Добавить статью
11:02, 11 февраля 2013

«Технопарктар жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлат

«Технологиялык парктар (технопарктар) жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлат (сунуш-пикирлерди ушул дарекке жолдоңуздар: 0312 - 639288, eborombaeva@kenesh.kg)

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Осмоналиев, Роза Акназарова, Данияр Тербишалиев, Равшан Жээнбеков, Наталья Никитенко, Марат Султанов.

Кыргызстандын ийгиликтүү экономикалык өнүгүүсү жана анын регионалдык жана дүйнөлүк аренадагы орду экономикалык өсүүнүн жаӊы ыкмаларын колдонуудан, өзгөчө интеллектуалдык потенциалга негизделген тармактарды өнүктүрүүдөн көз каранды экендиги шексиз. Ушундан улам, бүгүнкү күндө мамлекеттин өнүгүүсү жалаӊ гана энергетика жана тоо-кен тармактары менен чектелбеш керек. Бул маселеде жаӊы технологияларга негизделген экономиканын инновациялык түрлөрүн өнүктүрүү, мындай технологияларды алып келген жана өздөштүргөн жаӊы экономикалык тармактарга өзгөчө көӊүл буруу керек.

Кыргыз Республикасынын «Технологиялык парктар (технопарктар) жөнүндө» мыйзамынын долбоору технопарктарды түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн, технопарктар өнүгүп кетүү процессиндеги мамлекеттик ар кандай колдоолордун укуктук-нормативдик негиздерин аныктайт.

Мыйзам долбоорунда технологиялык парк («технопарк»), технопарктын дирекциясы, технопарктын резиденти, технопарктын инфраструктурасы, технопаркты уюштуруучу негизги мекеме сыяктуу негизги терминдер жана түшүнүктөргө аныктама берилип, инновация, инновациялык ишмердүүлүк, инновациялык Фонд деген атайын терминдердин маани-маӊызы ачыка чыгарылган.

Мыйзам долбоорунда технопарктардын ийгиликтүү өнүгүп кетишин көздөгөн мамлекеттик колдоонун ар кандай түрлөрүнө көӊүл бурулган. Аларга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кепилдиктерин берүү, республикалык жана муниципалдык бюджеттерден көмөк көрсөтүү, мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган имараттарды өзгөчө шарттарда ижарага берүү, салык жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөгү өзгөчөлүктөр ж.б.у.с. кошсок болот.

Мыйзамдын кабыл алуусу Кыргыз Республикасында технопарктарды түзүүгө эффективдүү укутук өбөлгө болоруна шек жок. Жыйынтыгында, Кыргызстанда бизнес чөйрөсү менен илимий колдонмо тармагынын шайкеш иштеши, инновациялык технологияларды колдонуу аркылуу интеллектуалдык бизнестин өнүгүүсү, жаӊы жумуш орундардын түзүлүшү укуктук жактан камсыз болот. Кошумча айта кетчү нерсе: белгилүү болгондой Россиянын, Түркиянын расмий өкмөттүк өкүлдөрү жана ишкер адамдары Кыргызстанда технопарктарды түзүү жана куруу боюнча өз кызыкчылыктарын такай билдирип келишүүдө. Бул мыйзамдын кабыл алынышы аталган өлкөлөр менен да эл аралык кызматташтыкты жандандырууга да өз салымын кошуусунда шек жок.

Мыйзам долбоору боюнча сунуш-пикирлерди ушул дарекке жолдоңуздар: 0312 - 639288, eborombaeva@kenesh.kg

Долбоор

Кыргыз Республикасынын

«Технологиялык парктар (технопарктар) жөнүндө мыйзамы

1-берене. Бул мыйзам аркылуу жөнгө салынуучу тармактык чөйрө

Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасындагы технологиялык парктардын (мындан ары мыйзамдын текстинде «технопарк» деген сөз колдонулат) түзүү жана өнүктүрүү процессиндеги мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн, мунун ичинде салык жана бажы тармагындагы өзгөчөлүктөрдүн, укуктук негиздерин аныктайт.

2-берене. Мыйзамды кабыл алуунун негизги максаты

Аталган мыйзамды кабыл алуунун негизги максаты – бул университеттердин, илимий изилдөө мекемелеринин жана өндүрүш секторунун инновациялык технологияларды жаратуу жана өнүктүрүү, өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу, илимге жана жаӊы технологияларга негизделген чакан жана орто бизнести өздөштүрүү, илимий изилдөөчүлөргө жаӊы жумуш орундарын түзүү чөйрөлөрүн өнүктүрүүгө укуктук механизмдерди түзүү болуп эсептелет.

3-берене. Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр

Бул мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:

венчурдук инновациялык фонд – технопарктардын максаттарын эффективдүү ишке ашырууга, келечектүү инновациялык проектилерди каржылоого багытталган, технопарктарда түзүлүүчү финансылык каражаттардын фонду.

илимий-техникалык Кеӊеш – технопарктарга резиденттерди тартуу максатында түзүлгөн, технопарктардын дирекциясы менен биргеликте технопарктарды башкарууда коллегиалдык жана кеӊешүү ролун ойногон орган. Илимий-техникалык кеӊештин курамы базалык мекеменин, мамлекеттик башкаруу органдарынын, бизнес чөйрөсүнүн жана инновациялык багыттагы адистеринен түзүлөт.

