Добавить статью
6:03, 29 января 2013 26247

Ыйманың кайда Замир?

Калп айтпасам 1982-жылдын баш чендеринде кино дүйнөсүнө Замир Эарлиев пайда болду. Колунда өзүнүн окутуусучу С. Герасимовдун уй тилиндей кагазга жазылган каты. «Ушул бала укмуштуудай талантуу, кино бериш керек» деген. (Болжолу кат ушундай ойдо жазылган) Бирок кыргыз киносунун патриархы Мелис Убукеев (ал дагы С. Герасимовдун окуучусу)-мастер мындай жолдомо катты баарыбызга берген. Анын милдети ошол. Ал эми сага «Кош бол Гүлсарыны» бериш али эрте. Сен иштеп көрүшүң керек, өзүңдүн жөндөмдүүлүгүңдү көрсөтүшүң керек деген. Бирок, Мамлекеттик кино комитетинин жетекчилиги, көркөм кеңеш дагы кооптонду. Ч Айтматов окуганга жеңил болгону менен кино кылып тартканга өтө оор жазуучу.

Бирок Эралиев «ана карышкыр, мына түлкү» деп жатып акыры ошол фильмди тартууга киришти. Мындайынан карасак сымаптай кылтылдаган Замир Рим Папасынан башка тааныштарынын баардыгынын эшигин жыртыптыр. Көп өтпөй газета беттеринде : «кара кулак шер келатат, кабылан келатат» деген макалалар жамырап чыкты. Бирок бала төрөлө элек... ызы-чуу күчүндө болду... Жөжөнү күзүндө сана деген улуу кеп бар. Анан жөжөнү санаар мезгилде балээ башталды. Мелис Убукеевдин айтканы келди. Мамлекеттик кинонун жетекчилигинин, көркөм кеңештин кооптонгондугу бекер болбоптур.

«– Мен Аламан «Көк-Бөрү» жөнүндө эмес, адам менен жылкынын тагдыры жөнүндө жазганымды бала түшүнбөй калыптыр» ушул сөз менен автор Ч. Айтматов эшикти жаап чыгып кетти. Бир дагы автордун купулуна толоорлук эпизод жок эле.

-Фильмди жабыш керек, режиссёр кинодогу өз дареметин ачып бере албаган, мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз. Ал эми Эралиевге узак убакытка чейин фильм тартууган уруксат берилбесин. Режиссёрдун ассисенти болуп иштөөгө гана уруксат! деп жарлык чыгарды. Коромжу болгон акчалар шамал менен учту да кетти. Кийинчерээк ошол документтерди көтөрсөк, ошол барактар алынып ташталган. . Госконцеринге жетекчи болуп келгенде кимдир бирөөлөрдүн колу менен алдырып, ташталган. Аа, кембагал Замир, кагазды айрысаң мейли, ошону көргөн, күбө болгон кишилердин эс тутумун айрып таштай албайсың. Анан дагы Замир менин «көздү жумгандын баары уктаган жок» деген сөзүмдү мисал келтирипсиң. Эң туура айтасың. «Баары көздөрүн жумушту бирок укташкан жок». Анан алар «Кош бол Замир» деп мөөр басты. Фильм 1983-жылы жабылды. Ал эми Замирдин көтөрүп келген каты «Сынган кылычтагы» орус аскеринин полковнигинин Абил бийге «Якши киргиз» деп жазып берген катындай эле болду.

Анан Замир Көнгөн адат боюнча, суунун асты мененби же самолёт мененби айтор кайра талантуу прозаик К. Өмүркуловдун аңгемеси боюнча «Нөшөр» деген кыска метраждуу фильм тартты. Бирок баягы эле тас кейпи. Автор башын шылкыйтты:

–Мен аңгемем менен жаш келиндин ички дүйнөсүнүн тазалыгын, очокту сактап калуу үчүн, жаман жолго барбасын...деген ойду айткым келген. Ал эми мен үчүн нөшөр библиядагыдай тазаланууну «катарсис» (грек тилинде) кайра жаралуу деген ойду айтайын дедим эле... Эралиев жамгырда келе жаткан аял жөнүндө видео фильм кылып салыптыр деп кейиди...

Мен «Мосфильм» киностудиядагы «Дебют» бирикмесинен Ашым Жакыпбековдун «Ат жалын бек карма» деген фильмди тартып, көркөм советке өткөрүп жаткам. Жанымда режиссёр, сүрөтчү Ш. Жекшембаев бар эле...

Көркөм кеңештин жетекчиси дүйнөлүк кинонун партирархы Григорий Чухрай эле. Мүчөлөрү Н. Тарковский, Н Михалков, Г. Панфилов, Э. Лотяну, В. Жалакявичус.

Совет башталаарда Г. Чухрай сурап калды:

-Өткөндө кайсыл кыргыз режиссёрунун фильми «дебюттан» өтпөй калды эле?

