Добавить статью
3:13, 1 марта 2013 107226

Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун абалы жана ага бөгөт коюу чаралары

28-февралда областын коомчулугу, жергилктүү бийликтин өкүлдөрү катышкан конференция болуп акыркы мезгилде көйгөйгө айланган өспүрүмдөрдүн арасындагы рекетчилик, өзүн өзү өлтүрүү, селсаяктык, мектепти таштап кетүү сыяктуу маселелер талкууланды.Бул материал ошол конференцияда жасалган баяндаманын негизинде даярдалды.

Бүгүнкү күндө, жаш муундарга кам көрүү, алардын ден-соолугун чыңдоо, патриоттук сезимдерге тарбиялоо, татыктуу билим алуусуна керектүү шарттарды жаратып берүү - дүйнө жүзүндөгү бардык цивилизация жолундагы мамлекеттердин эң жогорку денгээлдеги негизги багыттарынын бири болуп эсептелет, себеби баарыбызга белгилүү болгондой, мамлекетибиздин эртеңки келечеги- бүгүнкү кичинекей жеткинчектер жана өспүрүмдөрдүн колунда.

Ошол себептен областтын аймагында орун алган, жашы жете элек өспүрүмдөргө байланышкан көйгөйлүү маселелер жөнүндө, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана тартип бузуулардын абалы, мектеп рекетчилиги, жогорку класстардын окуучулары тарабынан майда класстардын окуучуларына зомбулук көрсөтүү, кордоо, мектептердин окуучуларынын арасындагы мушташуу фактылары, өспүрүмдөр тарабынан өзүн-өзү өлтүрүү (суицид) сыяктуу терс көрүнүштөр жөнүндө, ошондой эле алардын орун алуусуна жол берилүүнүн себептерин жана ошол көрүнүштөрдүн болуусуна жол берген органдардын, мекеме – ишканалардын жооптуу жетекчилери жана кызматкерлери, ата-энелер жана коомдук уюмдар тууралуу маалыматтарды ортого салып талкуулоо, мындай көйгөйлөргө мындан ары жол бербөө үчүн алдыдагы биргеликте аткарыла турган иш-чаралар. .

Ошондуктан, учурдагы жаш өспүрүмдөрдү тарбиялап өстүрүүдө орун алган көйгөйлөр, кетирилген кемчиликтер жана жетишпегендиктер жөнүндө ачык-айкын жана акыйкат сын-пикирлерди айтып, мындай терс көрүнүштөрдү мындан ары болтурбоо үчүн тиешелүү иш-чараларды активдүү түрдө талкуулап туруу зарыл.

Акыркы 20 жыл арасында, Кыргызстан Советтер Союзунун курамынан чыгып, эгемендүү мамлекет болуп түзүлгөндөн кийин, түрдүү экономикалык жана саясий өзгөрүүлөрдүн натыйжасында, жаш өспүрүмдөрдү туура багытка, патриоттук жана мекенчил сезимдерге тарбиялоого, аларга татыктуу билим берүү маселелерине тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай келгендигине байланыштуу жана башка объективдүү жана субъективдүү себептерден улам, жаштар жана мектеп окуучулары арасында мен жогоруда атап кеткен кылмыштуулуктун жана тартип бузуулардын кескин өсүп кетүүсүнө алып келип олтурат.

Бирок, бул көйгөйлүү маселени түрдүү себептерге шылтап, анын чечүү жолдорун издебей, кол шилтеп коюуу – бул биздин мекенибиздин келечегине жана келээрки муундарга карата жасалган кайдыгерлик катары бааласа болот.

Жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан, же алардын катышуусу менен жасалган кылмыштуулуктун саны 2008 – 2010 жылдар аралыгында 90 фактыдан 120 фактыга чейин өсүп кеткен. Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгы тарабынан бул маселе катуу көзөмөлгө алынып, жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, 2011-жылы бул көрсөткүч 116 фактыга, ал эми 2012-жылдын жыйынтыгы менен өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун санын 94 фактыга чейин азайтууга мүмкүн болду.

Бирок, тилекке каршы жашы жете элек өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштардын саны жыл сайын өсүп барууда. Мисалга 2008-жылы өспүрүмдөргө карата жасалган бир да кылмыш фактысы катталган эмес. 2009-жылы - 51 факт, 2010-жылы - 128 факт, 2011-жылы - 146 факт, ал эми 2012-жылы болсо жашы жете элек өспүрүмдөргө карата жасалган 141 кылмыш фактылары катталган.