инновациялар - колдонууга берилген жаӊы же кыйла өзгөртүлгөн, жакшыртылган товар же кызмат, ошондой эле жаӊы процесс, сатуунун ыкмасы, ишкерлик практикада колдонулган жаӊы уюштуруу ыкмасы.

инновациялык ишмердүүлүк – инновацияларды түзүү жана ишке ашырууга, анын ичинде илимий-техникалык жетишкендиктерди коммерциялаштырууга багытталган ишкердүүлүк.

инновацияларды коммерциялаштыруу – кайсы бир илимий-техникалык идеяны, ойлоп табууну рыноктук шартта киреше алып келүүчү, керектүү деӊгээлге чейин жеткизүү процесси.

технологиялык парк (технопарк) – аймактык биримдикке негизделген илимий жана билим тармагындагы коммерциялык жана коммерциялык эмес мекемелеринин, финансылык уюмдардын жана жеке ишкерлердин шайкеш иш алып баруусун камсыз кылган юридикалык жак. Технологиялык парктын негизги максаты – мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтер менен бирликте илимий-техникалык жетишкендиктерге негизделген инновациялык бизнести өнүктүрүү, венчурдук проектилерди ишке ашыруу, бул тармакты өздөштүрүп аткан чакан жана орто бизнеске тиешелүү материалдык-техникалык, сервистик, финансылык шарттарды түзүү аркылуу илимий-техникалык жетишкендиктерди, ойлоп табууларды, ноу-хауларды коммерциялаштыруу жана атамекендик жана эл аралык чөйрөгө жайылтуу болуп эсептелинет.

технопарктын базалык мекемеси – технопаркты түзүү жана өнүктүрүү укугуна ээ, өзүнүн курамында илимий-изилдөө же жогорку окуу жайы бар Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жак.

технопарктын дирекциясы – технопаркты башкаруу, анын инфраструктурасын өнүктүрүү, технопаркка резиденттерди тартуу жана жайгаштыруу, технопарктын резиденттерине сервистик кызматтарды көрсөтүү максатында түзүлгөн юридикалык жак.

технопарктын инфраструктурасы – Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жер тилкеси, анда курулган имараттар, офистер, өндүрүштүк (инженердик, транспорттук, социалдык) багыттагы курулуштар.

Технопарктардын Мамлекеттик Реестри (ТМР) – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган шарттарда түзүлгөн, мамлекеттик колдоолорду алууга мүмкүнчүлүк алган технопарктардын официалдуу тизмеси.

технопарктарды өнүктүрүү боюнча Комиссия – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында түзүлүүчү, бирдей паритеттик негизде мамлекеттик башкаруу органдарынын, жогорку окуу жайларынын, илимий-изилдөө мекемелеринин, бизнес жана эксперттик чөйрөнүн өкүлдөрүнөн турган Комиссия.

технопарктын резиденти - технопарктын дирекциясы менен инновациялык проектини ишке ашыруу максатында атайын келишим түзгөн, технопарктын инфраструктурасын колдонгон атамекендик же чет өлкөлүк жеке ишкер же юридикалык жак.

технологиялардын трансфери – рынок шартында конкуренттүү инновациялык продукцияларды чыгарууга багытталган интеллектуалдык ишмердүүлүктү өткөзүү, сатып-алуу, алмаштыруу, өздөштүрүү процесси.

4-берене. Технопарктардын резиденттерине берилүүчү мамлекеттик колдоонун түрлөрү

Технопарктардын резиденттерине төмөндөгү мамлекеттик колдоо чаралары берилиши мүмкүн:

1)Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кепилдиктери;

2)республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден берилүүчү финансылык каражаттар;

3)мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги объектилерин ижарага берүү;

4)мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги объектилерди ижарага берүүдө өзгөчө шарттарды аныктоо;

5)Кыргыз Республикасы гана өзгөчө ээлик кылган интеллектуалдык менчиктин түрлөрүн пайдаланууга укук берүү;

6)мамлекеттик жана муниципалдык менчигин, мунун ичинде мамлекеттик жана муниципалдык бюджеттеринин финансылык каражаттарын, ачык акционердик коом формасында түзүлгөн технопарктардын резиденттеринин уставдык капиталына жайгаштыруу;

7)салык салуу жана башка төлөмдөрдү төлөө системаларында өзгөчөлүктөрдү аныктоо жана киргизүү;

8)Кыргыз Республикасынын башкаруу органдарына тийиштүү, технопарктарды өнүктүрүүдө керектүү болгон информациялык маалыматтарды берип туруу;

9)технопарктарды өнүктүрүүдө маанилүү болгон тышкы экономикалык байланыштарды түзүүгө көмөк көрсөтүү;

10)технопарктарды түзүү жана өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жакшыртуу.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, технопарктардын резиденттерине мындан башка дагы мамлекеттик колдоо чаралары көрүлүшү мүмкүн.