-«Нөшөр» деп жапырт жооп беришти. Эгер мен дебютка барбасам ошентип «жабылуу аяк жабылуу бойдон калмак». А мен болсо тескерисинче жактап, «көркөм фильм тартуунун режиссёру»-деген диплом алдым. Айрымабыз ушундай...

Бирок сен, жыгылган күрөшкө тойбойт дегендей деңгээлиңди дагы көрсөттүң... Талантуу драматург Н. Тойчубековдун «Үйгө жетчү жол узак» деген жакшы сценарийи бар эле. Аны алты жыл тартып кырк млн сомго жакын акча кеткенин билебиз. Бирок бул фильм дагы «Калмергендин аялынын кошогундай» болуп калды. Прокат кылуу тагдыры нөлгө түштү. Көрөрмандар биз мындайды эбак эле өткөнбүз, темасы эчак эскирген дешти. Ошентип фильмден чекесине басылган шайтандын мөөрүндөй элес калды.

Сен ал жетекчиликке кантип келгениңди элдин баары билет. Илгери бир кемпир айткандай –Бир караңгы түн анан бир Кудай билет... Кытай саясатынын партриархы Мао-Цзедун сөзүн айтсак жетиштүү «История далек от истины!»

Келгенден баштап кыргыз концерндин шымын башына кийгиздиң.

1. Сони 201-деген камераны Москвадан контробандалык жол менен мыйзамды бузуп алып өтүп, үч эсе кымбат баа менен сатып алдым деп жаныңды жегенсиң. Андай камералар биздин эле дүкөндөрдө жайнап турчу. 500 миң сомдон жогору тендер болуш керек эле...

Ал жерден да мыйзам бузулган. Контрабандалык жол менен алып өткөндүгү үчүн. Финансылык полиция акчаны бүтүндөй төлөтүп алды. Жетекчи катары мыйзамды бузганыңды өзүңө айтышты.

Сен бул кино жетекчиликке келгенде бүт киночулар каршы чыгышты. Сен мени Актан Арым Кубат көрө албай жатат депсиң. Актан ыймандай чындык үчүн чыркырады... бирок ага карабай «базардан» беш аялды алып келип чыгармачылык топко каршы койдуң. Алар сени: жакшы адам, көзүнөн револьюциянын оту жанып турат деп ажылдашты. Чынын айтсам Замир ака, алар сценаристтер беле же продюссерлер беле? ушуну түшүнбөй калдык.

Ошентип сен көркөм кеңештин каршы экенине карабай «кара күчкө» салып: «Гора» деген жарым сааттык фильмди өткөрдүн. 1млн, 500 миң акча койдуң. Ал эми калгандарына, мисалы «Горбунга» (толук метраждуу) фильмге 1 миллион сом койдуң. Бирок мыйзамды бузуп, «казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса» дегенге салды. Аны текшерүү көрсөттү.

Биз Ю. Тойчубеков менен бирдикте арапдар менен иштейбиз деп аракет кылдык. «Бүкүрдү үйлөнтүшкөндө» деген ценарий боюнча. Тилекке каршы республикадагы кырдаалга карата арапдар келбей калды. Проект токтоду. Биз пилотный проектини бүтүрүп жасап койгонбуз. Кийин текшерүүдө, бир тыйынга чейин документтерди мыйзам чегинде өткөздүк. Ошентсе дагы «Кыргызфильм» кино студиясынын жетекчилигине жана Көркөм советке сарпталган акчанын ордуна. Кыска метраждуу фильмди өткөзүп, студиянын бир единицасы катары кетсе жакшы болот эле дедим. Жетекчилик жана көркөм совет бул өтүнүчүмдү туура көрүштү. Натыйжада «Тагдыр» деген кыска метраждуу фильмди тартып өткөрдүм. Айрым бир каалоолор айтылып, фильм көркөм советтен кабыл алынды. Жүзүм жарык... Ал эмит сен 6 жылдан бери кыска метраждуу ошол «Гора» фильмин бүтүрө албай жаткансың. Ал фильмге «Мосфильмде» тартылган «Освобождение» деген фильмге жардам бергендей жардамдарды бердик. Бүт киностудияны аппаратурасы, мшинасы, ага шаймандары бүтүндөй барды. Анткени дагы бир ирээт «жол ачкыла, кабылан келатат, кара кулак шер келатат» деп добулбас уруп А. Хачатуряндын «танец саблями» деген бийин бийледик...

Тилекке каршы Замир бизге кайрадан «Күңөтай кыздын арманын» айтып алакан жайды. 40 мүнөттүк кино материалда, көзгө сүртөөр эч нерсе жок. Актёрлор менен иштей алган эмес, өөдүк-сөөдүк бирдеме болуп калды.

«Кыргызфильм» киностудиянын жетекчиси Т. Кулмендеев фильмге жардам берели, чыгаралы десе келбей койду. Кино материалдын «сылайын десе чачы жок, өбөйүн десе кашы жок».