Акыркы учурдагы коомдо эң оор кайгырууну жана резонанс жараткан көрүнүштөрдүн бири – бул өспүрүмдөр арасындагы суицид, башкача айтканда өзүн-өзү өлтүрүү фактылары. Статистикага кайрылсак, 2008-2009-жылдары областыбыздын аймагында мындай фактылар катталган эмес болсо, 2010-жылы 10 жашы жете эле өспүрүм түрдүү себептерден улам өзүн-өзү өтүргөн, ал эми 2011-жылы – 16, 2012-жылы болсо - 17 жаш өспүрүмдөр ар кандай жолдор менен мындай кадамдарга барышкан.

Мен, жогоруда атап кеткен сандык көрсөткүчтөр – сиздер менен бизди бул көйгөйгө дыкат көңүл буруп, бул көрүнүштөрдүн алдын-алууга болгон күч аракеттерибизди кечиктирбей жумшообуз зарыл экендигин, антпесек эртең абал мындан да оор болуп кетээрин айгинелеп турат. Учурдагы жаш-өспүрүмдөр арасында орун алган негизги көйгөйлөрдү, терс көрүнүштөрдү төмөнкү багыттарга бөлүп кароо менен, ал багыттардын ар бири боюнча атайын токтолуп, мисалдарды жана далилдерди камтыган толук маалыматтарды берип кетейин. Учурда коомчулук арасында олуттуу коркунуч жаратып, мамлекеттин келечегине терс таасирин түздөн-түз тийгизип жаткан көйгөй катары– бул мектеп окуучулары жана башка жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуу чөйрөнүн идеяларынын таралуусун атап кетүүгө болот. Көпчүлүк ата-энелер экономикалык жана социалдык жактан болуп жаткан кыйынчылыктардан улам, өздөрүнүн бала-бакча, же мектеп жашындагы уул-кыздарын көп учурларда чоң-ата, чоң-энелеринин карамагына, же студент курактагы балдар, кыздарынын кароосуна калтырып, өздөрү башка өлкөлөргө жумуш иштөөгө кетишкендиктен, ал эми көпчүлүк мектептерде мугалимдерибиз, биздин агайлар жана эжейлерибиз да өз кызматтык милдеттерине көбүнесе салкын мамиле жасашып, алар тарабынан мекенчилдик, чынчылдык, гумандуулук сыяктуу идеологияга багытоо иштери тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөй, натыйжада жаш өспүрүмдөрдүн арасында криминалдык чөйрөнүн “жапайы” тартиптери үстөмдүк кылган фактылар болуп келүүдө. Ал эми, телекөрсөтүүлөр аркылуу көрсөтүлүп жаткан адам өлтүрүүлөрдү, агрессияны, каракчылыкты, тоноочулукту, мыкаачылыкты, күчтүүлөр тарабынан алсыздарга зордук-зомбулук көрсөтүү, сойкулук сыяктуу мыйзамга жат эпизотторду камтыган кинофильмдер, соода түйүндөрүндө эч бир көзөмөлсүз сатылып жаткан ДВД дисктер да өспүрүмдөрдүн психологиясына эбегейсиз оор зыян келтирүүдө. Ошондон улам, түрдүү кылмыштарды жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылып, абакта олтурушкан өспүрумдөр да жок эмес.

Компьютердик клубдарда өспүрүмдөр арасында өзгөчө кызыгууларды пайда кылган 87 ар түрдүү компьютердик оюндарга адисттер тарабынан анализ-тест жүргүзүлгөндө:

·аталган 87 оюндун 48 түрү, же 55 % адам өлтүрүүнүн түрдүү жолдору менен байланышкан оюндар экендиги;

·34 оюндар (39,2%) мушташуулардын түрлөрүн, зордук зомбулуктарды камтыган оюндар экендиги;

·ал эми калган 5 оюн (4,8%) көп сандаган адамдардын өлүмүнө алып келген авто унаалардын жарышы же түрдүү техногендик кырсыктар жөнүндө экендиги аныкталган.

Андыктан, биздин областтын аймагындагы компьютердик клубдарда да так ошол эле, же ошол сыяктуу оюндар жаш өспүрүмдөр тарабынан аябагандай кызыгуу менен ойнолуп, анын кесепетинен көпчүлүк жеткинчектер ошол оюндардагы каармандардын образына кирүүгө умтулуусу толук мүмкүн экендигинде эч кандай шек жок.