5-берене. Технопарктардын резиденттерине бул мыйзамда аныкталган мамлекеттик колдоо чараларын көрсөтүү шарттары

Бул мыйзамда аныкталган мамлекеттик колдоо чаралары Технопарктардын Мамлекеттик Реестрине (ТМР) кирген гана технопарктардын резидентерине берилет. Аталган резиденттер ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын финансылык-бюджеттик чөйрөсүн жөнгө салган башка мыйзамдарына төп келген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери аркылуу аныкталган шарттарды так аткаруусу абзел.

6-берене. Технопарктарды Технопарктардын Мамлекеттик Реестрине (ТМР) киргизүүнүн тартиби

1.Аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы технопарктарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Технопарктардын Мамлекеттик Реестрин (ТМР) түзөт жана жүргүзөт. Аталган реестрди түзүү жана жүргүзүүнүн тартиби бул мыйзамга ылайык болот жана Өкмөт аркылуу аныкталат.

2.Технопарктардын Мамлекеттик Реестрине (ТМР) кирүүнү каалаган технопарктардын дирекциясы технопарктарды колдоо боюнча аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органына атайын арыз менен кайрылат. Арызга бул мыйзамдын 7-беренесинде аныкталган шарттарды тастыктаган документтер кошо тиркелет. Арыздын формасын жана бул мыйзамдын 7-беренесинде аныкталган шарттарды тастыктаган документтердин тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

3.Аткаруу бийлигинин технопарктарды колдоо боюнча ыйгарым укуктуу органы технопарктын дирекциясы жолдогон арызды 3 (үч) күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Технопарктарды өнүктүрүү боюнча Комиссияга алдын-ала кароо үчүн жиберет. Аталган Комиссия Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин чечими менен түзүлөт. Комиссия 10 адамдан турат, анын ичинде 2 (эки) адам мамлекеттик аткаруу бийлигинин өкүлү, 2 (эки) адам жогорку окуу жайларынын өкүлү, 2 (эки) адам илимий-изилдөө институттарынын өкүлү, 2 (эки) адам тиешелүү бизнес чөйрөсүнүн өкүлү, 2 (эки) адам инновациялык технологиялар чөйрөсүндөгү эксперттик топтордун өкүлүнөн түзүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы

Технопарктарды өнүктүрүү боюнча Комиссиясы 20 (жыйырма) күндүн ичинде түшкөн арызды карап чыгып, аталган технопаркты Технопарктардын Мамлекеттик Реестрине (ТМР) киргизүү же киргизбөө боюнча корутунду чыгарып, аны Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин технопарктарды колдоо боюнча ыйгарым укуктуу органына жиберет. Аткаруу бийлигинин аталган ыйгарым укуктуу органы 10 (он) күндүн иичнде арызды жана Комиссиянын чечимин Премьер-Министрге жөнөтөт. Премьер-Министр 10 (он) күндүн ичинде аталган технопаркты Технопарктардын Мамлекеттик Реестрине (ТМР) киргизүү же киргизбөө боюнча чечим кабыл алат.

4. Өкмөттүн алдындагы Технопарктарды өнүктүрүү боюнча Комиссия жөнүндө Жобо Өкмөт тарабынан ушул мыйзамга ылайык иштелип чыгылат жана бекитилет.

7-берене. Технопарктарды Технопарктардын Мамлекеттик Реестрине (ТМР) киргизүүнүн шарттары

Технопарктардын Технопарктардын Мамлекеттик Реестрине (ТМР) киргизүү үчүн технопарк төмөндөгү шарттарга төп келиши керек:

1)инновациялык продуктуну же кызматты технопарктын аймагында өнүктүрүү боюнча проектинин болушу;

2)технопарктын өнүгүүсү боюнча 3 жылдан кем эмес мөөнөткө иштелип чыккан пландын болушу. Бул мөөнөт аталган технопаркты Технопарктардын Мамлекеттик Реестрине (ТМР) киргизүү боюнча жазылган арыздын мөөнөтүнөн баштап саналат. Аталган 3 жылдык план Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясына төп келиши абзел.

3)Төмөнкү талаптарга төп келген кеминде чакан же орто бизнестин өкүлү болгон 1 (бир) резиденттин болушу:

аталган резиденттер технопарктын аймагында түзгөн жумуш орундары 5тен кем эмес болуш керек;

ар бир резидент бирден кем эмес илимий-техникалык жетишкендиктерди колдонуу менен товардык продукцияны жана (же) кызматты өздөштүрүшү керек;

4) технопарктын дирекциясы менен илимий-изилдөө мекемелери жана жогорку окуу жайлары менен болгон кызматташтыгынын деӊгээли;

5) технопарктын резиденттерине сервистик кызматтарды көрсөтүүгө түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрү;

6) технопарктагы венчурдук инновациялык Фондунун түзүлүшү, ал Фондунун көлөмү;

7) технопарктын инфраструктурасынын деӊгээли жана ал деӊгээлдин өсүү мүмкүнчүлүктөрү.