Ал эми Замир Ака» сен «Бекам деген камераны «Кыргызфильмге» ал деп мага чалдың. Мен техсоветтин жетекчисин чакырып сурасам –бул камера Эралиевдин өзү менен тең, өндүрүштөн алынып ташталган деди. Бирок ошого карабай 300 миң сомго РГФКАга өткөзүп жибергенсиң. Кийин текшерүү келип, техсоветти чакырганда, баягы сенин өзүң менен тең камера интербилимдики экенин далилдешти. Мышыктын кайдан мыёлоп жатканын таап коюшту. Каржы полициясы бүтүндөй акчаны төлөттүрдү. Бирок дагы 36 миң сом акча мойнуңузда Замир ака!

Сенин убактыңда РГФКадан котёл темирлер, кабельдер, бүтүндөй кесилип ташылып кеткен. Базадагы фильмдердин баары чачылган, баш аягы жок. Эч кимге өткөзүлгөн эмес. Эч ким текшерген эмес. РГФКА шамал жүрүп кеткендей кыйраган. Сенин койгон кадрларың кийин кеткенде машинелеп жүктөп алып кетишкен. Сенин өзүң менен тең камераң да жок.

Анан дагы мени 20 млн сом жеген дептирсиң. Деги кинонун тарыхында 20 миллион сом алыныптырбы? Бул дагы өзүңдүн өндүрүштү билбеген «тайкылыгың» «2» деген баа алгандыгың. Менимче сен баягы биринчи ШОСту шылтоолоп жасаган фестивалыңдын акчасын алмаштырып алдың окшойт. Биринчи 9 млн сом түшкөн. Бюджеттин 7 миллиону анан дагы чет элден келген актёрлорго 2 млн сом. Ошону эсептесең туура сен эсептеген цифра чыгат. Анткени бул кеткен ысырапталган акчалардын документтери жок. Аны Замир ака, жең ичинен бүтүрдүңүз. Анан дагы менин тааныштарым чоң жерде иштейт депсиң. Эң туура айткансың... Эң чоң ыйык көргөн кишим Кудай. Анан өзүмдүн таман акы, маңдай тер менен тарткан фильмдерим Япония, Италия, Канада, Германия, Брюссель, Венгрия ж.б. мамлекеттердин фестивальдарында менин фильмдеримди көрүштү. Бул мактануучулук эмес, эмгегим. Мен 1990-жылдардан кийин бир да мамлекеттин акчасына кино тарткан жокмун. Баары демөөрчүлөрдүн акчасынан жаралды. Ал «Бороондуу Бекет» , «Саманчынын жолу», «Маңкурт» , «Тоолор кулаганда» «Жер, адамга таазим кыл» «Бешик». «Бороондуу бекет» 1996-жылы Эл аралык берлин кинофестивалында «Алтын камера» сыйлыган ээ болдум. Ушул күндө бүт республиканы кыдырып фильмдерди коюп жүрөбүз. Эл менин фильмдеримди Шамшиев, Океев, Базаровдун фильмдерин көрсөткүлө деп суранышпайт. Бул кубанаарлык иш. Демек бекер иштебептирбиз деп ойлойсуң.

Замир ака! Сөздүн акырында айтар үч оюм бар. Притча түрүндө болсо дейм.

1.Апенди атка минейин десе, такыр эле мине албай коюптур. Ар кандай алекетке түшөт. Ошондо апенди кейип

-Атаңдын көрү, жаш болгондо, азыр атка секирип минип, жалын сапырылтып чабат элем, деп эки жагын караса эч ким жок экен короодо.

-Эй Апенди, жашыңда эле эмнени кыйратчу элең дейт өзүн жекирип!

2.Тайгада «Расамаха» деген жаныбар бар. Өзү кичинекей аюуга окшош. Бирок териси эч нерсеге жарабайт. Этин жегенге болбойт. Ошондуктан андан Тайганын эли, мергенчилер, туристтер качышат. Себеби ал сасыганда Кудай бетин салбасын Тайга былгып эле жатып калат. Ошондуктан кыргыз киносунун мейкининде «Расамаха» болбосо экен. Анын сасыгынан дагы башка иштерибиз деле көп.

3. Кудай жолдон сокурга жолугат.

-А пендем, мен сени азапка салбай миң күндүк караңгылыктын ордуна бир күндүк жарык берейин дептир.

Анда сокур:

-«Оо жараткан, ыраазымын. Бирок мен сокурлукка көнүп калдым. Анадн көрө элдин баарын мендей кылып темселетип сокур кылып койчу»-дейт.

Демек Замир Ака, сен дагы ошол сокурга окшоп, эч кимге бир күндүк жарык ыраа көргөн эмессиң!

Эмне кылабыз, «ийри таяктан түз көлөкө» түшпөйт.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×