Базар-Коргон районун Кызыл-Үңкүр айыл округундагы Ташиев атындагы орто мектептин окуучулары ортосунда жүз берген, өспүрүмдүн өлүмүнө алып келген зомбулук көрсөтүү фактысы, Жалал-Абад шаарындагы “Спутник” кичи районунда 10-сентябрь күнү катталган № 9 орто мектептин окуучулары, Коммерциялык колледждин жана Жалал-Абад мамлекеттик Университетинин студенттеринин арасындагы, травматикалык тапанча колдонулган массалык мушташуу, Сузак районунун Октябрь айылындагы 2012-жылдын апрель- май айларында болгон өспүрүмдөр арасындагы мушташуулар, Сузак районунун Сымкат айылындагы Тажибаев атындагы орто мектептин 10 жана 11 -классынын окуучулары арасындагы мушташуу фактылар, 2012-жылдын 11-июнь күнү Таш-Көмүр шаарында жашы жете элек өспүрүмдөр ээлери уктап жаткан үйгө терезеси аркылуу киришип, үй ээсин себепсиз ур-токмокко алышып өлтурушүп, ал эми анын жубайына зобулук көрсөткөн фактылар, ошондой эле, кечээ 25-февраль күнү Токтогул районунун Кара-Күнгөй айылындагы Жаманкулов атындагы орто мектептин 10-классынын окуучусу, ошол эле мектептин 9-классынын окуучусун, айылдагы маданият үйүнүн артына алып барып, эч себепсиз уруп, колундагы бычак менен далыга сайып, денесине жарат келтирген фактылар менин айткан сөздөрүмдү толук далилдеп турат.

Эң өкүнүчтүүсү, мындай зордук-зомбулук, кордук көрсөтүү фактылар эркек балдардын гана эмес, кыздардын арасында да жүз берип жаткандыгында. Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын башында, Токтогул районунун Токтогул жана Бөкөнбаев атындагы орто мектептеринин окуучу кыздарынын ортосундагы мушташуу фактысы мындай көрүнүштөрдүн болуп келе жаткандыгын ачык-айкын айгинелеп турат.

Мындай фактыларга жол берилип, ошол фактыларды толук аныктоо, керектүү документтерди, далилдерди чогултуу жана күнөөлүүлөрдү жазага тартуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө милиция кызматкерлерине көмөктөшүүнүн ордуна, айрым мектептердин директорлору жана педогогикалык коллективдери өспүрүмдөр арасындага болгон рекетчилик, опузалап талап кылуу, уруп-согуу жана башка ушул сыяктуу фактыларды жаап жашырышкан фактылар да болуп, ал фактылар жөнүндө ички иштер органдарынын кызматкерлерине жана коомчулукка арадан көп убакыт өткөндөн кийин гана маалым болууда.

Жүз берген кылмыштарды жаап жашыруу, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 339- беренесинин негизинде кылмыш болуп эсептелет жана мындай ишке барган мамлекетибиздин ар бир жараны, ошол мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын окурмандарга эскертип кетким келет.

Ушул жерде олтурган ар бирибизди, бүткүл коомчулукту түйшүккө салуучу дагы бир жагдай, бул – кароосуз калып, селсаяк жүргөн өспүрүмдөр, тилемчилик, мектеп жашындагы өспүрүмдөрдүн жумуш иштөөгө, сойкулукка мажбурлап акча табуу сыяктуу фактылар.