Эгерде Технопарктардын Мамлекеттик Реестрине (ТМР) киргизилген технопарктын өнүгүүсү начар жана эффективдүү эмес болсо жана ушул берененин 1-7 пункттарына төп келген шарттар аткарылбаса, аталган технопарк тиешелүү аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органдын сунушунун негизинде, Премьер-Министрдин чечими менен Технопарктардын Мамлекеттик Реестринен (ТМР) чыгарылып салынышы мүмкүн. Аталган реестрден чыгып калуу бул технопарк автоматтык түрдө мыйзамда көрсөтүлгөн мамлекеттик колдоонун бардык түрлөрүнөн ажыратылды дегенди билдирет. Ушуну менен бир, бул технопарктын бардык резиденттери бул мыйзамда аныкталган мамлекеттик колдоо чараларынан, анын ичинде салык жана бажы жеӊилдиктеринен айрылат дегенди билдирет.

8-берене. Мамлекеттик реестрге кирген технопарктардын эффективдүүлүгүн баалоо

1.Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы Технопарктардын Мамлекеттик Реестрине (ТМР) кирген технопарктардын ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн баалоого алат.

2.Баалоо төмөнкү критерийлердин негизинде жүргүзүлөт:

1)технопарктын аймагындагы бизнес-инкубатор, технологияларды өздөштүрүү борбору, сервистик кызмат кылуу борбору, окуу борборлорунун ишмердүүлүгү;

2)венчурдук инновациялык фондунун болушу, ал фондунун көлөмү;

3)технопарктардын инфраструктурасы жана анын өнүгүү мүмкүнчүлүгү;

4)технопарк көрсөтүп жаткан кызматтардын саны жана өсүү динамикасы;

5)бизнес-инкубатордон жардам алган чакан жана орто бизнеске кирген резиденттердин саны, анын ичинде илимий жетишкендиктерге негизделген мекемелердин саны жана ишмердүүлүгү;

6)мурун технопарктардын резиденти болуп, кийин өз алдынча иштеп кеткен чакан жана орто бизнес компанияларынын саны;

7)технопарктын резиденттери түзгөн жумушчу орундарынын саны;

8)инновациялык проектерди өздөштүрүү максатында келген инвестициялардын көлөмү;

9)резиденттер чыгарган товарлардын, өндүргөн жеке товарынын, жасаган иштеринин жана көрсөткөн кызматтарынын, жана ошондой эле инновациянын көлөмү;

10)резиденттер өздөштүргөн илимий-техникалык жетишкендиктердин саны;

11)резиденттер чыгарган инновациялык товарлардын өндүрүштүк деӊгээлге жеткендеринин саны.

3.Технопарктардын ишмердүүлүгүн баалоо максатында жылына бир жолу технопарктын дирекциясы өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө отчетту аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органына жиберип турат. Отчетко тиешелүү документтер тиркелет. Аталган отчеттун формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

9-берене. Бул мыйзамда аныкталган мамлекеттик колдоо алуучу технопарктардын резиденттерин тандоо

Технопарктардын резиденттери тандоонун негизинде гана аныкталат. Аларды тандоо бул мыйзамдын 7-беренесинде берилген критерийлерди эске алуу менен жүргүзүлөт.

Аталган Мыйзамда аныкталган мамлекеттик колдоолорду алуу үчүн технопарктардын резиденттерин баалоо жана тандоону тиешелүү технопарктардын дирекциялары жүргүзөт. Бул мыйзамда аныкталган мамлекеттик колдоо чаралары Өкмөттүн чечими менен Технопарктардын Мамлекеттик Реестрине (ТМР) кирген технопарктарга жана анын резиденттерине көрсөтүлөт.

10-берене. Технопарктарга мамлекеттик кепилдиктерин берүү

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кепилдиктери технопарктарга берилиши мүмкүн. Ал тандоо Кыргыз Республикасынын бюджеттик, мамлекеттик жана муниципалдык менчик жөнүндөгү мыйзамдардын жана ушул мыйзамдын, Өкмөттүн нормативдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.

11-берене. Технопарктарга республикалык бюджеттен каражат бөлүп берүүнүн тартиби

1.Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына жана Өкмөттүн тиешелүү чечимдерине ылайык, технопарктардын резиденттерине республикалык бюджеттен каражат бөлүп берилиши мүмкүн.

2.Аталган каражаттар Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамда жана Өкмөттүн тиешелүү укуктук-нормативдик актыларында аныкталган шарттарда берилиши мүмкүн.

12-берене. Тандоодон өткөн технопарктардын резиденттерине мамлекеттик менчикти ижарага берүү жана аны төлөөнүн өзгөчөлүктөрүн аныктоо

1.Технопарктардын резиденттерине мамлекеттик менчик ижарага берилиши мүмкүн. Аталган менчик Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчикти башкаруу органы аркылуу тиешелүү мыйзамдарга жана келишимдерге ылайык берилет.

2.Мамлекеттик жана муниципалдык менчик технопарктардын резиденттерине тиешелүү мыйзамдардын негизинде, ижара төлөмүн төлөөдөгү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен берилет. Ижаранын баасын аныктоодо төмөндөтүлгөн коефициентти колдонуу менен бирге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка коефициенттер да колдонулушу мүмкүн.

13-берене. Технопарктардын резиденттерине Кыргыз Республикасы ээлик кылган интеллектуалдык менчикти колдонууга укук берүү

Аталган интеллектуалдык менчиктер технопарктардын резиденттерине атайын келишимдин негизинде берилиши мүмкүн. Ал келишим Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык, интеллектуалдык менчиктерди коргогон ыйгарым укуктуу орган жана резиденттин ортосунда түзүлөт.

