Добавить статью
5:17, 7 января 2013 23738

Куда түшүп сөйкө салуу салты жоюлуп, ала качуу жөрөлгөсү күч алды

Азыркы замандын кыздары же болбосо кыргыздын куда түшүп каада күтүп баш алган салтты унутта калып кызды ала качуу жоругу күч алганы курусун Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында адам түшүнгүс окуя болуп өттү деп маалымдайт аталган айылдын тургуну Акылбекова Асылай (суранычы менен аты өзгөртүлдү) аймактык кабарчы Мирбек Асаналиевке.

Анын айтымында 2012-жылдын жаз айында ушул эле айылдын тургуну А.К нын үйүнө айылдын тургуну К.Э уулуна келинчек алып берүү үчүн салт боюнча кудага түшүп көтөрчүсүн көтөрүп кызга сөйкө салып кетет, бала менен кыз сүйлөшүп жүргөн болот бирин-бири жактырышып кыз макулдугун берип окуусун бүткүчө баладан убакыт сурайт, кыз:- мен окуумду бүткүчө ала качып кетем же алам десеңер муунуп өлөм дейт кыз, ал эми бала:- мен бул кызды албасам муунуп өлөм кудалайбыз деп ата-эенин жанын койбой кудалашат,бала кыздын башы байланган соң окууларын улантышып эмки жылы баш кошуп күзүндө той беришээрин тууган-урук туушкандаргажар салат бул эки жаштын бактылуу күндөрү туурлауу айылдын баарына белгилүү болот, тилеке каршы ушул жылдын 29-30 декабрь күндөрү кыздын үйбүлөөсүнө кайрадан экинчи ирет башка тараптан дагы кыздын колун сурап келишет айлапайын таппаган кыздын ата-энеси эмне кылаарын билишпей кызын мурун кудалап койгондорун айтышпай этпей, кызына да бир ооз кеңешпей билгендерин кыла беришет.

Ошентип отуруп кызды ушул күндөрү кудалап койгон ушул эле айылдын тургуну баланын агасынын досу ала качып кетет, качып барган кыз көшөгөгө кирээрде башка жоолук салынаарда кыздын оозунан "менин башым бош эмес же мени кудалап коюшкан, менин кулагымда сөйкө бар" деген сөз чыкпай койгонун баланын агасы күбө болуп таң берип инисинин тагдырын ойлоп бушайман болот, акыры аласы кеткен баланын агасы досунун бул кылыгына түшүнүп түшүнбөй бир чети инисин кыялбай, бир чети досуна сөз айталбай кала берет да кызды отурсаң отур эми өзүң тандадың бирок эл кандай таразалайт ал кийинки келечегиң деп каалоо айтып тим болот, жада калса ала качып кеткен күнү кызды кубалап бир жан келбейт көрсө бул ишин мурун пландашылганы коомго белгилүү болот.

Ушу кезде кудалап койгон бала угуп алып түшүнүп түшүнбөй тим болот, сыртка билгизбегени менен ичтен сызып кала берет, же тагдырдын ушунчалык тамашалыгына таң калып өзүн жоготконго чейин барат, бир чети жини келсе бир чети кызыктуу окуя болгонуна түшүнбөй буга чейин ишенбей келет.

Куда түшүп кудалап кыздын окуу жайына чейин барып ата-энеси ал акывалын сурап турган кыздын бул кылган жоругун алигиче эстеп бүтө алышпайт, кыз убагында балага "мен сен менен сүйлөшүп турмакмын деп кол телефон алдыртат" ошентип отуруп арадан күндөр, айлар өтө берип акыр замандын келет деген божомол жылдын акыркы күндөрүндө ала качып кетти деп балп этип отуруп калган кыздын "мусулманча жоолук салынып" намазга жыгылып жүргөн кыз ушул жорука барабы деп ким ойлойт "ааламда кыздар көп балдарга табылбай койбойт" анысынаары баланын шагын сындырып эл алдына уяткарган кыздын бул амалын дагы башкалар кайталабаса деген ойдо бул окуяны төкпөй чачпай айтып отурам дейт аталган айылдын тургуну А.Акылбекова.

Анан жаңы жыл болот жакшы маанайда тосушат, кызды ала качып кеткен тарап туугандары менен кыз тараптын ачууланганын басыш үчүн ачуу базар деген балее менен келип кетишет айласы кеткен "айлапа" кошуналар да түшүнүп түшүнбөй куда келгенде бала тараптын кешигин жешсе эми "ала качып кетсе эмне кылалы" деп кешик таркатып кошуналарга кешик берет, түшүнүп түшүнбөгөн айыл тургундары ушундай да болот турбайбы деп кешиктерин жеп тарап кетишет.

"Мына ушинтип азыркы замандын эки жүздүү кыздары же болбосо унутта калып бараткан салт жана кайрадан жанданган ала качуу жөрөлгөсү" ушу тапта кудага түшкөн тарап качан биздин сөйкөбүздү алып келип беришет, жок дегенде ала качып кеткен күнү алдыбызга келип баарын түшүндүрүп айтып кечирим сурашса биздин эл караган бетибиз жер карабайт эле го, балама бир ооз жоолугуп койсо болмок кыз,

эмне менин баламдын "мурду бучук-оозу жыртык беле" деп эне сыздайт буга чейин далай сүйлөшүштү далай кабарлашты далай жүздөштү, далай көрүштү бул кылгандары уят дейт салтты бекем туткан тарап, ал эми эч нерсе менен иши болбогон кыз тарапдын кылгандарын эл таразаласын демекчибиз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

08-01-2014
«Рождествону» майрамдабаган орустар
28419

19-03-2013
Жумгал районунда аз күндө жол каттамы коктойт (фото)
25745

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×