Добавить статью
3:21, 8 февраля 2013 79214

Премьер-министр Ж.Сатыбалдиевге кайрылуу

Урматтуу эл башчылар! Сиздердин көңүлүңүздөрдү Жалал-Абад шаарына караштуу Тайгараев айыл башкармалыгындагы сайдагы суу ташкынына бурмакчымын. Учурда 5 «Г» тамгасындагы шпоралар курулуп бүтүп, 6-7-шпоралар кийинкиге калтырылып, 8-9-шпоралар кооптуу болгондугунан, 8-шпора курулуп жатат. Мен ушул жердин тургуну катары суунун кандай мезгилде өз нугун кай жакка өзгөртүп агаарын билген адам катары, курагым 73 жашта экендигимди билдирүү менен, учурда курулуп жаткан 8-шпора туура эмес курулуп жатканын эскертким келет.

Мындан 13 жыл мурун түзүлгөн долбоордун негизинде иштеп жаткандары ӨКМ үчүн мыйзамдуу экенинде талаш жок. Бирок, 13 жылдан берки суу ташкыны жээкти 150-200 метрден да узартып жеп кеткен. 2000-жылдары Тайгараев айылдык өкмөтү 60-65 га сугат жеринен кол жууса, учурда 110-115 га (2 эсе) сугат жеринен кол жууп олтурат.

Эгер 8-шпораны «Г» тамгасында эмес, түз (9-шпораны кошуп) дамба кылып тоскондо, аз чыгым кетмек дагы, Тайгараевдин Кыргызстан айылынын жарымы, Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылы толугу менен, Жалал-Абад шаары, андан ылдыйкы төрт айыл өкмөттүн элдерин суу каптоодон сактамак. Учурда аталган шаар, айылдар өтө кооптуу болуп турган убагы. Ал эми курулуп жаткан 8-шпораны акча коротпой тез аранын ичинде токтотуп, башка долбоор түзүү зарыл. Болбосо 8-шпорага жумшалган каражатты суу ташкынына чачып жиберген менен барабар болуп калат.

Сиздерден эл башчылары, элдин тагдырын ойлогондой жыйынтык чыгарышыңыздарды үмүт этем.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×