14-берене. Акционердик коом болгон технопарктардын резиденттеринин уставдык капиталына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин киргизүү

1.Акционердик коом болуп эсептелген, технопарктардын резиденттеринин уставдык капиталдарына республикалык жана муниципалдык бюджеттин каражаттары салынышы мүмкүн. Мындай каражаттар Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамында каралышы керек.

2.Акционердик коом болуп эсептелген, технопарктардын резиденттеринин уставдык капиталдарына республикалык жана муниципалдык менчиктеги объектилери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык менчиктерди жөнгө салуу мыйзамдарына ылайык киргизилиши мүмкүн.

15-берене. Технопарктардын резиденттерине тийиштүү өзгөчө салык жана бажы режимдери

Технопарктардын Мамлекеттик Реестрине (ТМР) кирген технопарктардын резиденттери үчүн атайын салык режими киргизилет. Бул режим Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси аркылуу аныкталат. Технопарктардын Мамлекеттик Реестрине (ТМР) кирген технопарктардын резиденттеринин ишмердүүлүгүн камсыз кылууга керектелген жабдууларды алып келүү үчүн атайын бажы режими колдонулат. Аталган атайын режим режим Кыргыз Республикасынын Бажы Кодексинде аныкталат. Аталган технопарктын жана анын резиденттеринин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик социалдык камсыздоо системасына өткөзүлөт.

16-берене. Технопарктардын резиденттерине Кыргыз Республикасындагы технопарктардын өнүгүүсү боюнча маалымат берүүнүн тартиби

1.Кыргыз Республикасындагы технопарктардын өнүгүүсүнө тийиштүү маалыматтар технопарктардын резиденттерине алардын өтүнүч арыздарына ылайык берилет.

2.Аталган өтүнүч арыздар аткаруу бийлигинин технопарктарды колдоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу органына берилет жана ал орган аркылуу каралууга жатат.

3.Кыргыз Республикасындагы технопарктардын өнүгүүсү боюнча маалымат

берүү боюнча өтүнүч арызы төмөнкү маалыматты камтыш керек:

1)технопарктын резиденти сурап жаткан маалыматтардын тизмеги;

2)суралган маалыматты кайсы максатта колдонула тургандыгы жөнүндө негиздеме.

4.Кыргыз Республикасындагы технопарктардын өнүгүүсү боюнча маалымат

берүү боюнча өтүнүч арыздары Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин технопарктарды колдоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу органы тарабынан каралат.

17-берене. Технопарктын резиденттерине тышкы экономикалык байланыштарды түзүүгө багытталган чаралардын формасы жана тартиби

Технопарктардын резиденттерине пайдалуу тышкы экономикалык байланыштарды түзүүгө көмөк көрсөтүү тышкы иштерди жана тышкы экономикалык байланыштарды жөнгө салган Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдары мыйзамдарда аныктаган шарттарда жана формаларда жүргүзүлөт.

18-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан технопарктардын резиденттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү чараларын аткаруусун көзөмөлгө алуусу

1.Бул Мыйзамда аныкталган технопарктын резиденттерине мамлекеттик колдоо чараларынын аткарылуусун көзөмөлгө алуу өзүлөрүнүн ыйгарым укуктарына ылайык Жогорку Кеӊешке, Өкмөткө, жана жергиликтүү аткаруу бийликтин органдарына таандык.

2.Аталган мамлекеттик колдоо чараларын көзөмөлгө алуу максатында аткаруу бийлигинин технопарктарды колдоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу органы Мамлекеттик Реестрге кирген технопарктардын тизмесин түзөт жана жүргүзөт.

Бул реестрде технопарктар, алардын дирекциясы, резиденттери, базалык мекемелери жөнүндө жетиштүү маалыматтар камтылышы керек.

Аталган реестрди түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби бул мыйзамдын талаптарына ылайык Кыргыз Республкасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Реестрге таандык материалдар сөзсүз түрдө тиешелүү аткаруу бийлигинин органынын официалдык Интернет-сайтында чагылдырылышы керек.

3.Кыргыз Ресубликасынын Өкмөтү жылына бир жолу, республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу мыйзамдын долбоору Жогорку Кеӊештин кароосуна киргенден баштап, 15 күндүн ичинде, технопарктардын резиденттерине мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө маалыматты Жогорку Кеӊешке киргизип турушу керек.

19-берене. Технопарктардын резиденттери

1. Технопарктын резиденти катары кирешесинин кеминде 80% инновациялык ишмердүүлүктөн тапкан жеке же юридикалык жак катталышы мүмкүн. Чет элдик юридикалык же жеке жак да технопарктын резиденти боло алат.

Технопарктын резиденти болуп катталуу тиешелүү технопарктын дирекциясынын наамына жазылган арыздын негизинде жүргүзүлөт. Арыздын формасын технопарктын дирекциясы аныктайт.

2. Инновациялык ишмердүүлүк менен алектенген, технопарктын илимий-техникалык Кеӊешинен тиешелүү колдоо тапкан жеке же юридикалык жак, технопарктын резиденти катары алгачкы ирет технопарктын дирекциясы тарабынан 6 (алты) айга катталат. Бул алгачкы каттоо технопарктын дирекциясы тарабынан берилген атайын күбөлүк менен тастыкталат. Каттоонун негизинде, технопарктын дирекциясы жана резиденттин ортосунда кызматташуу жана жоопкерчилик жөнүндө келишим түзүлөт.

