Добавить статью
9:03, 9 января 2013 16604

Салибай Шатмановго

Баштаган эмгек жолун «Партизандан»,

Агартуу майданынан арыш алган.

Айылда алгачкы агартуучу,

Элинен эмгегине алкыш алган.

Жуурулушуп иштеди Жукем менен,

Айкөл болчу чынында пейли кенен.

Он баланы өстүрдү тарбиялап,

Буруштай айкөл аял энем менен.

Терметип бала менен ыр бешигин,

Таланттын ачып коюп чон эшигин.

Залкарлардын тобунда бойго жетти,

Темикемдин көп ичип ал кешигин.

Бир карасаё журналист калеми курч,

Бир карасаё сатирик сөзү да мурч.

Калп айтканды жактырбай туруучу эле,

Шукшуурлуп бүркүттөй төкөөрү курч.

Дыйкан эле ыр сепкен талаасына,

Мээриме эле көөшүлүп баласына.

Каттап турчу тынбастан туугандарга,

Аксы менен аралап Таласына.

Артыёда том том болуп ырыё калды,

Айтылбай, жазылбаган сырыё калды.

Айтамгага барам деп акырында,

Бурушуна бурулбай кетип калды.

Бир кызыгын карачы бул дүйнөнүн,

Кайрылып Бурушунан сапар алды.

Камараёыз кайрылып ырларына,

Томдугунду мынакей элин алды.

Ырахмат балдарыёа, алганыёа,

Картайбас ыр саптарын жазганыёа.

Элиёде эскерилип жатат мына,

Сакебиз сексен жашка барганына.

Нур жигитти мингизип Кызыл атка,

Ырлар жазып суктандырып табийгатка.

Татыктуу жашап өттүн акын ага,

Шатманов Салибай деген атка.

Ырын менен жашайсын элиё менен,

Мезгил өтсүн, кылым өтсүн дагы канча.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×