2012 – жылда жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралар учурунда 929 селсаяк болуп жүргөн өспүрүмдөр, 27 спирттик ичимдиктерди ичип жүргөн, 2 бангизаттарды колдонушкан, 34 тилемчилик менен алектенген өспүрүмдөр аныкталып, аларга карата тиешелүү чаралар көрүлгөн. Жылдан-жылга жаш өспүрүмдөр арасында динге берилип, чыныгы Исламга ишенип, шариат, ыйман жолуна багыт алган өспүрүмдөрдүн көбөйүүсү - бул жакшы көрүнүш, жакшы жөрөлгө.Ошол эле учурда, чыныгы Ислам дининин, ыйык Курандын мыйзамдарына баш ийбей, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөгөн диний-экстремисттик уюмдардын идеяларынын өспүрүмдөр арасында таралуу фактылары да кездешип келүүдө. Буга мисал катары Кара-Көл шаарындагы “Энергетик” спорттук комплексиндеги күрөштүн грек-рим түрү боюнча тренер болуп эмгектенген атуул “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмдун активдүү мүчөсү болуп туруп, ошол секцияда машыккан өспүрүмдөрдү аталган экстремисттик уюмга кирүүгө үгүттөө иштерин жүргүзгөн. Жүргүзүлгөн оперативдик-ыкчам иш-чаралардын негизинде, 2012-жылдын 22-сентябрь күнү аталган диний-экстремисттик уюмдун үгүттөө үчүн даярдалган материалдарын таратып жатышкан, Кара-Көл шаарындагы Фрунзе атындагы орто мектептин 10-11-класстарынын окуучулары кармалышып, текшерүү учурунда алар өздөрүнүн спорттук машыктыруучусу “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмуна берилгендиги тууралуу ант берүүгө мажбурлаганын билдиришкен. Учурда, бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Өтө оор жыйынтыктарга алып келүүсү мүмкүн болгон көйгөйлөрдүн катарына – түрдүү улуттардын жаш өспүрүмдөрдүн арасындагы өз ара пикир келишпестиктер жана массалык түрдөгү мушташууларды кошууга болот.2010-жылдын июнь айында болуп өткөн каргашалуу окуялардан улам, учурда түрдүү улутардын өспүрүмдөр арасындагы ар бир пикир келишпестиктер жана чыр-чатактар улуттар аралык мамилелердин курчуп кетүүсүнө алып келүү коркунучу бар экенигин жаап-жашырууга эч кандай кажет жок. Тетирисинче, бул нерсеге өзгөчө көңүл буруу менен, тиешелүү алдын-алуу иш-чараларын жүргүзсөк – биз, областыбызда жашап жаткан көп сандаган улуттардын достугун, бир-туугандык мамилесин чыңдоого сезилээрлик салым кошкон болобуз. Буга далил катарында 2012-жылдын 9-май күнү Жалал-Абад шаарынын курорт аймагында өзбек жана кыргыз улутундагы мектеп окуучуларынын ортосундагы мушташууну атаса болот. 21-кылымдагы адам баласынын ден-соолугуна, улуттун генефондуна олуттуу оор зыян келтирип жаткан илдет – бул бангичилик. Тилекке каршы, “бангичилик” аталыштагы сазга чөгүп жаткандардын саны да жылдан жылга көбөйүп келүүдө.

Коомчулуктун көңүлүн буруп, белгилей кетейин деген жагдайлардын бири – бул өспүрүмдөр арасындагы социалдык тең салмактуулуктун сакталбай, алардын бөлүнүп жарылуулары!

Мектеп окуучулары арасында уюштурулуп жаткан туулган күндөрдү жана башка майрамдарды кафе ресторандарда белгилөө, аларга кымбат баалуу кийимдерди, чөнтөк телефондорду сатып берүү жана башка ушул сыяктуу мүмкүнчүлуктөр бардык эле ата-энелердин колунан келе бербейт. Ошондуктан, мындай мүмкүнчүлүккө ээ болгон ата-энелердин балдары, өздөрүн башкалардын арасында жогору көрүшүп, классташтарын гана эмес, жупунураак кийинген мугалимдерди да теңсинбей жаткан жагдайлар көп эле жолугуп келүүдө. Шаардагы көпчүлүк мектептерде айыл жергесинен каражат таап үй-бүлөсүн багуу үчүн келген ата-энелердин балдары да окушат. Андан сырткары, атайын орто билим берүү жана жогорку окуу жайларында да айыл жергесинен келишип билим алып жаткандардын саны көпчүлүктү түзөт. Өспүрүмдөр чөйрөсүндө, мындайлар “мырк” деген, ал эми акыркы учурларда “кычан” деген каймана аттар менен аталышып, алар өз тең-туштарынын арасында ыңгайсыз абалда болуп жаткандыгы, ал эми бул көрүнүштөргө коомчулук тарабынан тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай жаткандыгы көңүлдү иренжитпей койбойт. Азыркы мезгилде, унаа каражаттарынын саны кескин өсүп, аны менен бир эле паралелде жол транспорт кырсыктарынын саны жана ошол каргашалуу себептердин кесепетинен жаш өспүрүмдөрдүн арасындагы жоготууларды жана травматизмди да баса белгилеп кетким келет.