3. Алгачкы каттоодон 6 (алты) ай өткөндө, резидент технопарктын дирекциясына атайын бекитилген форма боюнча отчет берет. Аталган отчет технопарктын илимий-техникалык Кеӊешинде талкууга алынат. Эгер аталган отчеттун негизинде резиденттин ишмердүүлүгү инновациялык жана натыйжалуу деп табылса, анда бул резиденттин технопарктагы каттоосу негизги деп табылат жана 5 жылдан кем эмес мөөнөткө узартылат. Бул мөөнөт убагы келгенде дагы узартылышы мүмкүн. Резиденттин негизги каттоосу технопарктын дирекциясы тарабынан атайын күбөлүк менен тастыкталат. Негизги каттоо жөнүндө күбөлүк резидент менен технопарктын дирекциясы ортосундагы каттоонун мөөнөтүнө ылайыкташылган келишимге кол коюлгандан кийин гана берилет.

4. Технопарктардын Мамлекеттик Реестрине (ТМР) киргизилген технопарктарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бул мыйзамга каршы келбеген учурларда гана тийиштүү деп эсептелинет.

5. Мамлекеттик реестрге киргизилген технопарктардын резиденттерине тийиштүү салык жана бажы жеӊилдиктери ал резиденттер алгачкы каттоодон өткөндөн баштап бериле баштайт.

6. Технопарктын резиденти бул берененин 1-пунктунда аныкталган шарттарды бузуу менен инновациялык ишмердуулукко байланышы болбогон ишмердуулук жургузгону катталса, технопарктын резиденти катары алгачкы каттоодон ажырайт жана бул юридикалык (физикалык) жак жалпы негизде, алгачкы каттоо мооноту учун да салык толомдорун толойт.

7. Технопарктардын резиденттеринин кызматкерлеринин жумуш ишмердүүлүктөрү Кыргыз Республикасынын эмгек тууралуу мыйзамдарына, жана Эл аралык эмгек уюму аныктаган конвенциялардын жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.

Технопарктын дирекциясы жана технопарктын резидентинин ортосундагы укуктук карым-катнаш алардын ортосундагы келишимдин негизинде жүргүзүлөт.

20-берене. Технопарктын резиденти статусунан айрылуу

1. Эгерде мамлекеттик реестрдеги технопарктын резидентинин ишмердүүлүгү талапка жооп бербесе, жана бул берененин биринчи абзацына төп келбесе, андай резиденттин алгачкы каттоосу жокко чыгарылат. Мындай шартта аталган резидент салык жана бажы жеӊилдиктеринен айрылат жана алгачкы каттоо жүргүзүлгөн мөөнөттү кошуу менен бардык салык жана бажы төлөмдөрүн жалпы негизде төлөөгө милдеттүү болот.

Технопарктын резиденти деген статус технопарктын дирекциясы тарабынан жүйөлүү себептерге негизделип гана алынып салынышы мүмкүн. Аталган мыйзамдын 22-беренесиндеги талаптарга ылайык жүйөлүү себептерге ал резиденттин ишмердүүлүгү натыйжалуу болбой, бул берененин биринчи абзацына төп келбегенде, же резидент технопарктын Инновациялык Фондусун түзүүдөгү милдеттүү 1% чегерүүсүн төлөбөгөндүгү кирет. Технопарктын резиденттигинен чыгаруу ал технопарктын илимий-техникалык Кеӊештин сунушу менен ишке ашырылат. Технопарктын резиденттигинен айрылуу жөнүндө маалымат технопарктын дирекциясы тарабынан тиешелүү салык жана бажы органдарына сөзсүз түрдө маалымдалышы керек.

2. Технопарктын резиденти статусунан айрылуу маселеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанууга жатат.

3. Технопарктын резиденти статусунан айрылуу резиденттин өз арызы менен да ишке ашырылышы мүмкүн.

21-берене. Технопарктын дирекциясы

Технопаркты натыйжалуу жетектөө максатында технопарктын башкаруу органдарынын бири болуп, технопарктын дирекциясы түзүлөт.

Технопарктын дирекциясы:

1) технопарктын ишмердүүлүгүн жетектейт;

2) илимий-техникалык Кеӊештин сунушу менен технопарктын резиденттерин конкурстук негизде тандайт жана резидент статусунан айрылтат;

3) резиденттер менен биргелешкен ишмердүүлүк жөнүндө келишим түзөт жана аны көзөмөлдөйт;

4) технопарктын өнүгүү планын аныктайт;

5) технопарктын Өнүгүү Инновациялык Фондун түзөт жана башкарат;

6) технопарктын резиденттеринин ишмердүүлүгүн текшерет жана баалайт;

7) резиденттерге көрсөткөн сервистик кызматтарды өнүктүрөт;

8) технопарктын резиденттеринин бирдиктүү реестрин түзөт жана жүргүзөт;

9) резиденттердин алгачкы жана негизги каттоолору жөнүндө чечим кабыл алат жана аларга тиешелүү күбөлүктөрдү тапшырат;

10) бекитилген тартипте технопарктын резиденти статусунан ажыратат;

11) технопарктын резиденттеринин укуктарын мамлекеттик органдардын алдында коргойт.

