Добавить статью
11:46, 29 января 2013 60848

КСДПга кошулбайм

Мен Бекмамат Мамасыдыков Ата Журт партиясынын лидери Камчыбек Ташиев 2011-жылы КРнын Президенттигине талапкерлигин койгондо Базар-Коргондо штабда координатор болуп иштегем. Ошол кезде шайлоо өтө көп мыйзам бузуу жолдору аркылуу өткөндүгүнө байланыштуу Ташиев жеткиликтүү добуш алган жок деп бийлик жыйынтык чыгарганда, бул жыйынтыкка нааразы болуп Жалал-Абадда өткөн митингди мен алып баргам. Нааразы болгон өтө көп шайлоочулардын катышуусу менен бул митинг бир жумага созулган. Ошондо мен азыркы бийликтин жасап жаткан иш-аракеттерин сындагам. Андан кийин эле 2012-жылы азыркы бийликти сындап жана 2010-жылы июнь коогаланына күнөөлүүлөрдү таап жазалап бергиле деген талапты коюп, бирок, ага эч кандай жооп алалбай келген К.Ташиевди Кумтөрдү шылтоо кылып камакка алышты. К.Ташиевдин идеясы июнь коогалаңынын аягына чыгуу болчу. Ал эми июнь коогалаңына ошол кездеги бийликтеги Убактылуу Өкмөт күнөөлүү. Ал эми Убактылуу Өкмөттүн негизин СДПК партиясы түзөт. Ошондуктан Жалал-Абад шаардык Кеңешиндеги СДПК партиясына мен кошулбаймын.”
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×