетекчилер жана өздөрү үчүн гана кызмат кылган уюм деп санайт.

-Союз убагында деле профсоюздардын күнүн чоңдор, демек жетекчилер, ыгын тапкандар, анан өздөрү эле көрчү. Азыр деле профсоюз ошол бойдон калды. Путевканы ким алат, жетекчи же профком өзү, анан айрым кызматкерлер алышат. А канча адам мүчө болушуп эмгегинин 1 пайызын төлөшүүдө. Акчанын эсеп-кысабын берген бир да профком жок. Анткени акчанын кириш-чыгышы гезиттерге ачык жазылбайт. Профсоюздар имараттарды элдин эсебинен салып алышкан. Азыркы күндө ар бир бөлмөсүн ижарага беришип, канчалаган акча топтоп жатышат. Элдин эмгектерин болсо коргогондору белгисиз,-деген пикирин айтат К.Өскөнбаев мырза.

Кесип бирликтеринин Нарын облустук Кеңешинин төрагасы Аманатбек Молдалиев жагдайды башка өңүттөн сыпаттайт.

-Азыркы учурда биздин облуста 8 тармактык бирикме, 321 баштапкы уюм бар. Жалпы профсоюз мүчөлөрү 24620 адам. Албетте профсоюздун мүчөлөрүнүн саны төмөндөдү. Бирок азыркы абалды союз менен салыштырбаш керек. Анда чынында милдеттүү мүчөлүккө өткөрүү болсо, азыр ыктыярдуу. Ал эми профсоюз качан өсөт, качан экономика өскөндө. Баары экономикага жараша болот. Мисалы мен Нарын облусунда канча жалданма жумушчу же дыйкан бар экендигин айта албаймын. Аны мамлекеттик кызматтар тапташы керек. Ошолор жоопкер. Бирок профсоюздар жөн эле басып жүрүшөт дегендерди, алар биздин ишти билбегендер деп айтмакчымын. Мына быйыл биз эң чоң иш жасадык. Эмгекчилердин эс алуу кору деген бар билесиңерби. Же болбосо КРнын 2004-жылы кабыл алынган 446 статьядан турган «Эмгек кодексин» атайын тармактар аралык түзүлгөн өкмөттүк комиссиясы кыскартып, анын 300 статьясын алып салышмак. Ошондой болгон. Анткени ал документти Жогорку Кеңеш колдоду. Бирок биздин кийлигишүүбүз менен акыры президент ага вето коюп, кодекс 446-статья менен ордунда калтырылды, алтындарым. Экинчи бир маселе президенттин жарлыгы менен «КРнын экономикасын 2013-2017-жылдарда туруктуу өнүктүрүү» боюнча Улуттук Кеңеш курамы түзүлгөн. Ага жарандык коомдун эң массалуу органы кесип бирликтеринен бир да өкүл киргизилген эмес. Мен ушул тууралуу жазып, ал пикирим «Эркин Тоо» гезитинин 25-декабрдагы №115-санына жарыяланды. Анда Жобого киргизилген негизги принциптер аткрылбай калгандыгы тууралуу жазылган. үчүнчү бир чоң иш боюнча учурда кесип бирликтеринин Нарын облустук Кеңеши облустук аймагында жайгашкан бардык органдарга Кайрылуу менен чыгып жатабыз. Анда КРнын социалдык фонду тарабынан иштелип чыккан «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу» жөнүндөгү мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу сунуштарды берүүгө коомчулукту чакыруудабыз. Анткени 2013-жылдан тартып пенсияга чыгуу курамы этап-этап менен көбөйтүү сунушталууда,-деп билдирди А.Молдалиев мырза.

Нарын шаарынын тургуну, жергиликтүү мамлекеттик кызматкер Марат Рустемов мындай пикирлерге негизинен кошулат жана кесип бирлик уюмунун дагы деле алсыздыгын белгилейт.

-Чындыгында быйылкы жылы профсоюздар абдан чоң иш жасашты. Алардын күч аракети менен КЗОТ өзгөртүлбөй калды. Бул иш-аракетти кубаттоо гана керек. Бирок ошондой болсо дагы профсоюздар ири долбоорлордо өздөрүнүн функцияларын аткара албай жатат. Мисалы бардык мамлекеттерде сырттан инвестиция келгенде эларалык нормаларга ылайык ошол мамлекеттин жарандары негизги жумушчу күч болуп саналышат. Ал эми айталы бир эле Бишкек-Нарын-Торугарт жолун салууда эмне үчүн Кыргызстандыктар иштебейт. Байкасак жумушчулар баарысы тең эле кытайлыктар. Же биздин жумушчулар машина айдай албайбы, тракторист боло албайбы. Ушундай долбоорлорго профсоюздар кызыктар болсо, канчалаган жергиликтүү калктын жумушчуларынын эмгектери корголот эле, - дейт М.Рустемов мырза.