Технопарктын дирекциясы тууралуу Жобону бул мыйзамдын талаптарынын негизинде технопаркты түзгөн базалык мекеменин жетекчилиги иштеп чыгат жана бекитет.

22-берене. Илимий-техникалык Кеӊеш

Илимий-техникалык Кеӊеш технопарктын башкаруу органдарындан бири болуп эсептелинет.

Технопарктын илимий-техникалык Кеӊеши:

- базалык мекеменин, бизнес чөйрөсүнүн, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнөн турат;

- технопарктын резиденттерин тандоодо жана баалоодо өзүнүн корутундусун берет.

Илимий-техникалык Кеӊеш тууралуу Жобону бул мыйзамдын талаптарынын негизинде технопаркты түзгөн базалык мекеменин жетекчилиги иштеп чыгат жана бекитет.

Технопарктын башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн каржылоо базалык мекеменин финансы каражаттары аркылуу жүргүзүлөт. Мындан тышкары, бул максатка технопарктын Инновациялык Фондунун каражаттары да жумшалышы мүмкүн. Аталган венчурдук Инновациялык Фонд технопаркты түзгөн базалык мекеменин, тартылган тышкы инвестициялардын жана ар бир резиденттин 1% кирешесинен жана башка топтолгон финансылык каражаттардан түзүлөт.

Инновациялык Фонд жөнүндө Жобо технопарктын дирекциясы жана илимий-техникалык Кеӊештин сунушу менен базалык мекеменин жетекчилиги аркылуу түзүлөт жана бекитилет.

Технопарктын илимий-техникалык Кеӊеши мамлекеттик-жеке кызматчылык принциптеринде иш жүргүзөт.

Технопарктын дирекциясы юридикалык жак болуп эсептелинет жана ал резидентке тиешелүү бардык ыйгарым укуктарга ээ.

23-берене. Мыйзамдын юридикалык күчүнө кириши

бул мыйзам расмий түрдө жарык көргөндөн баштап юридикалык күчүнө ээ болот.

«Технологиялык парктар (технопарктар) жөнүндө» мыйзам долбооруна

Маалымкат-Негиздеме

Кыргызстандын ийгиликтүү экономикалык өнүгүүсү жана анын регионалдык жана дүйнөлүк аренадагы орду экономикалык өсүүнүн жаӊы ыкмаларын колдонуудан, өзгөчө интеллектуалдык потенциалга негизделген тармактарды өнүктүрүүдөн көз каранды экендиги шексиз. Ушундан улам, бүгүнкү күндө мамлекеттин өнүгүүсү жалаӊ гана энергетика жана тоо-кен тармактары менен чектелбеш керек. Бул маселеде жаӊы технологияларга негизделген экономиканын инновациялык түрлөрүн өнүктүрүү, мындай технологияларды алып келген жана өздөштүргөн жаӊы экономикалык тармактарга өзгөчө көӊүл буруу керек.

Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй экономиканы инновациялык багытка өткөзүүнүн эӊ бир натыйжалуу ыкмасы болуп чакан жана орто бизнес эсептелет. Бул тармактагы жогорку технологиялык инновацияларга багытталган долбоорлор мамлекет тарабынан колдоого муктаж экенин турмуш өзү далилдеди. Мындай мамлекеттик колдоонун натыйжалуу формаларынын бири – бул технопарктарды (инновациялык борборлорду) уюштуруу жана өнүктүрүү десек жаӊылышпайбыз. Технологиялык парктар (мындан ары текст боюнча «технопарк») кеӊири жана натыйжалуу өнүккөн мамлекеттердин (Түштүк Корея, Япония, Малайзия, Туркия ж.б.у.с.) тажрыйбасы айгинелегендей, технопарктар жөнүндө атайын, адистештирилген мыйзам кабыл алынмайынча технопарктардын ийгиликтүү өнүгүп кетүүсү, илимий-колдонмо тармак менен инновациялык бизнестин шайкеш иштеши күмөн бойдон кала берет.

Кыргыз Республикасынын «Технологиялык парктар (технопарктар) жөнүндө» мыйзамынын долбоору технопарктарды түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн, технопарктар өнүгүп кетүү процессиндеги мамлекеттик ар кандай колдоолордун укуктук-нормативдик негиздерин аныктайт.

Мыйзам долбоорунда технологиялык парк («технопарк»), технопарктын дирекциясы, технопарктын резиденти, технопарктын инфраструктурасы, технопаркты уюштуруучу негизги мекеме сыяктуу негизги терминдер жана түшүнүктөргө аныктама берилип, инновация, инновациялык ишмердүүлүк, инновациялык Фонд деген атайын терминдердин маани-маӊызы ачыка чыгарылган.

Мыйзам долбоорунда технопарктардын ийгиликтүү өнүгүп кетишин көздөгөн мамлекеттик колдоонун ар кандай түрлөрүнө көӊүл бурулган. Аларга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кепилдиктерин берүү, республикалык жана муниципалдык бюджеттерден көмөк көрсөтүү, мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган имараттарды өзгөчө шарттарда ижарага берүү, салык жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөгү өзгөчөлүктөр ж.б.у.с. кошсок болот.