Статистикалык маалыматтар боюнча, 2011-жыл ичинде жашы жете элек өспүрүмдөрдүн катышуусу менен 124 жол транспорт кырсыктар катталып, алардын кесепетинен 33 өспүрүм каза болушуп, ­­­135 бала денелерине жарат алышкан. 2012-жылдын жыйынтыгы менен, өспүрүмдөрдүн катышуусунда жүз берген жол транспорт кырсыктарынын жалпы саны 140 түзүп, натыйжада 20 жаш өспүрүмдөр каза болушуп, 153 жеткинчектер денелерине жарат алышып, айрымдары майып болуп калышкан.Ал эми, үстүбүздөгү жылдын январь айында 6 жолу мындай кырсыктар катталып, анын кесепетинен 8 өспүрүм денелерине ар кандай жарат алышкан.Бул фактылардын болуусуна себептерди айдоочулардын жоопкерчиликсиз кайдыгер мамилеси менен бир катарда, жер-жерлерде жол белгилеринин, жөө жургүнчүлөр өтүүчү жайлардын белгиленбегендиги, унаалардын ылдамдыгын азайтуу максатындагы тосмолордун жоктугу, ата-энелер, мектептердеги мугалимдер, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын жана жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери тарабынан өспүрүмдөр арасында жол кыймылынын эрежелерин сактоого үйрөтүү жаатында жүргүзүлуп жаткан иш-чаралардын кескин жетишсиздигинен да байкоого болот.

Бул көйгөйлүү маселелерди чечүү ар бирибиздин эң жогорку деңгээлдеги негизги милдетибиз, себеби мен жогоруда белгилеп кеткендей, мамлекетибиздин эртеңки келечеги-бүгүнкү кичинекей жеткинчектер жана өспүрүмдөрдүн колунда.

Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилигинин демилгеси менен, өздүк курамдын өз кызматтык милдеттерин аткарууда жол берилген катаачылыктарын аныктап, аларды жоюу жана болтурбоо максатында, ошондой эле жасалган жана жасоого даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндө элден маалыматтарды чогултуу жолу менен кылмыштуулуктун алдын-алуу максатында, учурда областтын ар бир шаарларынын, райондорунун мамлекеттик администрацияларынын имараттарынын дубалдарына, ошондой эле жер-жерлердеги 64 айыл округдардын имараттарынын дубалдарына атайын даярдалган “ишеним кутучалары” орнотулууда. Бул кутучаларды орнотуу иштери үстүбүздөгү жылдын март айынын 10 числосуна карата толук бүткөрүлөт. Ошондуктан, бул багыттар боюнча да активдүү кызматташууну сиздерге сунуштап, суранып кетемин.

Мен жогоруда айтып кеткендей, элибиздин тынчтыгын, бейпил турмушун, улуттар аралык достугун жана биримдигин камсыздоо, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка каршы күрөшүп, аны болтурбоодо, милиция кызматкерлери сиздердин колдооңуздарга жанакоомчулуктун жардамына муктаж, себеби биз эл менен биргеликте гана бул оор жана түйшүктүү милдеттерди өз деңгээлинде аткара алабыз.

 Ал эми, мен Башкармалыктын жетекчиси катары, элдерден келип түшкөн ар бир маалыматты, ой-пикирлериңиздерди жана сунуштарды өз убагында карап, алар боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүнү уюштурууну жана көзөмөлдөөнү, ошондой эле бизге, жалпы кылмыштуулукка, ошондой эле өспүрумдөр арасындагы кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана коомдук тартипти сактоодо жакындан жардам берген атуулдардын эмгегин баалап, аларга тиешелүү сыйлыктарды өз убагында берүүнү өз жоопкерчилигиме жана жеке козөмөлүмө аламын.

Областтык масштабда жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, тартип бузуулардын, тилемчиликтин, бангиликтин, кароосуз калуулардын жана башка ушул сыяктуу коомдогу терс көрүнүштөрдүн алдын-алуу, профилактикалоо, ал эми мындай категорияга кирген өспүрүмдөрдү аныктап, алардын үстүнөн тиешелүү тарбия жаатындагы иш-чараларды жүргүзүү максатында атайын иш-мерчемдерди иштеп чыгып, областтык ички иштер органдары, шаар-райондук администрациялар, жер-жерлердеги өзүн-өзү башкаруу органдары, педагогикалык мекемелер жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте, атайын комплекстүү профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүнү, ошондой эле бул иш-чараларга бардык коомдук уюмдардын, аксакалдар сотторунун, аялдар кеңештеринин, бейөкмөт уюмдардын, эл-аралык мекемелердин өкүлдөрүн жана массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлерин активдүү катышуусуна шарт түзүп берүүнү, ал эми мындай иш-чараларды, атайын түзүлгөн график боюнча ар бир шаар жана райондордо системалык түрдө жүргүзуп турууну Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Жалал-Абад областтык ыйгарымдуу өкүлчүлүгүнө, сунуштаймын.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×