Кыргызстан ЖМК кызматкерлеринин кесиптик уюмунун төрайымы Мэри Бекешова ар бир эмгек жамаатта сөссүз көз карандысыз КБ уюумун болушу шарт деп эсептейт.

-Мисалы бир редакцияда кесиптик уюм бар дейли. Бирок алар балким журналисттердин эмгектик укуктарына, билим жана кесиптик деңгээлдерин жогорулатууга кызыкчылыктары болбой калышы мүмкүн. Ошондуктан биз Республика боюнча өзүнчө ЖМК кызматкерлердин кесиптик уюумун негиздеп жатабыз. Алып айтсам быйылкы эле жылы уюшулган февраль айынан бери биз бир маалымат агенттиктин кызматкерлеринин 2 айлык маяналарын жана калем акыларын төлөтүп берүүгө жетиштик,-деп кеп кылат М.Бекешова айым. Анын баамында атаандаштык өңүттө КБлар болгондугу, жарандардын мүдөөсүн, алардын эмгектик мамилелерин жөнгө салууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Сталин берген байталды, Хрушев келип кайта алды

1953-жылы кайран Стаке каза болгондон кийин эл арасында ушундай учкул жамак уйкаш сөз пайда болгон экен. Көрсө Сталиндик бийлик учурунда калк катмарына кошумча жеке мал күтүүгө кадам ташталып, айылдарда жашаган ар түтүнгө бирден кара мал таратылат. Кийин бийликке келген Хрушев заманында айылдагы элден баякы малдар кайра чогултулуп алынат. Демек ыраматылык СССР миңдеген имараттары менен мурас калтырган КБлар аларды кантип анык жумушчу-дыйкан ж.б. кызматкерлердин коммунизм мектебине айландырат деген собол менен эл аралап жүрүп, ыраазычылыктар жана сындар менен кошо бир катар каалоо сунуштарды да угууга туура келди.

Биринчи сунуш бул КБлардын коом алдында ачык саясатты жүргүзүү керектиги жөнүндө болду. Же болбосо 2014-жылдын 1-январына карата Кыргызстан кесип бирликтер федерациясы дүңүнөн жана облустар боюнча өздөрү тууралуу бардык маалыматтарды ЖМКлар аркылуу жарыялоосунун зарылдыгы.

Экинчиси, коомчулукка КБлар ишмердүүлүктөрүн ар дайым маалымдап туруулары абзел. Мында бир катар жарандар жылына 2 жолу дешсе, айрымдары ар бир чейректе КБлар жасаган иштери жөнүндө эсеп кысап берүүнү адатка айландырышса, алардын иш аракеттери белгилүү болмок деп эсептешет.

Үчүнчүдөн, коомчулукта пайда болгон мамлекеттик жана жергиликтүү алкактардагы нааразычылыктарга КБлар сырттан эмес, ичтен көмөк көрсөтүү жана жагдайды туура түшүндүрүүгө жетишүү зарылдыгы. Маселен айрым атуулдар, эгерде 2005-жылга чейин КБлар учурунда Акаевдик бийликтин калктын катмарын каржалтып бара жаткандыгы тууралуу учурунда коңгуроо кагып, демонстрацияларды өткөрүп, эл эмгектери үчүн алдыңкы саптарда турушса, анда 2005-жылдагы март ыңкылабы жана албетте 2005-жылдагы бийлик алмашуу болбогондо 2010-жылдын 7-апрелиндеги «кандуу шаршемби» таптакыр болмок эмес деп түкшүмөлдөшөт. Алардын айтымдарында КБлар оор басырыктуу, нарктуу, билимдүү анык эмгекти коргогон уюм катары эл арасында орду бар. Ал эми кийинки жылдарда козу карындай жайнап чыккан укук коргоо жана өкмөттүк эмес бирикмелер сырткы таасирлерге ширелишкендиктен улам мамлекеттин мамлекеттүүлүгү үчүн алардын кызыкчылыгы өтө төмөн.

КБлардын эл ишенимине кирүүнүн төртүнчү нерсеси эс алууга жолдомолорду (путевкалар) берүүнү айкындыкка алып чыгууларынын жөрөлгөсү дешет эл арасындагы айрым жарандар.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
34674

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
33553

03-09-2013
Өкмөт башчысынын иш сапарынан сүртүмдөр
45544

26-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары-элдин ресурстары»
36994

26-04-2013
Таластан алган таасирлер (Биринчи макала)
35672

24-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары - элдин ресурстары». Адамдын саламаттыгына каражат кандай жумшалууда?
43921

28-03-2013
Ыйлап жүрүп арык каз, ырдап жүрүп суу сугар
60870

25-03-2013
Нарындагы жолугушуудагы ажылдактар
92984

15-01-2013
Ала Тоодо шыбагадан куру калган бир кыштак
66446

16-11-2012
«Калкка кеңеш» галстукчандарга эмне деп кайрылат?
49709

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×