Мыйзам долбоорунда мамлекеттик аткаруу органдары тарабынан технопарктарды такай көзөмөлдөп туруу мүмкүнчүлүгү каралган. Ушуга ылайык «Технопарктардын Мамлекеттик Реестри» (ТМР) деген түшүнүк каралган. Бул реестр Өкмөт тарабынан түзүлөт жана ушул реестрге кирген гана технопарктар бул мыйзам менен аныкталган мамлекеттик колдоолорду, анын ичинен салык жана бажы жеӊилдиктерин алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Өкмөттүн бул ишинин ачыктыгын жана натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында Өкмөттүн алдында Технопарктарды өнүктүрүү боюнча атайын комиссия түзүлөт. Комиссия бийликтин, бизнестин, академиялык жана илимий чөйрөнүн, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнөн паритеттик негизде түзүлөт. Кайсы технопаркты Технопарктардын Мамлекеттик Реестрине киргизүү керек экенин Өкмөт ушул Комиссиянын сунушу менен ишке ашырат. Мыйзамда аныкталгандай, аталган Комиссия жана ар бир технопарктарда милдеттүү түрдө түзүлүүчү Илимий-Техникалык Кеӊештер (ИТК) мамлекеттик-жеке кызматташтык принциптерин кеӊири колдонууга шарт түзөт.

Мыйзам долбоору технопарктарды түзүүдө негизги ролду ойногон жогорку окуу жайлардын жана илимий-изилдөө институттарынын ролун жана жоопкерчилигин аныктайт. Мыйзам долбоорунда Технопарктардын Мамлекеттик Реестрине (ТМР) кирүү жана каттоо үчүн минималдык талаптары көрсөтүлгөн. Алардын ичине тийиштүү имараттар, Инновациялык Фондунун түзүлүшү жана анын көлөмү, технопарктын өнүгүү программасы, жогорку окуу жайлары жана илимий мекемелер менен болгон байланышы, бул технопаркта иш алып барып жаткан резиденттеринин саны, чыгарган инновациялык продукциянын көлөмү сыяктуу критерийлери белгиленген.

Мыйзам долбоору технопарктарды түзүү жана колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик аткаруу органына технопарктардын ишмердүүлүгүн такай көзөмөлгө алып туруу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул максатка ылайык аталган аткаруу органы Кыргызстандагы технопарктардын расмий реестрин түзөт жана жүргүзөт.

Технопарктардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыз кылуу максатында мыйзам долбоорунда атайын чаралар каралган. Мисалы, технопарктардын расмий реестри, алардын резиденттерине көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик колдоонун багыттары аталган аткаруу органынын интернет-сайтында сөзсүз түрдө жайгаштырылышы керек. Мындан тышкары, жылына бир жолу Өкмөт мамлекеттик реестрге кирген технопарктардын ишмердүүлүгүн чагылдырган маалыматты Жогорку Кеӊешке маалымдап туруусу да Мыйзамдын долбоорунда белгиленген. Мыйзам долбоору Россия, Казакстан, Түштүк Корея, Түркия сыяктуу өнүккөн мамлекеттердин тийиштүү мыйзамдарын анализдөөнүн негизинде даярдалды.

Мыйзамдын кабыл алуусу Кыргыз Республикасында технопарктарды түзүүгө эффективдүү укутук өбөлгө болоруна шек жок. Жыйынтыгында, Кыргызстанда бизнес чөйрөсү менен илимий колдонмо тармагынын шайкеш иштеши, инновациялык технологияларды колдонуу аркылуу интеллектуалдык бизнестин өнүгүүсү, жаӊы жумуш орундардын түзүлүшү укуктук жактан камсыз болот. Кошумча айта кетчү нерсе: белгилүү болгондой Россиянын, Түркиянын расмий өкмөттүк өкүлдөрү жана ишкер адамдары Кыргызстанда технопарктарды түзүү жана куруу боюнча өз кызыкчылыктарын такай билдирип келишүүдө. Бул мыйзамдын кабыл алынышы аталган өлкөлөр менен да эл аралык кызматташтыкты жандандырууга да өз салымын кошуусунда шек жок.

Мыйзам долбоорун кабыл алууда азыркы иштеп жаткан Салык жана Бажы Кодекстерине бул мыйзамдын максаттарынан жана маани-маӊызынан чыгып келген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү талап кылынат. Ушуга ылайык, «Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына Кыргыз Республикасынын Салык жана Бажы кодекстерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору даярдалды. Аталган кодекстерге тийиштүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор «Технологиялык парктар (технопарктар) жөнүндө» мыйзамы менен кошо кабыл алынышы абзел.

Мыйзам долбоорун кабыл алуусу кандайдыр бир терс экономикалык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык көрүнүштөргө алып келбейт. Мыйзам долбоорун кабыл алуу азыркы иштеп жаткан улуттук жана эларалык укуктук нормаларга каршы келбейт.

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы мамлекеттик бюджеттен кошумча каражаттарды бөлүп берүүнү

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×